Оштун Кара-Суу районуна караштуу Баш-Булак айылында 36 бөлмөлүү көп кабаттуу үй курулууда. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын каржылоосу менен курулуп жаткан үйдүн 60 пайызы бүттү. Бул үйдөгү батирлер Катта-Талдык айылдык өкмөтүндөгү жакыр жашаган көп балалуу үй-бүлөлөргө бериле турганын аталган айыл өкмөттүн башчысы Кантөрө Жантөрөев билдирди. Үй алуучулардын тизмеси такталып, ал үй-бүлөлөр үйдүн курулушуна жардам берип жатканы айтылды. Имарат ноябрь айында пайдаланууга берилери күтүлүүдө.