Кытайдын Кашкар шаарындагы «Guangzhou new city» базарынан Ош облусунун ишкерлери үчүн соода орундары берилди. Аталган жайда соодагерлер Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды сатышат.
Обладминистрациянын маалымат кызматы билдиргендей, соода аянтынан сырткары «Guangzhou new city» компаниясы тарабынан Ош облусунун ишкерлери үчүн Кашкар шаарында атайын заманбап, талапка жооп бере турган жабдыктары менен кеңсе бөлүнүп берилди. Бул иштер Ош облусу менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык карым-катнаштарды жакшыртуу максатында жасалып жатканы айтылды.
Айта кетсек, 3 жылга акысыз берилген соода кылуучу жайдын аянты 300 чарчы метрди түзгөн.