18-сентябрда Ош аэропортунан ажылык сапарга бара турган биринчи топ узатылды. Бул жылдагы ажылык сапарга Ош облусу боюнча 833 адам жөнөп кетти. Быйылкы ажылык сапардын биринчи тобу түзүлүп, Меккеге сапар алышты. Ош шаардык казыятынын маалыматы боюнча, ажылык сапардын наркы 2300 долларды түздү.