«БҮРКҮТ» МОБИЛДҮҮ ОТРЯДЫНЫН КОМАНДИРИ КАЗА БОЛДУ

14-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын «Бүркүт» мобилдүү отрядынын командири Абдырасул Пусуров жол кырсыгынан каза тапты. Кырсык шаардагы Гапар Айтиев көчөсүндө эки автоунаанын кагылышуусунун негизинде болуп, Абдырасул Пусуров окуя болгон жерден каза тапты. Кырсыкка катыштыгы бар Кара-Суу районунун тургуну Ю.И. аттуу жаран учурда убактылуу кармоочу жайда. Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын инспектору Замир Сыдыков маалымдагандай, маркум 1969-жылы Араван районунда туулган, 44 жашында дүйнө салды. Артында жубайы, 2 уул, 1 кызы калды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Eliza83
2013-09-23 17:20:18
Жаткан жери жайлуу болсун...окунучтуу...
0
Aruuzat_19
2013-09-24 10:17:13
ииий окунучтуу, сабыр кылыныздар туугандары.... балдары менен келинчегине эн оор кундор келет эми.... жаткан жери жайлуу болсун...
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан