Ош мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети Орусияга барып иштеп келүүнү каалаган жарандар үчүн акысыз окутуу курсун ачууда. Чет өлкөгө чыга турган жарандарга укуктук жактан кеп-кеңеш берилип, орус тили окутулат. Комитеттин жетектөөчү адиси Медер Абдыманаповдун берген маалыматында, долбоор 2 айга созулуп, 25 адам окутулат, билим алуучулардын жашына чектөө коюлбайт.