«Көр тириликтин айынан кырчындай уулдарыбыз чет өлкөгө кетип, кайтпай калып жатат»,- деп кеңсебизге Жолдубай мырза кайрылды. Биз кеп кылчу жигит Эркинбек Жамангулов Нарындан чыккан чыгаан улакчылардын бири болчу. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жолдубай Сүйүнбаев айтып берди.
«ШАМАЛ МЕНЕН ЖАРЫШКАН УЛАКЧЫ ЭЛЕ»
– Эркинбек 19 жашында улуттук ат оюндары боюнча Республикалык 1-спартакиадада көк бөрүдө мыкты оюн жаратып, эл оозуна алынып калган эле. Ат жалында шамалдай ойноп, элге укмуш оюн көрсөткөндөрдүн катарында жүргөн улакчы болчу. Акыркы жолугуп сырдашканда «Орусиядан келгенден кийин айылдын балдарын колдон келишинче көтөрөбүз» деп бир топ жакшы максаттарды пландап коштошконбуз.
Орусиянын Тула шаарына иштегени кеткен. Үйлөнгөнүнө деле эки-үч жылдай болуп калса керек эле. Окуя 2013-жылдын 31-июлунда болгон. Ошол каргашалуу күнү Кыргызстандан Эркинбектин Самат деген тууганы Тулага барып калат. Меймандос, ак жүрөк жаны тууганын коноктомокко жанында иштеген эки кыргыз жигитти ээрчитип, төртөө кафеге барышат. Ошол жерден орус балдар тийишип, ар кайсы сөздөрдү айтышат. Намыстанып биздин төрт бала да сес көрсөтүп, натыйжада чоң жаңжал чыгып кетет. Эркинбекти бири ошол кафенин өрт коопсуздугунан коргоочу щитте тагылып турган темир менен чаап салыптыр. Башынан оор жаракат алган Эркинбек каза табат, ал эми берки балдар да жабыркап, бири ооруканага түшөт.
Эркинбекти өлтүргөн адам азыр абакта, териштирүү иштери жүрүп жатат дейт. Эми мөөнөтүнөн эрте бошоттуруп жибербей, элчиликтин кийлигишүүсү менен Орусиянын тиешелүү органдары өз жазасын берет деген ишеничте турабыз.
«БИР АЗ КҮНДӨ КОЛУКТУСУНА МОСКВАГА КЕТМЕК»
– Колуктусу Толкун да Москва шаарында иштечү. Туладагы жумуштарын бүтүрүп, ал жакта иштеген теңтуштары менен коштошуп, жакында колуктусунун жанына бармак экен. Жок дегенде эле артында туяк калса эмне деп арман кылып жатабыз. Балалуу боло элек болчу.
Канчалаган кыргыз жарандарыбыз кырсык басып, чет өлкөлөрдөн өлүм таап жатышат. Анан калса алардын сөөгүн алып келиш дагы көптөгөн кыйынчылыктарга турат. Бул жерде элчиликтин ишмердүүлүгү өтө чоң мааниге ээ деп эсептейм. Дагы жакшы, Эркинбектин ага-туугандары, достору, теңтуштары бар экен. Бишкектеги бир агасы 40 000 сом жумшады, сөөк алып келүүгө. Андан сырткары бул жактан да балдар 25 000дей каражат топтоп, баш-аягы 65 000 сомдун тегерегиндеги акчага аба каттамы аркылуу алынып келинип, туулган жери Жалгыз-Терек айылына коюлду. Артында эли, теңтуштары, жубайы сыздап кала бердик.
Жалпы эле жаштарга чет жер, бөтөн элде этияттап, артымдагы туугандарымды, мекенимди кайра кайрылып көрсөм экен деген тилек менен абайлап жүргүлөчү дээр элем.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg