БЕЛГИЛҮҮЛӨРДҮН БААЛУУ БУЮМДАРЫ

Жаштыктын, убакыттын, буюмдун деги койчу, бардык нерсенин өз баасы болот эмеспи. Анын сыңарындай, биздин ырчыларды курчап турган буюмдарынын арасында да эч бир баага сатылгыс буюмдары бар.


Динара кымбат зер буюмдарын издейт

Жылдыздуу ырчыбыз Динаранын баалуу буюму – кыргыздын оймо-чиймеси түшүрүлгөн илгерки зер буюмдар. Күмүштөн жасалган сөйкө, шакек, моюнга тагылган чынжырча, билерик, топчу, чачпак. Бул белекти ырчыга Нарындан 102 жашка чыккан апа берген. Апа “Динара кызыма берем” деп жүрүп каза болуп калгандыктан, керээзин кызы аткарып, белекти ырчыга алып келип берген. Унга чыланып катылган бул топтомдор ырчынын баалуу белеги болчу. Мындан 5-6 жыл мурда ырчы гастролдо жүргөндө үйүн тоноп кетишкен. Ошондо Динара айым бул баалуу белегинен айрылган. “Азыр деле бул белегиме ичим ачышат. Мындай буюмду эч жерден таба албай жүрөм, эгерде уурдаган адамдар кайтарып берсе, сүйүнчү берип же сатып деле алмакмын”,- дейт ырчы.


Бильярдды мергенчиликке алмаштырган Бек

Сөзгө жок, обонго бай ырчы Бек Борбиев баалуу буюму катары Тигр-2 үлгүдөгү мылтыгын эсептейт. Бул эки жүз миң сомду чапчыган мылтыкты ырчыга агалары белекке берген. Белекти берерде алар “бильярддан да сырткаркы эс алуу бар. Ата-бабаларыбыз илгери мергенчилик менен оокат кылышкан. Сен дагы бул өнөрдү өздөштүрө бил” дешкен. Орусиядан алынып келинген бул мылтык учурда ырчынын үйүндө турат.


Алтын жалатылган саксофондун ээси Курмангазы

Өз ишинин чебери Курмангазы Азыкбаев Американын мурдагы президенти Жорж Буштун берген алтын жалатылган саксофонун эң кымбат буюм деп эсептейт. Баасы канча экенин деле билбейт. Андан кийинки кымбат буюму – үйүндө илинип турган комуздары. Музыканттын үйүндө жети комуз, босогосунда эки камчы, анан арча дайыма илинип турат. Үйүндө комузу болбогон кишини агай кыргыз деп эсептебейт. Агайдын үйүндө комуздун 10дон ашык түрү бар. Арасында өз колу менен жасаганы, электр тогуна улачуусу, жадакалса Америкада жасалган комузу да бар.


Күйөөсүнөн алтын өндүргөн Гүлзинат

Бизди азербайжандар менен куда кылган кызыбыз Гүлзинаттын баалуу буюмдары көп. Алардын ичинен жакында эле күйөөсүнөн алган белегин айта кетпесек болбойт. Быйыл 8-Мартта, 14-февраль Сүйүшкөндөр күнүндө күйөөсү белек бербей калган. Бул кетирген катасы үчүн ырчыга жолдошу сапфир ташы менен кооздолгон алтын сөйкө, шакек, билерик, чынжырчаны кулончиги менен алып берген. 1700 долларлык бул белек үчүн ырчы жолдошуна ыраазычылыгын дагы деле билдирип бүтө элек.


Микаэлдин тиши күнгө чагылышат

Элдин баалуу буюмдары үйүндө же колунда болсо, бул ырчынын баалуу деген буюму оозунда жүрөт. «Оозунда кантип?» деп таң калбай эле койсоңуз болот. Анткени ырчынын маңдайкы тиши бриллиант менен капталган. Ырчы муну батыш ырчыларындай өзгөчө стилде жүрүү үчүн жасаткан. Канчалык кызыкканыбыз менен, Микаэль кымбат тишин канча суммага жасатканын айткысы келген жок.


Аселдин бриллианты балкондон табылып...

Тынчы жок Асел Турдалиеванын баалуу буюму бриллиант, изумруд таштары чөгөрүлүп, алтындан жасалган зер топтому. Бул белекти ырчыга жакын адамы Орусиядан алып келген. Муну ырчы «ийгилик алып келсин» деп ырымдап дайыма тагынат. Бир жолу бул баалуу белегин ырчы жоготуп алып, эки жылдан кийин тапкан. Ырчы жаңы үй алып, көчөрдө жардамдашууга келген студент кыз балконду жыйыштырып жатып таап берген. Бул белектин баасы аябай кымбат болгондуктан, Асел айым акчасын айткандан баш тартты.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 355, 21-27-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан