БОРБОРДУК БАЗАРДАГЫ АЗЫК-ТҮЛҮКТӨР ТЕКШЕРИЛДИ

17-сентябрда Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында сатыкта турган азык-түлүктөр текшерилди. Алардын санитардык абалын, чыгарылган мөөнөтүн жана патенттерин атайын түзүлгөн комиссия кароодон өткөрдү. Айрым сатуучулар­дын санитардык китепчеси жок болуп чыкса, жаш балдарга берилчү тамак-аштардын сактоо мөө­нөтү өтүп кеткендигине карабай сатып жаткандар кармалганын ба­зардын санитардык кызматкери Анархан Режевалиева билдирди.
«Эт саткан соодагерлердин санитардык китепчелери бар болчу. Бирок алар отурган базардан өрт чыкканда китепчелери жана башка документтери кошо күйүп кетиптир. Антсе да тазалыкты сактоо үчүн эттин үстүнө аба өтүп туруучу материал жаап койгула деп талап коём»,- дейт ал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aisuluu7
2013-09-23 10:02:23
Кандайдыр бир себеп болгондо гана текшерип тим болбостон, дайыма козомолго алып турушса жакшы болмок го!
0
mahabat.
2013-09-24 22:26:20
ар бир базарды.ар бир куну текшериш керек
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан