СТУДЕНТТЕР СТИПЕНДИЯСЫЗ КАЛЫШТЫ

Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумунун имараты быйыл оңдоп-түзөөсүз, ал эми студенттери стипендиясыз калышты. Себеби техникумдун быйылкы ушул багыттагы чыгымдары үчүн шаардык бюджеттен каражат каралган эмес. Бул тууралуу 17-сентябрда техникумдун директору Абжалил Таштанов билдирди.
Анын айтымында, шаардык кеңештин депутаттары бюджетти бекитип жатканда техникумдун бюджети каралып, бирок керектүү каражаттар тиркемеге киргизилбей калган. «Оңдоо үчүн зарыл болгон 250 миң сом, капиталдык оңдоого бөлүнгөн 578 миң сом, студенттерге стипендия үчүн 150 миң сом берилбей турган болду. Буга чейин техникум дайыма шаар бюджетинин эсебинен толугу менен каржыланып турчу»,- дейт жетекчи. Жаан жааганда имараттын чатырынан суу өтөт. Ошондой эле окуу жайдын китепканасы авариялык абалда, полдору чириген, жылуулук берүү системи каралган эмес. Учурда бюджеттен каражат бөлдүрүү үчүн аракеттер жасалууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
uluk1982
2013-09-23 09:51:17
ой тооба ушу стипендияга тийбей эле койсонор болмок!
0
mars86
2013-09-23 16:04:46
эми ошол эле калды эле
0
PROS
2013-09-23 16:51:37
Кимдин-кимдин заманы, Атамбайдын заманы болуп калды го, аттиң((((
+1
jazy
2013-09-28 21:51:34
чоондордун курсагына жетпей жататко качан эканомика которулот бир кудай билет карапайым элдерчет жерлерде иштеп эптеп кун откоруп журобуз балдарыбыздын келечеги кандай болот элди ойлогон бир инсан жоок бийликте
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан