Баткен шаарында 23-сентябрдан 28-сентябрга чейин «Өз кан басымыңды билип ал» деген ураан менен акция өткөрүлөт. Бул иш- чара Жүрөк ооруларынын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулууда. Акциянын алкагында бир жума бою үй-бүлөлүк медициналык борборлордо Ачык эшик күндөрү өткөрүлүп, жүрөк оорулары менен жабыркагандарга акысыз текшерүүлөр, кеп-кеңештер берилмекчи.