Акыркы кезде Кадамжайдагы сурьма комбинатынын төлөнбөгөн карыздары көбөйгөнү, жумушчулардын санынын кескин азайып баратканы айтылып келет. Сурьма өндүрүү да басаңдап бара жатканы белгилүү.
Аталган комбинаттын жумушчулары жакында айлык акыны көтөрүү талабы менен ишкана жетекчилигине кайрылышкан. Эгер ал аткарылбаса, массалык түрдө иш ташташарын эскертишүүдө. Комбинаттын жумушчулары 7-9 миң сомдун тегерегинде маяна алышат. Учурда жумушчуларды ишкана жетекчиси кабыл алып, бул маселе ушул жумада чечилерин билдирген. Учурда аны казакстандык инвесторлор пайдаланып, иштетип келишет. Азырынча бул маселе козголо элек.
75 жылдан бери иштеп келе жаткан Кадамжайдагы сурьма комбинаты Союз убагында дүйнөдө алдыңкы орундагы ишканалардын катарында турган. Кадамжайдын сурьмасы 1967-жылы Лондондогу Эл аралык биржа тарабынан мыкты деп табылган.