103 ЖАШТАГЫ ЭНЕ АРАБАЛУУ БОЛДУ

Кадамжай районунун Халмион айыл өк­мөтүнүн Ноогардан айылынын тургуну Каримова Гүлсана эне 103кө чыкты. Анын 4 кызы, 2 уулу, 35 небере, 86 чөбөрө, 19 кыбырасы бар.
Ноогардан айылынын тургундары карылыкка моюн сунган Гүлсана энеге жардам берүү сунушу менен райондук администрацияга кайрылышкан. Райадминистрация бул демилгени колдоп, райондук социалдык өнүгүү башкармасы аркылуу Гүлсана энени арабалуу кылышты. Тактап айтканда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасын алып беришти. Гүлсана эне колдоого кубанып, «менин жашымдан силерге да Кудайым берсин» деп тилеген катын жолдоду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Kg.lady
2013-09-23 11:36:31
Халмион,Ноогардан озгочо аттарго,эмне маанини берет болду экен?
0
nelli
2013-09-23 20:39:20
Ой менин районум го)))
0
AFRODITA-89
2013-09-23 21:36:19
Ушундай жаштан биздин энелерге жана апаларга берсин.
0
malika80
2013-09-24 00:12:13
Баардык ата энелерге ушундай жаш берсин жараткан эгем
0
aybekerlan
2013-09-24 11:59:45
4 кыз менен 2 уул деле 70-80 жаштарда, 35 небере өздөрү эле алып берсе болмок да.
0
sara90
2013-09-24 15:50:44
aybekerlan,
tyyra aitasyn ozdory ele alup berse bolmok eken....
0
azamat.k
2013-09-26 18:02:18
Халмион айылында мен турам азыр.Ноогордан деп да угуп калат элем,корсо ал да айыл экен.Анан да Ноогордан жана Баяман баатыр оптовый базары бар,орто азия боюнча эн чон базар Дордойдон кийинки.
0
Chtc
2013-09-27 16:19:48
Мындай жашка жеткен карыларыбыз аз эле.Мамлекеттен бир аз болсо да көңүл бөлүнүп жакшы болуптур.
0
ms.nazima
2013-10-02 21:37:29
dordoidon kiyin Karasuu bazary turat adawpagyla
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан