Зордуктоого шектелип Токмок шаарынын 29 жаштагы тургуну кармалды. Бишкек шаарынын 38 жаштагы Т.А. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, өзүнө карата күч колдонуп зордуктаган белгисиз жигитке чара көрүүлөрүн суранган. Бул фактынын негизинде Токмок ШИИБинин тергөө бөлүмү «зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Белгилүү болгондой, 12-сентябрда таңкы саат 5тер чамасында жабыр тарткан аял Бишкек шаарынын Чыгыш автобекетинде үйүнө баруу үчүн автобус күтүп турганда жанына машина токтоп, ичиндеги белгисиз эркек ага үйүнө жеткирип коюуну сунуштаган. Макул болгон аялды машинасына салган айдоочу Токмокту көздөй жөнөгөн. Шаардагы үйлөрдүн бирине алып барып, аялды зордуктап салган. Көп өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 29 жаштагы Ж.Э. аттуу жергиликтүү тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.