Сокулук районунда зордуктаганга шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Чүй ОИИББинин билдиришинче, 14-сентябрда кылмыш болгону тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Сокулук районунун тургуну арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 17:30дар чамасында 1-Май айылындагы май куюучу жайга жакын жерде Айбек деген чала тааныш жигит аны күч колдонуп зордуктаганын билдирген.
Бул факт боюнча Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү «зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Оперативдүү издөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектелип 26 жаштагы Б.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалды. Учурда иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.