Бишкек шаарынын тургунун бычак менен коркутуп автоунаасын алып кеткенге шектүүлөр колго түшүрүлдү. Борбор калаанын 20 жаштагы Арууке аттуу тургуну милицияга кайрылып, 35-40 жаштардагы белгисиз эки киши үйүнө кирип күйөөсүн сабап, бычак менен коркутуп Опель Вектра үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алып белгисиз тарапка кетишкенин билдирген.
Кылмыштын изи сууй электе Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 39 жаштагы М.Нурдин жана 24 жаштагы М.Жаркынбек кармалышты. Учурда иликтөө жүрүп жатат.