Бишкек шаарында «ээнбаштык кылып, МАИ кызматкеринин жакасын айрыган» деп шектелген жигиттер кармалышты. Бишкек ШИИББинин 16-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда, кызматын өтөп жаткан инспекторлор Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Айдоочу өтө мас болгондуктан, МАИ кызматкерлери мас экенин ырастоо үчүн аны Наркологиялык борборго алып бармакчы болушкан. Ошол убакта жанына Лексус автоунаасы токтоп, ичинен 20-25 жаштардагы 5 жигит чыгып, кызматтык автоунаанын кетүүсүнө тоскоолдук кылышкан. Бири кызматтык автоунаанын капотуна чыгып алса, дагы бири МАИ кызматкерлеринин биринин жакасын жыртып салган.
Милиция кызматкерлери тарабынан 24 жаштардагы Н.Бахридин, Н.Абдрасул, 29 жаштагы К.Шайырбек, 23 жаштардагы Н.Адылбек жана Н.Абыт кармалып, Свердлов РИИБине жеткирилишкен. Учурда иликтөө жүрүүдө.