ТӨӨ-АШУУДАГЫ ТОННЕЛГЕ ЖАРЫЛУУЧУ ЗАТТЫН МУЛЯЖЫН ТАШТАГАН

Жайыл РИИБинин Жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Төө-Ашуудагы тоннелге жарылуучу заттын муляжын таштаган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди. 10-сентябрда саат 14:40 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө тоннелди кайтарган нөөмөттөгү милиция кызматкери тарабынан зор маанидеги стратегиялык объект эсептелген Төө-Ашуу ашуусундагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде колго жасалган жарылуучу заттын муляжы бар көк түстөгү баштык табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан сырткары ал шектүү баштык Хонда Степвагон автоунаасындагы белгисиз адамдар тарабынан ташталганын маалымдаган.
Көп өтпөй Сосновка айылындагы посттон Жайыл РИИБинин кызматкерлери тарабынан аталган автоунаанын айдоочусу кармалып, Жайыл райондук УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
asy777
2013-09-23 17:54:36
Бул иштерди ким кылып жатат
+1
PROS
2013-09-23 22:01:22
Кызык... УКМК менен соттордон ыйман кеткен бейм?!
+1
doni89
2013-09-24 00:48:49
Бир гана ушул тундук туштукту бириктирип турган ушул тунел бар эми ушуну да коро албагандар чыгып жатат максаты мне болду кен бу лташтаган адамдын ?
+2
muxammet
2013-09-24 01:00:13
тундук туштукту бириктирген темир жол салуу керек
+1
Zhan.Choyubekov
2013-09-27 10:39:02
muxammet, темир жол болгон убагында,ошону оңдошсо да чоң иш
0
aslan_akjol89
2013-10-14 11:27:42
Эч ким таштабайт го менимче,бир болсо бул по типа иштеп жатабыз,мына результат деген иш.Болбосо СНБнын кезектеги рейди.
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан