АВАЗ АКИМОВ: «ЭЛ ЖАНДУУ КОНЦЕРТКЕ ЧАҢКАПТЫР»

Ырчылык кесипти аркалап, калың журтту жагымдуу кайрыктар менен сугарган ырчылар үчүн жеке концертин уюштуруу чоң той берген менен барабар. Сахна жасалгаларын даярдап, концерттик программаны майда-чүйдөсүнө чейин иштеп чыгыш да чоң мүшкүл эмеспи. Бирок мындай көрүнүш борбор калаабызда гана. Аймактарга барганда көп ырчылар кеченин жогорку деңгээлде өтүшүнө анча көңүл бурушпайт.
«Айганыш» деп ырдап таанылган Аваз Акимов бул нерсени эске алгандай. Ош, Жалал-Абад шаарларына коюлчу жеке концертин мыкты деңгээлде өткөрүп келиптир. «Мен алгачкы жолу бул шаарларга жеке концертимди бердим. Тыным албай даярданып жүрүп уюштурган кечемдин жыйынтыгы көзүмө жаш тегерентти. Султан Садыралиев, Гүлжигит Калыков, Нурлан Насип, Чыңгыз Турдубеков, комузчу Закир сыяктуу досторум менен 3 саат аккордеон жана гитаранын коштоосунда жандуу ырдадык. Тамашанын сазайын Назира Жетигенова берип, ага кошо алып баруучулук милдетти катыра аткарды. Акырында көрүүчүлөр орундарынан туруп кол чаап сүрөгөндө дене боюм дүркүрөп, аябай сүрдөдүм. Себеби мындай болорун өзүм да күткөн эмесмин. Чындыгында, элибиз жандуу концертке чаңкап калыптыр. Аз да болсо чаңкоосун кандырганыма кубанып жатам»,- дейт Аваз. Мындан улам ырчынын табити ачылып калганбы, айтор, эми «асылсаң бийигине асыл» болуп борбор калаада концерт бергени камынып жүрөт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
maryam
2013-09-23 20:08:57
Азаматсын Аваз! Иштерине ийгилик!
0
N.Bakazova
2013-09-24 00:29:30
Ohoo da. Biyikke kachan ele asylyw kerek bolchu.
0
bunny89
2013-09-28 03:04:14
аваз молодец суйдурдунго мени))
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан