КЕРИМ ТУРАПОВго ШААР ТУРГУНДАРЫ ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?

«Көп батирлүү үй кыймылы» коомдук бирикмеси Бишкектеги Түштүк дарбаза тарапта жайгашкан бак-дарактар кыйылып, көп кабаттуу үй салуу үчүн курулуш иштери башталганын айтып чыкты. "Ал жер филармониянын мурунку жетекчиси Керим Тураповго тиешелүү" деп коомчулукка жар салып, митинг да уюштурушту. Ошол жерге жакын жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочулары тиешелүү органга арыз менен кайрылышкан. Жыйынтыгында курулушту улантууга уруксат берилген. Бул боюнча Керим Тураповго кайрылганыбызда, Эл артисти төмөндөгүлөргө токтолду:
– Ал жер 2007-жылы аукционго коюлуп, 10 000 000 сомго бааланган, 20 сотых жерди мен мыйзамдуу түрдө 30 пайыз арзандатуу менен сатып алгам. Ошондо шаардык кеңеште кол көтөрүп, жердин менчикке өтүшүн колдогон депутаттар азыр деле отурушат. Мага прокуратурадан 30 пайыздык арзандатуунун акчасын төлөө туурасында кагаз келди. Аны инвесторлор төлөп коюшту. Башкы архитектура менен мэриянын башкы планы боюнча, ал жерге көп кабаттуу үй тургузулушу керек экен. Ошондуктан мага "инвестор издеңиз" деген тапшырма беришкен. Инвестор тапкам. Алар канча кабаттуу үй курушат билбейм. Болгону, ал үйдүн 1-кабаты мага караштуу балдар үчүн мектеп болот. Калган кабаттагы батирлерди эмне кылышат, аны инвесторлор чечет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kolya121212
2013-09-24 18:05:29
андай болбош ерек. мага по... деп коюптур го
0
asil-08
2013-09-24 20:48:14
туурасын эле айтыптыр го эмнеге капа болушат
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан