Гезитибиздин өткөн санында "Супер сулуу" сынагынан финалга чыкпай калган бийкечтерди super.kg порталындагы колдонуучулардын сынына койгон элек. Добуш берүү бир жумага уланып, жыйынтыгы чыгарылды. 15 селкинин арасынан алдыга суурулуп үч бийкеч – Орункүл Шабралиева, Камилла Борчубаева, Кызжибек Куштарбекова чыгышты. Эми аты айтылган бийкечтер финалчылардын катарында декабрь айында өтчү Супер концертибизде "Супер сулуу" наамы үчүн ат салышат. Баш байге салтка айланып калгандай эле экзотикалык өлкөгө жолдомо. Анда ийгилик силерге, сулуулар!