Кыргыз шоу-бизнесине жаңы өң берген «02.14» тобун унута элек болушуңуз керек. Жаңыдан чыгып эл оозуна алынган соң тарап кетишкен эле. Мына, эми «Мен бийчи» фестивалында «02.14» тобу сахнадан кайра жарк этишти. Топтун мүчөсү Жаннат: "Ортодо жеке бизнестерибизди жолго салып алалы деп тыныгып калдык. Эми, буюрса, токтобой чыгармачылыкка катуу киришип иштейбиз",- дейт. "Don`t leave me" ыры менен жаштар арасында популярдуу болгон топ мындан ары күйөрмандарын күттүрбөй, жакшы ырларды чыгарат деп ишенебиз.