«Принцесса», «Бишкекская ночь» ырлары менен калың журтка таанылган «Дельмар» тобунун ырчысы Азат Раимбердиев бойдокчулук менен коштошту. Эки ай кыз-жигит доорун сүрүшкөн жаштар 14-сентябрда ага-тууган, достордун батасын алышып, үйлөнүү тоюн беришти. «Келинчегимдин аты – Маржан, казак кызы. Өзү тараздык болгону менен, Бишкекте чоңойгон, кыргыз тилин жакшы билет. Учурда Алматы шаарындагы камсыздандыруу компанияларынын биринде иштейт»,- деп билдирди ырчы. Эмне дейбиз, куш бооңор бек болсун, жаштар!