ИИМдин 10-башкармалыгы «Супер-Инфо» гезитинин расмий super.kg порталын «улут аралык кастыкты козуткан» деп айыптап жатат.
ОКУЯ КАНДАЙ ОРУН АЛДЫ?
Super.kg порталынын кызматкери социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан бир видеого көзү түшүп калып, ал жерде көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу сайттардын биринен көчүрүп, аны порталдын «Элдик видео» бөлүмүнө жүктөйт. Видеодо өзбек тектүү балдардын кыргыз балдарды ур-токмокко алып, каалашынча мазактап жатканы тартылган. Окуянын качан, кайсы жерде орун алганы, аны кимдер тартканы, кандай максатта интернет желесине жарыялаганы белгисиз. Албетте, милиция кызматы биринчи кезекте ушул суроолорго жооп табышы зарыл. Тартип сакчылары "Азаттыкка" берген комментарийинде «Видео мындан үч жыл мурун, Июнь окуясында тартылышы мүмкүн» деп жоромол кылып, оңоюна качырып жатышат. Балким ал окуя былтыр, балким бир ай мурун эле болгондур? Эми кыргыз-өзбек катышкан ар бир кылмышты Июнь окуясына алпарып чаптай беришеби? Анткени согуш баарын жууп кетет, согушка башка кылмыштарды да шылтап салса боло берет... ИИМде ушундай мамиле болуп жатабы?
Ал видеодо кыргыз жигиттерин кимдер кордогону, аны кимдер тартканы, алар табылышы мүмкүн же мүмкүн эместиги, же анын кандай максатта интернетке жайгаштырылыш фактысы ИИМдин тиешелүү кызматы тарабынан иликтелинип, эки элдин тирешүүсүн жоюу максатында коомчулукка жарыяланышы керек эле. Бизди таң калтырганы, ал видео алгач жүктөлгөн сайт, улам бир колдонуучу тарабынан «бөлүшүлүп» талкууга алынып жаткан интернеттеги социалдык тармактар эмес, ИИМдин көзүнө жалгыз Super.kg порталынын илингендиги болду. ИИМдин ММКларга таратылган маалыматында бул факты боюнча кылмыш иши козголгону жатканы айтылып, жалгыз гана Super.kg порталынын кызматкери ал видеонун таратуучусу катары көрсөтүлүүдө.
«ИТТИН ӨЛҮГҮ» КАЙ ЖЕРГЕ КӨМҮЛГӨН?
Бул окуя интернет-сайттардын ээлери менен байланыш операторлорунун тынчын кетирди. Эскерте кетсек, 2013-жылдын май айында «Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы иш алып баруу тууралуу» жана «Электрондук жана почталык байланышы жөнүндө» мыйзамдарга толуктоолор киргизилген. Бул толуктоолор интернетте экстремисттик жана террорчулук идеяларды тараткан окуялар көбөйүп кеткендигин айткан ИИМдин жарандардын жоопкерчилигин күчөтүү демилгесинен улам киргизилген. Эми Кыргызстандын укук коргоо органдары диний-экстремисттик жана улуттарды кайраштыруу фактыларына таяп интернет-сайттарды жаап сала алышат. Албетте, мамлекеттин коопсуздугу үчүн керектүү мыйзам. Бирок анын кайсы бир топтордун жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп кетүү, бирөөлөрдүн колундагы куралга айлануу коркунучу бар. Анткени мындай иштер мурунку бийликте болуп келген, эми деле болбойт деген кепилдик жок. Себеби Кыргызстан мамлекеттик органдардын кош стандарттуу мамилесинен арыла элек.
Мындай чочулоону медиа-эксперт Надежда Алишева да билдирди. Анын айтымында, бул мыйзамда чийки учурлар бар жана анын кесепетинен «кош стандарттуулук» орун алышы мүмкүн деген коркунуч жаралат. Мыйзамга киргизилген толуктоолор күч түзүмдөрүнө интернет-сайттардын маңызын текшерүүгө жана байланыш операторлорунун ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө жол ачат. Ток этери, бул мыйзам бийликке оппозициялык маанайдагы интернет-ресурстарды жабуу же кысым көрсөтүү үчүн курал болуп бериши толук мүмкүн.
Ал эми «Медиа-полис институту» коомдук фондунун директору Бегайым Усенова: «ИИМдин териштирүү иштерин бүтүрө электе гезитти айыптоого (ред. кеп «Супер-Инфо» гезити жана Super.kg порталы тууралуу) жетишкени мага түшүнүксүз болду. Ишти аягына чыгаргандан кийин гана пресс-релизди таратуу керек болчу. Гезитке карата жазуу түрүндө эскертүү берүү жетиштүү болмок. Мисалы, видеону чыгарган кызматкер анын үгүт же улут аралык кастыкты козутуу максатында экенин билбеши мүмкүн. Азыр канчалаган материалдар чыгып жатат жана бул улут аралык кастыкты козуткан материал деген так бир түшүнүк жок. Муну бир гана адистер айта алышат»,- деди.
Укук коргоо органдарынын ушундай иштеринен «Бакиевдин заманындагы ыкмалар жанданып баратабы?» деген күмөн жаралат. Атүгүл Өмүрбек Текебаев УКМКнын «оппозициянын иштерине байланыштуу» деп тараткан видеолорунан кийин «мындай жолдор менен эч качан жакшылыкка жетүүгө мүмкүн эмес» деп чыкты. Себеби башкы «ата мекенчи» укук коргоо органдарынын мындай ыплас жоруктарынан жабыркап көргөн. УКМКнын маскаралык түрдө ашкере болгон «Матрёшка-гейт» операциясы жалпы кыргызга белгилүү.
МУНУН БААРЫ ЭМНЕДЕН КАБАР БЕРЕТ?
ИИМдин биздин гезиттин расмий порталына карата мындай шашылыш, чалагайым мамилеси эксперттерди эле эмес, бизди да ойлондуруп койду. Бул гезитке карата кандайдыр кысымдын башталганыбы? Эгер чын эле басымдын башталганы болсо, аны биз төмөнкү иштер менен байланыштуу деп билебиз. Учурда гезитибиздин беттеринде бийликке да, оппозицияга жана башка саясий күчтөргө да орун берүү менен алардын үнүн элге жеткирүүдө көпүрө болуп жатабыз. Мисалга алсак, жакынкы учурда Ош шаарынын убактылуу башкаруучусу Мелис Мырзакматов, ЖКнын мурдагы депутаты Садыр Жапаров, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин маектери жарыяланган. Алардын ар биринде бийликке карата нааразылык учкундары бар эле.
ЭМНЕ ҮЧҮН SUPER.KG ГАНА ЖООПКЕР БОЛУП КАЛДЫ?
«Азаттыкка» берген маегинде ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев мындай суроого «Кыргызстанда Фейсбукка караганда super.kg сайтына адамдар көбүрөөк кирет» деп жооп берди. Демек, ИИМ чыныгы кылмышкерди эмес, катуу талкууну жараткан булакты жоопко тарткысы келеби? Ошондо super.kg порталынын айыбы – анын кызыктуулугунда, талкуу жаратуучу колдонуучуларынын санынын көптүгүндөбү?
Эльвира Караева, Калыс Мамбетов
koom@super.kg