Бир бүркүм... ЖАҢЫ АКЫЙКАТЧЫ ЭМКИ АПТАДА ТАНДАЛАТ...
Жыл башынан бери 87 адам сууга чөгүп каза болгонун ӨКМ кабарлады. Эң көбү Чүй облусунда 31 жана эң азы Ош облусунда 5 адам мындай кырсыктан каза тапкан.
Бишкектеги Улуттук китепканада 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясынын IV тому коомчулукка тааныштырылат.
ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина: «154 ок атуучу куралга ээлик кылган 58 эл өкүлү бар. Алардын ысымдары ачыкка чыгышы керек жана парламенттин ичинде курал алып жүрүүгө тыюу салынышы шарт»,- деди.
Өлкөнүн Кызыл китебине сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү, канаттуулардын 53 түрү жана балыктын 7 түрү киргизилип, өсүмдүктөрдүн дээрлик 83 пайызы атайын эсепке алынган.
Жогорку Кеңеш жаңы Акыйкатчыны 25-сентябрда шайлайт.
Бажы союзунун эксперттери Казакстанга Кыргызстандан сүт продукциясын ташып кирүүгө карата убактылуу чектөөнү 5 сүт иштетип чыгаруучу ишкана үчүн жойду.
«Ысык-Көл пароход транспортун башкаруу» мамлекеттик ишканасынын директору Таалайбек Мукашевдин айтымында, мекеме 2003-2010-жылдар аралыгында карыздан улам 9 чоң кемесинен куру жалак калган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков депутаттарды парламентте ачылган кыргыз тилин үйрөнүү боюнча сабактарга жазылууга чакырды.
Бишкек мэриясы 28-сентябрда өтүүчү шаардын 135 жылдыгын белгилөө үчүн 800 миң сом сарптайт. Стадиондогу чоң концертке орусиялык ырчы Максимдин келүүсү күтүлүүдө.
Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, өлкөдөгү жумушсуздардын 60 пайызын жаштар түзөт.
Өмүрбек Суваналиев жана Бегалы Наргозуев баштаган «Каршылык көрсөтүү кыймылы» түзүлүп, анын бет ачар аземи 18-сентябрда болуп өттү.
Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборунун модернизациясы үч жыл жүрүп, анда кубаттуулугу 150 мегаваттан турган 2 турбоагрегаттын орнотулушу пландалууда.
Быйылкы жылы 14,6 миллион долларды түзгөн саатына 373 миллион киловатт электр энергия экспорттолуп, кышка карата сууну үнөмдөөгө байланыштуу бул көрсөткүч 5 эсеге төмөндөгөн.
«Кумтөр» боюнча меморандумду парламенттеги коалиция кеңеши 23-сентябрда талкууламай болду, бул маселени 14-сентябрда карап чыккан КСДП фракциясы жалпы пикирге келе албады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.