Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү Бактыбек Жуматаевдин өлкөнүн тынчтыгын бузуу боюнча оппозициянын пландарын ачыкка чыгарганын көрсөткөн кезектеги видеону таратты. Буга чейин ушул айдын башында Соң-Көлдө өткөн курултайдын уюштуруучуларынын бири Эрлан Өмүралиевдин оппозициянын пландары тууралуу айтып бергени видеого тартылып, элге жарыя кылынган эле. Коомчулукта бул окуя көбүрөөк «Юпи-гейт» деген аталышка ээ болгон. 17-сентябрда оппозиционерлер Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Аликбек Жекшенкулов бул видеонун монтаждалганын айтып, маалымат жыйын өткөрүшүп, анда Садыр Жапаровдун Эрлан Өмүралиев менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүнүн аудиожаздыруусун угузушту.
Ал эми жогорудагы Бактыбек Жуматаевге келсек, ал видеодо Эрлан Өмүралиевдин өз каалоосу менен оппозициянын пландарын айтып бергенин баяндаган. Жуматаев Өмүралиев менен 2012-жылдын аягында таанышканын, ушул жылдын жаз айларында Өмүралиев ага «Юпи» деп аталган долбоорду ишке ашырууда жардам берүүсүн суранып кайрылганын айтып берген.