ОРУСИЯДА ТУРМУШ ОҢОЙ ЭМЕС...

Акыркы он жылдыкта Орусия менен Казакстанды карай агылган мекендештерибиздин саны көбөйдү. Чет жерге барып жалданып иштөө ушунчалык жайылганын мындан билиңиз, мектептеги окуучулардан “келечекте ким болосуң?” деп сурасаң, “Орусияга барып иштейм” дешет. Ошол мекенинен алыста жүргөн жердештерибиздин арасында миң түркүн тагдырлар, ый-муң, кубанычтар бар.

Мекендештерибиздин абалы, тагдыры кызыктырып, биз темир жол бекетин бир апта бою күзөттүк. Кетип жаткан, келип жаткан мекендештерибизге ар кандай суроолор менен кайрылып көрдүк.

Улан, 23 жашта:

«Бизди «чёрныйлар» дешет»

– Мен Орусиянын Сургут облусуна баратам. Ал жакка барып иштей баштаганыма 3 жылдын жүзү болду. Биринчи жакын туугандарымдын балдары чакырганынан Новосибирскке баргам. “Жол азабы – көр азабы” деген чын. Өмүрү чет жакка чыгып көрбөгөн жаным абдан эле кыйналдым. Бөтөн эл, бөтөн жерде ач калып, кеч калып, “кызыл шапкечендерге” кармалып жүрүп, акыры жүк ташуучу болуп жумушка орноштум. Акча таап баштаганда гана баягы суукка тоңуп, кулак-мурунду үшүк алып кеткен күндөр унутулуп калгансыды. Үйгө акча жөнөтө баштадым. Кийинчерээк Сургутка инимдин жанына барып, ишке орноштум. Иним Орусиянын жарандыгын алган. Мени да “жарандык ал” деп жатат, бирок албайм. Кереги эмне? Ал жакта убактылуу жүрөбүз да. Ансыз да бизди орустар «чёрныйлар» деп акаарат келтиришет. Ал өлкөгө толук укуктуу жаран болуп кете албасак керек...

Алмаз, 21 жашта:

«Акча таап келип, окууга тапшырам»

– Мектепти бүтүп, башкаларды кө­рүп мен да Орусияны көздөй жө­нө­дүм. Казакстандан өткүчө эле документтеримди кайра-кайра текшерип, улам бир бекеттен “туура эмес” деп четке сүйрөп чыгып акчамды алып коюшат. Ошентип, болгон акчамды тарттырып жиберип, поездде ачка калып эптеп жеттим. Барганда 2-3 ай жумуш таба албай абдан кыйналдым. Ошондо мекеним көздөн учуп, “ушундан көрө айылда чөп чаап болсо да жан бакпайт белем?!” деп өкүнгөн күндөрүм болду. Бактымдан болуп, бир күнү курулушка жумушка орношуп калдым. Ошондон бери жеке менчик фирмаларда курулушта иштеп жүрөм. Кыргызстанга тез-тез келип турам. Үйдөгүлөргө акча салам, алар мал алып коюшат. Эми кандай десем, буюрса, бутка туруп келе жатам. Окууга тапшырайын дегем. Бирок ал үчүн дагы бир жыл иштейт окшойм. Себеби окуу акысы да жогорулап кетиптир. Анын үстүнө, каржы каатчылыгы да минтип кыйнап турган учур.

Минавар аттуу эже сүрөткө тү­шүү­дөн баш тартканы менен, Орусияда жүрүп, күбө болгон көп көйгөйдү айтып берди.

Минавар, 40 жашта:

«Орустарга эмес, кыргыздарга жиним келет»

– Атым – Минавар, Өзгөндөн болом. Сүрөткө тартпай эле койчу, кызым. Кайын журт гезиттен көрүп алып “арманыңды айткан экенсиң да” деп жүрбөсүн. Өзүм 20 жылдай мектепте иштедим. Өзүңөр билесиңер, маянабыз бир кап унга жетпейт. Күйөөм иштебейт. Бала-чака чоңойду. Анан арга түгөнгөндө Москвага кеттим. Барганым жакшы болуптур. Куршабдагы бүтө элек үйүм бүттү. Бир эмес, эки баламды жогорку окуу жайына тапшырттым. Булардын баарын мага ким кылып бермек? Документиң туура болсо эле орустар тийбейт. Такыр баштар го, мигранттар тургай орустарды деле өлтүрүп жатышат. Орустун нанын жеп жүргөндөн кийин, аларды күнөөлөбөйм. Бардыгына биз, кыргыздар, өзүбүз күнөөлүүбүз. Бөтөн жерге барып алып, жаш кыздарыбыз акчалуу тажиктерге денесин сатып, алардын тепсендисинде калып жатышат. Эркектерибиз айылда калган бала-чакасын, аялын унутуп, өзүнөн бир топ жаш улуу аялдарга үйлөнүп, үйүнө кирип жашап жатышат. Аларды карап туруп, күйбөгөн жериң күл болот. Ошондой жат көрүнүштөрдү көрүп алып балдарыңды Орусияга жибергиң да келбейт. Антсем «баргандын бардыгы эле ошондой экен» деп жүрбөгүлө. Той кылып, крутой кафелерди иштетишип, кыйын чыккан кыргыздар да жок эмес, аларды көрүп ичиң жылыйт.

Гулиза, 24 жашта:

«Бир суткадай келемиш жайнаган жерде жатасың...»

– Өзүмдүн кесибим боюнча мугалиммин. Кеси­бим менен иштебей эле Орусия­лап жүрөм. Эки баланын эне­си­мин. Жолдошум да Санкт-Пе­тер­бургда дү­көндө иштейт. Мен нан дү­кө­нүн­дө иш­те­чү­мүн. Орустар кош бойлуу аялдар­ды иштетпейт да. Ошол үчүн айылга келип төрөп, эми кызым 4 айлык болуп калганда кайра эки балам менен Санкт-Петербургга баратам. Чынында, Орусияда эле жыргап жаткан жерибиз жок. Документиң туура эмес болуп калса, алпарып камап салышат. Бир суткадай келемиштер жайнаган караңгы жайда жатасың. Анан жакындарың келип, акча төлөп чыгарып кетет. Айтор, ушундай кыйынчылыктарга чыдап, баштан өткөрүп, анан машина алдык, заңгыратып үй салдык.

Б. Сейитбекова:

«Орусиядагы кыз-келиндерге көмөк көрсөтөбүз»

Орусияда атайын эмгек мигранттарга моралдык, материалдык колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн фонддор бар. Мына ушундай фонддордун бири “Аруужан” Мигрант аялдарга колдоо көрсөтүү фондунун жетекчиси, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү Бактыгүл Сейитбекова менен  маектештик.

– Эже, аталган фонддун макса­ты жө­нүндө айт­са­ңыз...
– Биздин фонд үч жылдан бери иштейт. Расмий каттоодон өт­кө­нүбүзгө эки жума болду. Өзүм көп жылдан бери Орусияда жүргөн­дүк­төн, ал жакка барган кыргыз кыз-келиндердин кыйналып жүргөнүнө күбө болуп, аларга морал­дык жактан колдоо керек деген жыйын­тыкка келдим. Аялдар Орусияда кара жумушта иштеп, үйбүлөсүн багам деп жүрүп ооруп калып жатышпайбы. Анан кайсы жакка кайрыларын билбей, ооруса да тобокелдикке салып, акча табуунун айласында жүрө беришет. Мектепти жаңы бүтүрүп барган жаш кыздарыбыздын бир көргөнү айыл болсо, бир көргөнү Орусия болуп жатпайбы. Фонд мигрант кыз-келиндерге моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатын көз­дөйт.
– Сиздердин фондуңуздарды  ким каржылайт?
– Фондубузга азырынча 453 аял мүчө. Өзүбүз каржылайбыз. Орусияда кыйналган кыздар гана эмес, кыйын кыздарыбыз да бар. Эки Гүлнара деген ишмер кызыбыз, анан да тажик, өзбек тилдерин суудай билген Урмат Байматова деген эжебиз, айтор, ишмер айымдарыбыз колдоо көрсөтүп турушат.
– Кыйналган, жолдон адашкан кыргыз кыз-келиндерине кандай кө­мөк бере алдыңыздар?
– Алгачкы ишибизди Кыргызстандан барган кыз-келиндерге тү­шүн­дүрмө баракчаларды таратуу менен баштаганбыз. “Ушундай уюм бар, кайрылгыла” десек, кайрылышат, телефон чалышат. Ошондой эле бир нече уюмдар, диаспоралар менен тыгыз байланыштабыз. Бизге миң түркүн маселе менен кайрылышат. Бири жеңил ойлуулуктун азабын тартып жаткан болсо, экинчиси бирөөлөргө алдатып, үчүнчүсү каражат жоктугунан дегендей... Москва облусунда эле кыргыздар таштап кеткен 230дай таштанды бала бар. Алардын көпчүлүгүн 17-28 жаштар чамасындагы кыздар төрөп, таштап кетишкен. Бул абдан кейиштүү. Өзүбүздүн фонддо эле азыр 2 эркек, 3 кыз бар. Ошол балдарды карап жатабыз. Булардын баары жашоо-шарттын кыйындыгынан ташталган балдар. 
– Кыргыз кыз-келиндеринин кандай тагдырга туш болгондоруна күбө болдуңуздар эле?
– Баласын төрөп, кайра өз колу менен өлтүрүп коюшкан же таштандыга ыргыткан кейиштүү кө­рү­нүш­төр кездешет. Жанара деген келин бар эле.  «Черкизов» базары жабылганда аны зордуктап, өлтүрүп кетишиптир. Айта берсек, мындай тагдырлар көп...
– Сиздей кыргыздын патриот кыздары көп болсун. Биз сиз менен байланышта болобуз деген ниет­тебиз.

Статистикага таянсак

Миграция жана эмгек менен камсыз кылуу боюнча комитетинин берген маалыматы боюнча бүгүнкү күндө чет жерде жүргөн мекендештерибиздин саны 600 миңден ашуун, алардын ичинен Орусиядагы эмгек мигранттарынын саны 500 миңди түзсө, Казакстанда 60 миңди түзөт. Бул эми расмий түрдө катталгандары. Мындан сырткары, Орусияда жарандык алып, жашап калгандары канча.

Дүйнөлүк Банктын билдирген маалыматына таянсак, чет жерде жү­рүш­көн кыргыз мигранттарынын 38 пайы­зы Кыргызстанга айына эки жолу акча которот. Ай сайын жибергендер 19 пайыздан көбүрөөк. Чет жерде иштеп жүргөндөрдүн 30 пайыздан ашыгы жакындарына айына 50-100 долларга чейин акча которушат. 150-200 долларга чейин которууга алы келгендер 17 пайызды түзөт. Бир жибергенде 2 миң долларга жакын каражат которгондор 1,5 пайызга жакын. Биз билген бул статистика банк аркылуу расмий түрдө Кыргызстанга түшүп жаткан акчалар. Ал эми таа­ныштары, туугандары аркылуу поезд, самолёт менен акча жөнөткөндөр да жок эмес.

Элибизде «элүү жылда эл жаңы» дейт. Биз эзелтен ынтымактуу ырыс­туу элбиз. Кайсы жерде жүрбөйлү бар бололу, бир бололу, замандаш!

Бурул Исмаилова
     koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
toybosjigit
2009-08-24 17:13:44
Kyrgyzymdyn kimcha bel, krasavitsa kizdari kor bolup jurusot.
0
kgjigit
2009-08-30 15:24:25
мамлекет чара корбосо кыргыздар тарап кетебиз!!!!
0
№ 355, 21-27-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан