Өкмөттүн "Центерра" менен жүргүзгөн сүйлөшүүсү боюнча эки тараптын мунасага келүү меморандуму парламентке сунушталды. Бул тарыхый кадамды утурлай "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" дебатында өз пикирин билдирди. Урунттуу учурларына токтолууну ылайык көрдүк.
Өмүрбек Текебаев «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башчысына: «Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда сыр кармап, кыргыз сүр көрсөтүшү керек. Бандити да, милиционери да, соту, президенти, депутаты, эли да бир, бекем, ынтымакта турушу керек! «Менчигибизди бересиң, болбосо капа болосуң» деш керек. Болбосо биз төрткө бөлүнүп алып, жарымыбыз, президент баш болуп, «Кумтөрдүн» ырын ырдап жатабыз. Анан кантип биз өзүбүздүн 67 пайыздык үлүшүбүздү ала алабыз? Менин айтайын дегеним, биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды баарыбыз бир адамдай болуп, ынтымакта колдошубуз керек»,- деп айтты.