«Ата Журт» фракциясынын лидеринин орун басары Улукбек Кочкоров лидердин милдетин убактылуу аткаруучусу болуп дайындалды. Буга чейин бул жүктү Садыр Жапаров, ага чейин Мыктыбек Абдылдаев аркалап келген болчу. «Ата Журт» партиясынын саясий кеңеши өзүнүн соңку жыйынында фракция лидерлигине башкы талапкер катары Жылдызкан Жолдошованы аташкан. Ошондой эле Курманбек Осмоновдун да лидер болуп калууга мүмкүнчүлүктөрү көп, өзү да талапкер болуу дымагы бар экенин буга чейин айткан эле.