АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ: «ЭЛ АДИЛЕТТҮҮ ШАЙЛОО МЕНЕН КЕЛГЕН БИЙЛИККЕ ГАНА ИШЕНЕТ»

16-20-сентябрь күндөрү президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Бельгияда болду. Ток этерин айтканда, анын жүрүшүндө ушул жылдын декабрь айына чейин Кыргызстандын макроэкономикалык туруктуулугун өнүктүрүү үчүн 30 миллион доллар, мыйзамдын үстөмдүгүн колдоо боюнча 13 миллион евро бөлүнөрү билдирилди.

Өлкө башчы «Кыргызстан чет өлкөлөргө чыккан ар бир сапарында акча сурап жүрөт» деген оппоненттерине жооп берип жатып: «Мен Европалык биримдиктен акча сураган жокмун. Бирок жардам бөлүнүп жатса, анда аны алуу керек, пайдалануу керек. Мунун уяты барбы? Анын үстүнө мага Европа тараптан мындай көмөк көрсөтүүлөр көбөйөрүн айтышты. Буюрса, өзүбүз иштеп, өзүбүз акча табууга киришебиз. Көбүнө байкалбай жаткан чыгар, бирок Кыргызстанда өсүү башталды. Ошол эле Бишкекте кызуу курулуш иштери жүрүп жатат. Путин учуп келгенде "керек болсо Бишкекте түнү да жарык берилип калыптыр" деп айтты»,- деди А.Атамбаев.
Сапар учурунда дагы бир маанилүү маселе козголду. Европалык биримдиктен эксперттер тобу келип, шайлоо даярдыгына жардам бермей болушту. Тагыраагы, ачык-айкын, адилеттүү шайлоо уюштурууга колдоо көрсөтүү үчүн. Иш сапардын жүрүшүндө мыйзамдын үстөмдүгүн колдоо боюнча Европалык комиссия менен макулдашууга юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов кол койду. Андагы программада прокуратура, Жогорку Сот, конституциялык палата менен иш алып баруу, соттук реформа жүргүзүү жана ЖМКларда укукту үгүттөө иш-чараларын жакшыртуу каралган. Баш-аягы буга 13 миллион евро бөлүнөт. «Эл адилеттүү шайлоо менен келген бийликке гана ишенет. Элдин тагдырын өз колуна тапшыруу керек. Кыргызстанда ачык-айкын жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө жок дегенде 50 миллион доллар талап кылынат. Бюджеттен мындай каражатты бөлүп берүү оор. Ошондуктан гранттардын эсебинен шайлоо өткөрүү зарыл»,- деп айтты президент.
Бельгияда «Манас» аэропортунда жайгашкан Транзиттик жүк ташуучу борбор да көз жаздымда калбады. Алмазбек Атамбаев бул боюнча: «Биз өзүбүздүн миссиябызды аткарып бүттүк. 2014-жылдын 11-июлунда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы келишимдин мөөнөтү аяктайт. Андан соң «Манас» аэропортунда аскердик күчтөр болбойт, ал жарандык хабга айланат»,- деди. НАТОнун башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен да эмдиги жылы Кыргызстандан АКШнын аскердик күчтөрү чыгып кетерин билдирди.
Иш сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Европалык кеңештин төрагасы Херман Ван Ромпей менен жолугушту. Анда президент: «Европалык союз парламентке болгон таза шайлоодо бизге колдоо көрсөтөт. Бул 2017-жылдагы президенттик шайлоо таза өтөт дегендин кепилдиги болуп берет»,- деди. Парламенттик башкарууну тандап алган Кыргызстандын атынан Жогорку Кеңештин төрагасы эмес, эмне үчүн президенттин келгени да суроо жаратты. «Европалык биримдикке спикерди эмес, мени чакырышты. Чет жактарга чыгууга жан талашканым үчүн эмес, иштеш үчүн келдим. Туулган күнүмдө менин деле эс алгым келмек, бирок иш баарынан өйдө турат. Президенттик мөөнөтүм 4 жылдан кийин бүтөт. Бул жылдардын иш жыйынтыгын менден сурашат, талап кылышат. Андыктан бирөөлөргө жагабы же жакпайбы, мен иштейм»,- деди өлкө башчы. Жогорудагы максат-тапшырмалар менен бул иш сапарына президент Алмазбек Атамбаев эмес, спикер Асылбек Жээнбеков бара турган болсо, ушундай жыйынтыкка жетиши мүмкүн беле же?.. Жыйынтыктап айтканда, өлкө башчысынын Бельгияга болгон иш сапары жемиштүү өттү.
Мамлекет башчы 20-сентябрда Бельгиядагы сапары аяктаары менен Орусиянын Сочи шаарында 23-сентябрда өтүүчү ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышууга жөнөп кетет. Бир-эки күндүк кечигүү менен болсо да, ажо туулган күнүн орусиялык президент Владимир Путиндин кампаниясында Сочиде белгилейт көрүнөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
Basmachy222
2013-09-23 18:55:27
Путин айтты, тункусун жарык очпой калыптыр деп! Бул какшык экенин, тушунбогон го чамасы! Жардам акча сурап журот деп атышат! Мен акча сурабай эле жардам сурап журом дейби?? Биринде акча сурап журом десе, биринде жардам сурап журом элди багуу учун деп, эмнеле мынча тантый берет ээ. Биздин президенттибиз???
+5
muxammet
2013-09-24 01:08:34
Basmachy222, азаматсыз +10000000
+2
mahabat.
2013-09-23 20:09:25
Нету власти не от Бога.
-1
mahabat.
2013-09-23 20:10:19
Мен Атамбаевге ыраазымын.
-3
kaniet
2013-09-24 10:28:04
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ: «ЭЛ АДИЛЕТТҮҮ ШАЙЛОО МЕНЕН КЕЛГЕН БИЙЛИККЕ ГАНА ИШЕНЕТ», Ошон учун ишенбей атабыз да! Анан Путин келгенде жанбаган свет качан жанат эле, себеби Путин сурайт да: Мен ГЭСке деп акча болгом, ошоун эсебинен болсо да мен кеткиче светинер жанып турсууун, деп. Анан туулган кунун кошпой эле койбоптур, аны айтпаса деле ошол жерде чогулгандар есть повод есть аюу деп белгилеп коюшмак.
+1
Chika12
2013-09-24 10:30:30
kaniet, Атамбаев адилетту эле келген, сен шайлабасан башкалар шайлаган. Бакиевдин убагындагы тезек терген убакытка кайрылгынар келип калган го эээ, Бишкекте тункусун эмес, электр жарыгы кундуз да куйуп турат керек болсо, ал эм есть повод есть аюу деп 5 маал намаз окуган адамды шылдындаган учун жооп берер да кун келет, ошондо коробуз бироону мазактаганынды.
-7
kaniet
2013-09-24 11:04:33
Chika12, Бакиевдин убагында тезек тердинер беле, анан да сынды туура кабыл алыш керек, намазды аралаштырба бул жака, анчалык чычалаба, ар кимдин оз коз карашы бар, Атамбаевди шайлагам, аны танбайм. Ошо шайлаган учун ушинтип оз оюмду айтып атамын.
+1
Almabek
2013-09-24 15:09:12
Chika12, ай Чика, акты ак караны кара деп уйрончу, бардык комменттеринде эле терс каарман болуп чыга клесин да.
+2
detective
2013-09-25 03:45:17
Almabek, хахааа, молодец нак эркек экенс! терс каарман ден)))
+2
madina.00
2013-09-24 12:44:35
Xamer:Атамбаевди 2-жолку шайлоого жеткиришпейт го мобул журушу менен)))Ой элдер айткылачы кимдин уйундо свет "жаркырап-баркырап" куйуп жатат???Мисалы мен жашаган райондо тункусун кошумча май шамдарды жагып алуу деле ашыкчалык кылбайт,тезекти эми терет окшоп калдык)))Атамбаев эл башкара турган инсан эмес ал жумшак киши,анын жумшактыгынан пайдаланышып ар кимиси аны каалагандай кылып жумшап жатышат.Эми АШАны жамандайын десен баары эле бир шайтан экен айтор президентке жарысак болот эле
+1
Zverchik
2013-09-24 13:02:14
Кыскасы иштей алган жок бул киши,
+1
Zverchik
2013-09-24 13:03:49
Иштеген адамдыкы 1 жылда эле билинет
+1
Basmachy222
2013-09-24 19:44:56
Бишкете, кандай курулуштар журуп жатат айткылачы? Айтыптыр го Атамбаев.

Бишкек мэр 3 кл метр жол курганын билем! Дагы нелер курулуп бутту?
+1
detective
2013-09-25 03:47:08
Basmachy222, эн туура! мына Ошту иштеватат десе жарашат. Бишкекте эмне курулду? Эмне жаныланды??
+1
sumerki
2013-09-24 20:35:01
Атамбаев колунан эчнерсе келбейт
+1
besmertnuy
2013-09-24 21:44:00
Эх Атамбаев жакшы эле аракет кылып атат. А бирок ошол эле учурда жумшактык кылып атат. Аракетине жараша талапты да катуу койгондо натыйжасы билинмек.
-2
detective
2013-09-25 03:32:40
Алмазбек Шаршенович:
"Эл адилеттуу шайлоо менен келген бийликке гана ишенет"

P.S ошон учун сага эч ким ишенбейт!
+3
detective
2013-09-25 03:39:55
"Керек болсо Бишкекте туну да жарык берилип калыптыр",-деди Путин",
"Буюрса озубуз иштеп, озубуз таап калабыз",
"Анын устуно мага Европа тараптан дагы колдоо кобойорун айтышты"
эй бул создорду кайсы жинди ойлонбой суйлойт? жок жинди болсо тушуносун,ии бул жиндиле деп. бир олконун башчысы ушинтип суйлосо уятда э! койчу,соз жок!!
+4
Nur_meerim
2013-09-26 11:17:53
Создун торкунун тушунбосонор, баш катырбай эле койгулачы! Атамбаев иштедиби, жокпу аны мооноту буткондо аркабызга сарасеп салаарбыз. Жожону куздо санайбыз дегендей.. Баарын эле жаман эле жаман, жеди эле жутту дей берсек, бизге ким жакшы президенттин бермек?! Сабыр кылгыла, ансыз да эч нерсе кыла албайсынар...
-1
muxammet
2013-09-27 02:25:20
кантип ушул кишини шайладынар?
+1
madina.00
2013-09-27 13:36:37
Адилеттуу шайлоо менен ким келиптир хи-хи-хи боорум )))))))))жоолуп суйлоп койсо эле эл ага ишене калат имиш азыр бийликтеги баканооздор эмнени гана айтышпайт )))))))))
+2
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан