КУНДУЗ КАНАТБЕК кызы: «ЖИГИТИМ ЧЕЧКИНДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ЖҮРӨГҮМДҮ БАГЫНДЫРДЫ»

«Кыздардын назиктиги – жигиттердин алсыз жери» дешет. Ошондон улам ырчы Кундуз Канатбек кызы назиктиги менен канча жигиттин жүрөгүн өрттөп кетти экен, санагандан өзү деле адашса керек. Маектешим ички дүйнөсүн ачып, кызыктуу маек куруп берди.

– Кундуз, борбордогу соода түйүндөрүнүн биринен бир жигит менен жетелешип баратканыңды көрдүм. Жакында күйөө балалуу болот окшойбуз?
– Ха-ха-ха, көрүп койдуңарбы? Ал жерге өмүрүмдө биринчи жолу барсам да көрүп каласыңар. Интервьюга «ал жөнүндө айтуу азырынча эрте, унчукпай эле коёюн» деп келгем. Бирок көрүп калгандан кийин моюнга алышым керек го. Ооба, ал менин жигитим. Сүйлөшкөнүбүзгө аз эле болду. Шоу-бизнеске эч кандай тиешеси жок, таптакыр башка чөйрөдөн.
– Кайсы жерден, кантип таанышып калдыңар эле?
– Кыздар кечеге баралы деп бир кафенин алдында чогулуп турганбыз. Ал да достору менен ошол кафенин алдында туруптур. Анан мени көрүп жактырып калыптыр. «Азыр кафеге киришсе, артынан барып таанышам» деп мени карап калат. Биз жаныбыздагы кафеге кирбестен, таптакыр башка жакка кетип калганбыз. Анан артымдан кууп келип таанышкан. Мени ырчы катары тааныбайт экен. Жөн гана айым катары көңүлүнө туура келсем керек. Жигитим жүрөгүмдү ушундай чечкиндүүлүгү, көздөгөн максатына жете турган өжөрлүгү, тайманбастыгы менен багындырды десем болот.
– Ырчы экениңди качан билди?
«Мен сени бир жерден көргөндөй болуп жатам. Клипке тартылган жок белең деп бир нече жолу сурады. «Ооба, бир-эки клипке тартылгам, өзүм да анда-санда ырдап коём» десем, анан эстеди. Көрсө, бир ай мурун менин клибимди көрүп, ичинен жактырып, «Аты ким болду экен?..» деп кызыгып коюптур. «Мен баланча ырчымын, тааныбайсыңбы, менин мындай ырларым бар» деп мактанганды жаман көрөм. Ырчы экенимди билгенден кийин «ырларыңды дискке жаздырып берчи» деди. Уялганымдан «макул, колум бошогондо» деп койгом, бирок жаздырбай жүрөм.
– Гүлгө оронуп сүрөткө көп түшөрүңдү байкадым. Гүл менен сенин байланышың...
– Бардык аялзатындай эле мен да гүлдү жакшы көрөм. Белекке гүлдесте көп алам деп айтпайм. Гүлгө оронгон сүрөттөрүмдү туулган күнүмдө түшкөм. Туулган күнүмдө мени ырчы катары сыйлаган адам 101 розадан турган гүлдестени белек кылган.
– Шоу-бизнес өкүлдөрү чогулган жерден сени эмнегедир көп көрбөйбүз...
– Бир жакка чакырышса эч качан жок дебейм, колум бош болсо эле барам. Негизи, мен жулунбаган адаммын. Чакырбай койсо деле «Эмнеге чакырган жоксуң деп таарынбайм. Айрымдар сыртыңдан жакшы сүйлөп, артыңдан ушакташат. Ошондуктан шоу-бизнес өкүлдөрү менен сый мамиледе болгум келет.
– Чыгармачылыктагы жаңылыктарыңа токтололу, азыр эмне менен алек болуп жатасың?
– Мурун чыгармачылыктын түйшүгүн жалгыз өзүм тартчумун. Көп учурда тартынып, колумда турган нерсени колдоно албай калчумун. Ошондуктан ишим мен ойлогондой болбой жатса керек. Элге берейин деген чыгармаларым өзүмдүн колум жетпегендигинен аткарылбай калчу. Анын үстүнө кол көп болсо, көп иш бүтөт деп коюшат эмеспи. Ошондон улам азыр продюсерлүү болуп, курбум, «Версус» бий тобунун жетекчиси Айпери Обозова менен иштеше баштадым. Ортобузда кадимкидей келишим бар. Айпери мага буга чейин курбу катары кийим тандоо, макияж жасоо жагынан кеңеш берип келген.
– Жаңы чыгармаларыңа качан күбө болобуз?
– Учурда жаңы ырдын үстүндө иштеп жатам. Максат Бегалиев экөөбүздүн "Сени менен" деген дуэтибиз бар. Ошого жакын арада клип тарттырабыз. Буюрса, жакында күйөрмандарым күбө болушат.
Буга чейинки чыгармачылыктагы басып өткөн жолума эч качан алымсынган эмесмин. Ачыгын айтсам, элге бергим келген, оюмдагыдай ырлар дагы деле жарала элек.
– Чыгармачылыгыңда тыныгуу болуп жатты, ошол учурда эмне менен алек болдуң?
– Бош жаткан жокмун, англис тилин үйрөнүүгө аракет кылдым, фитнеске барам. Англис тилин үйрөнгөн себебим, бул тилдеги ырларды жөн гана угуп койбостон, маанисин, сөздөрүн түшүнүп угайын дедим. Кийин да кереги тиет деп ойлодум. Ал эми фитнеске өзүмдүн келбетимди ушундай формада кармоо үчүн барып жүрөм.
– Тойлорго чакырык көппү, ставкаң канча?
– Тойлорго көп барам. Эл мени тоюна чакырса, менин ырларымды уккулары келип жатат, менден дагы жакшы чыгармаларды күтүп жатат деп түшүнөм. Ставкам 300 доллардан жогору. Бирок ушул эле бааны кармап тура бербейм. Мен өзүм ак көңүл, боорукер адаммын. Бекер ырдап бер дегендерге бекер деле ырдап берем. Той ээси «акчам бир аз тартыш...» дей баштаганда эле «макул, макул» деп бекер ырдап берген учурларым болот. Жаңы жылда 500 доллардан 1000ге чейин көтөрүлөт.
– Тойдон тапкан акчаңды керегиңе жаратып, өзүңө бир нерсе сатып алдыңбы?
– Буга чейин айдаган унаам S классындагы Мерседес болчу, аны дагы деле Мерседес E классына алмаштырдым.
– Жыл өткөн сайын адам картаят да, бирок сен жашарып, мектеп окуучусун-дай болуп калыпсың. Сыры эмнеде?
– Жаш өткөн сайын өзүмдү аяп, туура тамактана баштадым. Үй-бүлөбүз менен тамактанганы отурганда мен «мындай тамак жеш керек» деп интернеттен окуган нерсемди айта баштасам, «диетолог баштады» деп күлүп калышат. Мисалы, күндө эртең менен бир стакан жылуу суу ичем. Жарым сааттан кийин сулу боткосун жейм. Бала кезимдегидей апам жасап берет же өзүм жасайм. Таттууну жакшы көргөндүктөн, мурун шекерди көп кошчумун, азыр азайткам. Түштө болсо сууга же бууга бышырылган тамак жейм. Куурулганды рационумдан таптакыр чийип салдым. Кечкисин каалаган тамагымды жейм.
– Стресске кабылсаң, маанайың чөгүп турганда кантип өзүңө келесиң?
– Жалгыз отуруп калам. Жай музыканы угуп, ыйлап алам. Депрессияга түшсөң, баары бир анын начар жыйынтыгын көрөсүң. Бүгүн болбосо, эртең ден соолугуңа зыянын тийгизет. Ошону дайыма эстеп, тез унутканга аракет кылам.
– Рахмат маегиңе, чыгармачылык ийгилик!

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
marin
2013-09-24 22:21:39
Jagat maga.
0
aisu_91
2013-09-25 01:14:16
Бардык жагынан иийгилик каалайм чындыгында табигый сулуулугу бар!!!
0
erkele
2013-09-25 02:43:26
Жигитим жигитим деп журуп эле бир куну чон эле бир кишини жетелеп чыгат коросунор го ырчы кыздардын баарысынын куйоолору бок курсак акчасы коп кишилер!
+2
allan
2013-09-26 17:24:36
erkele, ва-ха-ха-ха.Туура айтасын.
0
Akylai_aktan
2013-09-25 14:36:19
Тезирээк бакытын табышына тилектешмин
0
Wave
2013-09-25 19:49:19
кундуз жагат мага
0
Tomega
2013-09-26 14:00:17
Кундуздун сулуулугуна соз жок.Кээ бир ырчыларга караганда жакшы жооп бериптир.Чыгармачылыгына ийгилик.
0
admin_media
2013-09-26 14:15:32
dushka5555,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек! Азырынча эскертүү!
0
Baktyluu_Jigit
2013-09-26 22:16:58
erkele ва ха ха туура айтыпсын :-)
0
dasi-kusi
2013-09-26 23:10:32
алдайт ырчы катары кантип эле тааныбасын сени 90 60 90 дегенде эле болду тааныбаган кишинин озу калбайт
0
chicagogirl
2013-09-26 23:44:55
Krasivaia nejnaia devushka, vidno daje kogda poiot. Menshe zavidovali by ehh ))
-3
nurbek_kg
2013-09-28 02:47:47
krasavica prosta! kop jetishkendikterge ee bol demekchimin densooluk amanchylyk kaalaim!!!
0
nargiza96
2013-09-29 09:00:19
Бактылуу бол Кундузка. Чынын да сен назик, сулуу, боорукер жансын. Ырларына келсек жашсынго, ийгилик алды да. Мен сени менен биргемин ар дайым эжеша.
0
dushka5555
2013-09-29 16:26:00
Кундуз мага жагат, суйом, 101 роза менден сага белек
0
bemaKG90
2013-09-30 03:15:34
bayagynda bir interviyu bergen unutup kaldym temasyn tipa dubaida es alganda arabtar arab eken dep surotko tushkon dep maktanyp atpady bele emi nazdanyp kalyptyr go
+1
Rostov-on-Don
2013-10-13 20:41:35
клибин коргон адам атын кантип билбей калсын,клипке жазылып чыгат го.
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан