МИСТЕР ЖАНА МИССИС СМИТ

Күнүмдүк жашоодогу катардагы эле аял-күйөөнүн мамилесин чагылдыруу менен дүйнөгө популярдуу фильм жараткан режиссёр Даг Лиман фильмге 110 миллион доллар жумшаган. Бактыга жараша, фильм режиссёрдун эмгегин актап бет ачарында эле АКШда 183 миллион, дүйнөдө 300гө жакын миллион доллар киреше алып келген. Фильмдин мынчалык көп киреше алып келиши катышкан актёрлору боюнча да, тартылышы боюнча да жогорку деңгээлде экенинен кабар берет.

Режиссёру – Даг Лиман
Сценарийин жазган – Саймон Кинберг
Продюсерлери – Варина Блейл, Эрик Фейг
Башкы ролдордо: Жон Смит – Брэд Питт, Жейн Смит – Анжелина Жоли, Эдди – Винс Вон.

ФИЛЬМДИН МАЗМУНУ

Белгилүү психолог кеңешчинин бөлмөсүндө үйлөнгөн­дө­рүнө аялынын эсеби боюнча ал­ты, күйөөсүнүн эсеби боюнча беш жыл болгон жубайлар отурушат.
Башында бул эки жубай Түш­түк Америкада эс алуу учурунда жолугуп, бири-бирин жактырып калышат. Бир көргөндө эле сүйүүгө туш болгон экөө эч нерсени ойлонбостон дароо эле үч жумадан кийин үйлөнүп алышат жана көп­төгөн романтикалуу түндөрдү, кызыктуу күндөр­дү чо­­гуу өткө­рүшөт. Жондун кесиби архитектор, Жейн болсо компьютер адиси. Бирок, үйлөн­гөн­­дөрүнөн көп өтпөй экөө бири-би­ринен тажай башташат да, көп убактысын эки башка өткөрүүгө өтүшөт. Ошол эле маалда экөө тең бири-биринен жашырынып заказ боюнча адам өлтүр­гөн атаандаш фирмада иштешет. Бир күнү Жон жана Жейн адам өлтү­рүү боюнча заказ алышат. Бирок, муну экөө бири-биринен жашырышат. Экөө заказ алган адамын өл­түрүү үчүн аракет жасашат, бирок, негедир ыңгайлуу учур чыкпайт. Фильмдин аягында экөө алган заказдары боюнча бири-бирин өлтүрүш керек экенин билип калышат да, кай­ра фирманын өзүндө иштегендерге каршы чыгып, үйбүлө­сү­нүн очогун сактап калышат.

ФИЛЬМДЕГИ СҮЙҮҮ РОМАНЫ

Фильмдин баш ролдоруна алгач Брэд Питт жана Николь Кидман чакырылат. Бирок, Николь Кидман бул фильмге тартылуудан баш тартат. Анда режиссёр Брэдге Кейт Бланшетт, Кэтрин Зета Жонс, Анжелина Жоли жана башка актрисаларды сунуш кылып, кимиси менен тартылгысы келгенин су­райт. Брэд Анжелина менен тартылууга макул болот. Анжелина да бул фильмге тартылууга ма­кул­дугун берет. Тартылуу учу­рун­да экөө жакшы тил табышып кетишет да, мамилелери сүйүү­гө өсүп жетет. Ошондуктан, экөө фильмден сырткаркы убактыларын да чогуу өткөрө башташат. Брэд Анжелина менен жаңы эле таанышкан маалда ал жөнүндө тааныштарына «Анжелина – аял эмес эле Кудай. Ал менен чогуу өткөргөн ар бир мү­­­­нө­түмүн өзү бакыт» деп жар салат. Брэд фильмге тартылып бүткөндөн кийин беш жылдан бери чогуу жашап келаткан ая­лы, белгилүү актриса Женнифер Анистон менен ажырашып кетет.

ФИЛЬМДИН ТАРТЫЛЫШЫ

Режиссёр Даг Лиман көрүүчү­лөрдүн баарына жаксын деген ой менен фильмде мелодрама, боевик, комедия сыяктуу жанрларды аралаштырып тарткан. Фильмдин бюджети үчүн жумшалган 110 миллион доллардын көпчүлүк бөлүгү фильмдеги татаал трюктарды жасоо үчүн компьютердик жасалгалоолорго, кымбат костюмдарга кетет. Фильм сценарийи боюнча комедия жанры бо­луп эсептелбесе да ага жакындап кетет. Анткени, фильм­де­ги баш каармандар профессионалдуу актёрлор болгондуктан, чыныгы жашоодогу аял-кү­йөөнү чагылдырууга аракет кылышат да, өздөрүнө көп деле билине бербеген, бирок, башкаларга күлкүлүү көрүн­гөн аял-күйөөнүн образын алып чыгышкан. Буга башында режиссёр Даг Лиман каршы болот. Бирок, фильмди олуттуу түрдө тартса, кызыксыз болуп калаарын эске алып, актёрлорунун пикирин туура көрөт.

ФИЛЬМДЕГИ КАТАЛАР

  • Жон “Линкольн” машинасын айдап аялы Жейн экөө телефон менен сүйлөшүп келе жатканда көйнөк кийип турган болот. Андан бир-эки секунд өтө элек жатып башка машина менен кагышуу болоор алдында ал кара костюмчан болуп калат. Кагылышуу болгондон кийин ал көйнөгүн эстеп кетеби, кайрадан көйнөк­чөн болуп калат.
  • Жон кошунасынын машинасын сүзүп кеткенде машинасынын айнектери сынып, суусу агып калат. Би­рок, кийинки кадрда ошол эле машина эч жери эч нерсе болбой, жапжаңы боюнча турган болот.
  • Жейн менен күйөөсү Жон уруша кетишкенде Жондун бетинде “п” түрүндө тырмактын изи калып калат. Кийинчерээк бул из башкача формада чагылдырылып калат.
  • Нью-Йоркто жашаган Смиттер ал шаардагы жаман балдардан тажашып, Терминал Айландга жөнөшөт. Бирок, ушул жерден алардын Терминал Айландга барбай эле Лос-Анжелеске бар­гандыгы көрсөтүлөт. Анткени, жолдогу “Лос-Анжелеске кош келиңиздер” деген жазуу көрү­нөт.

БРЭД ПИТТ

Голливуддун эң сүйкүмдүү, эң сексуалдуу, эң көп айлык акылуу актёру Брэд Питт 1963-жылы 18-декабрда АКШда тө­рөлүп-өскөн. Орто үйбүлөдөн чык­кан Брэд кичинекейинен эле жүк ташуучу фирмада иштеген ата­сына жардам берип, ошол эле маалда сабагына да жетишип чоңоёт. Мектепти бүткөн­дөн кийин Миссури университетинин журналистика факультетине тапшырат. Ал жакта эки жыл окугандан кийин үйбү­лө­сү Калифорния штатына көчкөн­дүк­төн, ал окуусун таштап ата-энеси ме­нен ал жакка кетет. Калифорния штатында окууга шарты болбогондуктан, көчөдө жаш балдар кызыгып сү­рөткө түшүү­сү үчүн абдан чоң жө­жө­нүн кебин кийип алып алар менен сүрөткө түшүп иштейт. Ал сү­рөт­кө түшүп эле тим болбостон, ар түрдүү кыймыл-аракеттерди жасоо аркылуу алардын кө­ңү­лүн ачып, күл­дүрүп да жү­рөт. Муну кызын сү­рөткө түшү­рүү үчүн ээрчитип келген Томас аттуу режиссёр бай­кап калат да, аны киного тартылууга чакырат. Ошентип, алгачкы фильминде эле ийгилик жараткан Брэд өзүнүн келечегин фильмден табат да, күйөр­ман­дары эң көп актёрлордун бири болуп чыга келет.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 205, 6-12-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан