«Супер-Инфо» гезити элди маалымат менен гана камсыз кылбастан, түгөй издеген жаштарды табыштырып, жаңы бир үй-бүлөнүн курулушуна өз салымын кошуп келет. Бул сөзүбүздү мындан 3 жыл мурун гезиттеги «Таанышуу бурчу» рубрикасы аркылуу таанышып, учурда бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап жүрүшкөн Исламбек менен Сергүл да тастыкташты.
Сергүл: «ТААНЫШУУ БУРЧУ» АРКЫЛУУ КЫЯЛЫМДАГЫ МЫРЗАНЫ ТАПТЫМ»
– 2010-жылдын январь айы болчу. Мен ал кезде Жалал-Абаддагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда медайым болуп иштечүмүн. Зериктимби же эмне болду билбейм, айтор, отуруп эле "Супер-Инфодогу" "Таанышуу бурчуна" СМС-билдирүү жөнөтүп койдум, Серена деген ат менен. Өз атымды жазуудан уялдым, эл "күйөө издеп жарыя бериптир" деп айтпасын деп. Гезит жарыкка чыгары менен, таң атпай телефон чалуулар келе баштады. Калп айтпайын, эки ай ичинде 600дөн ашык телефон чалууга жооп бердим. Жооп бере албай калган да чалуулар болду. Мындан мен гезитти көпчүлүк сүйүп окушарын билдим.
Телефон чалган жигиттердин арасында Исламбек да бар болчу. Ал мени коңур үнү, орундуу сүйлөгөнү менен арбап алган десем болот. Негедир экөөбүз телефондон эски тааныштардай эле сүйлөшүп кеттик. Атынан улам Исламбекти өзбек улутундагы узун бойлуу жигит болсо керек деп ойлогом. Кийин бири-бирибизге телефон аркылуу сүрөттөрүбүздү жөнөттүк. Сүрөтүн көрүп эле менин кыялымдагы мырза экенин билдим.
Эки айдай телефондон сүйлөшүп жүрүп, 8-Март күнү экөөбүз Ош шаарынан жолуктук. Телефон аркылуу сүйлөшкөн менен жүз көрүшүп сүйлөшкөн эки башка экен, сүрдөгөнүбүз билинип турду. Убакыттын өтүшү менен бири-бирибизге көнүп, сүйүүбүз күчөп, 9-Майда чогуу түтүн булатууга бел байладык.
Ооба, кеч, 31 жашымда турмушка чыктым. Чындыгында, бактымды күтүп жүргөн экем. Көз тийбесин, учурда бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарындабыз. Менин ушундай камкор, күйүмдүү жолдошко, түшүнүктүү кайын журтка туш болушума себепкер болгон «Супер-Инфо» гезитине терең ыраазымын. Экөөбүздү табыштырган гезиттин ошол санын «бактылуу номер» деп катып жүргөн элем. Өкүнүчтүүсү, жолдошумдун жумушу менен эки жакка көчүп жүрүп анымды да жоготуп алдым.
Исламбек: «УУЛУБУЗДУ «СУПЕРДИН» БАЛАСЫ ДЕП КОЁБУЗ»
– Мен «Супер-Инфо» гезитинин көп жылдан берки такай окурманымын. Макалалардын бирин да калтырбай окуп келем. Сүйүктүү гезитим мени маалыматтар менен гана камсыздабастан, бактымды да таап бере алды деп мактана алам. Анткени балдарымдын энесин дал ушул "Супер" аркылуу тапканмын.
Бир күнү гезитти окуп отуруп «Таанышуу бурчунун» көлөмү мурдагыдан да чоңоюп бара жатканын байкадым. Бул рубриканы сан сайын караганым менен, бир да жолу чалып таанышып көргөн эмес элем.
Тизмени карап отуруп андагы Серена деген өзгөчө атка көзүм түшүп калды. Ал кезде мен Ошто иштечүмүн. Анын жашы, жашаган жери, айтор, баары мага төп келгенинен дароо эле телефон чалдым. Телефондон өзгөчө жагымдуу үн чыкты. Жумшак сүйлөгөн, оор басырыктуу кыздай сезилди. Үнүн уккандан кийин өзүн көргүң келет экен да. Анан Сергүлгө сүрөтүңдү жөнөт десем, 3 сүрөтүн салып жибериптир. Аларды досума көрсөтсөм, ал «бул бир кишиники эмес, ар башка» дебеспи. Мен дароо Сергүлгө чалып «Эмне мени менен ойноп жатасың, ар кимдин сүрөтүн жиберип?!» деп ачык эле айттым. Ал компьютердин жардамы менен ар түрдүү кылып оңдосо болорун айтып түшүндүргөнгө аракет кылды. Бирок мен ишенбей, телефонумду өчүрүп салдым. Телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп эле экөөбүз бири-бирибизди арбап алганбызбы, айтор, көп өтпөй эле кайра чалыштык.
Кийин Сергүлдү жолугушууга Ошко чакырсам, келди. Маңдайымда кыргыздын жөнөкөй, оор басырыктуу кызы турду. Бир көрүп эле жактырдым. Биринчи никем бузулгандан кийин «болочок жубайым өзүмдөй оор басырыктуу болсо экен» деп тиленчү элем. Атам менен тааныштырганымда ал Сергүлдү көрүп дароо эле «ушул кызга үйлөн» деп батасын берген.
Негизи, биздин үй-бүлөдө трайбализм деген жок. Анткени апам Чүйдөн, атам Ноокаттан. Учурда Кызыл-Кыяда турушат. Сергүлдү өз кызындай көрүшөт. Экөөбүздүн баш кошконубузга 4 жылга аяк басып калды. Сергүл кыз кезинде кандай болсо, ошол мүнөзүнөн жазбай келе жатат. Уулубуз Байэл 1 жаш 9 ай болуп калды. Кээде тамашалап аны «Супер-Инфонун» баласы, гезит болбосо биз таанышмак эмеспиз, бул төрөлмөк эмес» деп калабыз. Буюрса, жакында Байэлди бөбөктүү кылганы турабыз.
Бегайым Тажибай кызы
koom@super.kg