«КУМТӨР» КИМДИН ПАЙДАСЫНА ЧЕЧИЛЕТ?

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы боюнча өлкөнүн аймагындагы кен байлыктар элдики болуп саналат. Андыктан учурда «Кумтөр» маселеси кандай чечилгенине карай «Жер-Үй», «Бозумчак», «Андаш» өңдүү кыргыз мамлекетинин аймагындагы башка кендердин да келечеги аныкталат. «Кумтөрдүн» айланасында бир нече жылдан бери өтө көп сөздөр айтылды, депутаттык, өкмөттүк комиссиялар түзүлүп иш алпарышты, митингдер өттү. Ошентсе да карапайым калкка ачык картина белгилүү болбой келет. Андыктан гезитибиздин ушул санын биз «Кумтөргө» арнадык. Өкмөт эмнени жашырып жатат, оппозиция эмне тууралуу унчукпайт? Мындай суроолорубуз менен «Кумтөрдү» иликтөө боюнча өкмөттүк комиссияны жетектеген министр Темир Сариевге, депутаттык комиссияны жетектеген экс-депутат Садыр Жапаровго, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тоо-кен өнөр жайларынын жана геологдорунун ассоциациясынын президенти, Инженерлер академиясынын академиги, 2007-жылы Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы болуп турган кезде «Кумтөрдүн» ишин иликтөө боюнча жергиликтүү адистерден турган атайын эксперттик топтун мүчөсү болгон Орозбек Дүйшеевге кайрылдык. Бардык тараптын пикирине орун берип, алардын үнүн элге жеткирүүнү көздөдүк. Кимдики чын, кимиси саясий упай топтоону көздөп жатат, окуп чыгып, өзүңүз жыйынтык чыгарарсыз, окурман.

  • 1978-жылы «Кумтөр» алтын кенин биринчи жолу «Кыргыз геология» экспедициячылар тобу изилдеген.
  • Ишке киргенден бир жылдан соң, «Камеко» 1998-жылы алгачкы 1 миллион унций же 32,2 тонна алтын өндүргөн.
  • 1997-2010-жылдар аралыгында «Кумтөрдөн» 242,5 тонна алтын алынган.
  • 2013-жылдын 1-июнуна карата кенде 2723 адам туруктуу иштеп жатат. Анын ичинен 2628и жергиликтүү жарандар.

КРнын Экономика министри Темир Сариев:
«ЦЕНТЕРРА» ҮЧ ШАРТ КОЙДУ»

– Парламенттин «өкмөт «Кумтөр» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн» деген чечими бар. Ал февралда башталып, берилген мөөнөт соңуна чыгып, 10-сентябрда парламентке өкмөт тарабынан меморандум киргизилип, мындайча айтканда, өз сунушун берди. Анда кийинки сүйлөшүүлөрдүн принциптери жазылган. Парламент меморандумду колдоп, «ушул нукта сүйлөшсөңөр болот» десе, анда өкмөт бул боюнча ишин улантат. Жогорку Кеңеш «жок, бул болбойт» десе, анда ал өз чечимин кабыл алышы керек.
Дагы бир эске алуучу жагдай бар. «Центерра» сүйлөшүүнүн экинчи жагы катары сүйлөшүүгө бара турган өздөрүнүн шарттарын көргөздү. Биринчиси, «Центерранын» үлүшү 50 пайыздан кем болбошу керек. Экинчиси, биргелешкен ишкананы «Центерранын» менеджерлери башкаруусу зарыл. Үчүнчүсү, 2009-жылкы келишимдеги салык жана башка төлөмдөрдүн көлөмү жокко чыкпай, күчүндө калышы кажет. Эгер бул багытта кандайдыр бир башка чечим чыгып калса, «Центерра» «биз сүйлөшүүдөн баш тартабыз да, талаш-тартыштар соттун негизинде болот» деп жатат.


КРнын Тоо-кен өнөр жайларынын жана геологдорунун ассоциациясынын президенти,
Инженерлер академиясынын академиги
Орозбек Дүйшеев:
«КУМТӨРДӨГҮ» ЭҢ ИРИ КОРРУПЦИЯЛЫК СХЕМА АНЫН КУРУЛУШ
ИШТЕРИНДЕ БОЛГОН»

Кыргызстандын эле эмес, дүйнөлүк масштабдагы эң ири кендердин бири «Кумтөрдүн» кыска таржымалын сурап КРнын Тоо-кен өнөр жайларынын жана геологдорунун ассоциациясынын президенти, Инженерлер академиясынын академиги Орозбек Дүйшеевге кайрылдык:

– «Кумтөр» кениндеги алтындын запасы алгач чалгындоо жүргүзүлгөндө 716 тонна деп айтылган. Анын 300 тоннасы толугу менен далилденген бышкан алтын. Ал эми жер астындагы 400 тонна запасты дагы жакшы изилдеш керек. Алгач «Кумтөр» кенин иштетүү демилгеси көтөрүлгөндө сынак, тендер өткөрүлгөн жок, «Камекодон» башка компания келген эмес. Ошентип, канадалыктар биздин алтынды казмай болушту. Анын иштөө тарыхына токтолсок, үч этапка бөлүп кароо туура болот.

1. 1994-2003-жылдар. Бул учурда чалгындоо, «Кумтөр» ишканасынын курулушу жүргөн. «Кумтөрдөгү» эң ири коррупциялык схема анын курулуш иштеринде болгон. «Кумтөрдү» иштетчү болгон «Камеко» 27 айда чоң ишкана куруп бүтүргөн. Бул абдан кымбатка түшкөн. Кыргызстан тараптан көзөмөл болбогондуктан, каалаган сумманы көрсөтүштү. Мисалы, алдын ала эсептөө боюнча курулушка 276 миллион доллар сарпталышы керек болсо, кагаз жүзүндө алар
«452 миллион кетти» деп айтышкан. Мына ушул жерде коррупция эбегейсиз болгон. Анткени курулушка акча жетпей калды деп алган
176 миллион доллардын үстөгү да бар болчу. Жалпылап алганда «Кумтөр» ишканасы
700 миллион долларга Кыргызстандын эсебинен салынып бүттү (!) 1997-жылы «Кумтөр» ишке кирди. Ушул коррупциялык күч легендарлуу парламентти таратып жиберген. Мен анда КРнын Тоо-кен өнөр жайларынын жана геологдорунун ассоциациясынын президенти болчумун.
2. 2004-2007-жылдар. Бул учурда генералдык келишим иштеген. Мына ошол келишим түзүлгөн учурда чыр-чатактар көп болгон. Кенде Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болгон, ага байланыштуу директорлор кеңеши 9 кишиден турса, анын 6сы кыргызстандыктар болушу керек деген талап бар эле. Бирок ал иш жүзүнө ашкан эмес. Ошентип, «Кумтөрдө» мамлекеттик көзөмөл жоголду. Анысы аз келгенсип, «Кумтөр» жаңы ишке кирген учурларда алтындын баасы дүйнөлүк баада абдан төмөндөп кетти. Мисалы, долбоордо бир унций (31 грамм) алтын 350 доллар деп көрсөтүлсө, чындыгында, 270 долларга чейин түшүп, арзандап кетти. Анын эсебинен мамлекетке абдан аз акча түштү. Андан кийин өндүрүш күчөп келатканда, 2003-жылы реструктуризация кылабыз деген маселе жаралды. Парламенттин каршылыгына карабай, 2003-жылдын 31-декабрында жыйыны жок эле Николай Танаев баштаган өкмөт телефондон эле макулдашып «Центерра голд. Инк» компаниясын түзүштү. Андагы башкы максат – Кыргызстандын үлүшүн төмөндөтүү болгон. Анткени алгачкы келишим боюнча Кыргызстандын кендеги үлүшү 67 пайыз болсо, 2003-жылы 31-декабрдагы реструктуризация деген токтомду кабыл алышканда ал 33кө түшкөн. 2004-жылы Акаев бийлиги бизде болгон 33 пайыздын 17 пайыздык акциясын сатып жиберген. Мамлекет 16 пайыздык акцияга гана ээ болуп калган.
3. 2007-2009-жылдар. 2007-жылы Атамбаев өкмөт башчы болуп турган кезде жергиликтүү адистерден турган атайын эксперттик топ түзгөн. Өлкө биринчи жолу Кыргызстандын адистерине ишеним көрсөттү. Ага чейин чет жактан жалданган компаниялар анализ жүргүзүшчү. Ал топ «67 пайыздан 33 пайызга түшүрүү эч кандай анализ жасалбай, эч кандай эсеп-кысабы жок эле өзгөртүлгөн» деп далилдеген. Эксперттердин бул тобунда мен да бар болчумун. Биз «52 пайыздык акция Кыргызстанга, 48 пайыз «Центеррага» тиешелүү болсун» деген сунуш киргизгенбиз. Бирок биздин сунуш эсепке алынган жок.
2009-жылы, Бакиевдик бийлик кезинде дагы жаңы келишим түзүлдү. Анда Кыргызстан 33 пайыздык акциялык пакетке ээ болду. Бул келишимдеги башкы ката, күнөө – 200 тонналык алтын запасты чалгындоого «Центеррага» уруксат бергендигинде. «Кумтөрдүн» тарыхында 2008-2012-жылдары бир топ алдыга жылуу байкалды. Кыргызстан өзүнүн тарыхында «Кумтөрдөн» эң көп пайда көргөн маал ушул учур болду. Мурдагыга салыштырмалуу 10 эсеге көп киреше түштү. Учурда «Центеррада» 33 пайызыбыз бар.
«Кумтөрдү» тартып алабыз» деп сотко берген күндө биз утулабыз. Анткени бардык өзгөртүлгөн келишимдерде биздин жетекчилер кол койгон. Аларды болсо эл шайлаган.
Учурда «Кумтөрдө» алдыңкы өлкөлөрдүн акциясы бар. Ал жерде азыр коррупция бар деп айтууга болбойт, анткени алар көз салып турушат. Мисалы, канадалык жарандардын 24, америкалыктардын 25, англиялык атуулдардын 18 пайыздык үлүшү бар. Анын ичинен эң көбү Кыргызстанга тиешелүү болуп, ал 33 пайызды түзөт. Тилекке каршы, акыркы эки жылда коомдук саясий абал «Кумтөргө» абдан чоң терс таасир этти. Тоо-кен боюнча эч кандай түшүнүгү жок депутаттар авантюралык аракеттерге барып өлкөгө чоң зыян алып келишти. Айтсак, 2012-жылдын февралына карата «Кумтөрдөгү» акциябыздын жалпы баасы 1,8 миллиард доллар болсо, учурда анын баасы 300-400 миллион долларга түштү. Өкмөттүн алты айдан берки сүйлөшүүсүнө бир жактуу баа бере албайм. Биздин ассоциация бир айдын ичинде өз баасын берет деп ойлойм. Анткени меморандумду жакшылап изилдеш керек.

Эльвира Караева, Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


Садыр Жапаров:
«АЛТЫН БИЗДИКИ, ТОО БИЗДИКИ, «КУМТӨРДҮ» 100 ПАЙЫЗГА АЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК»

– Жети ай бою канадалыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн өкмөт өзү сунуштаган вариант менен элди тааныштырды. Ага ылайык, «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча канадалык компания менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда жаңы ишкана түзүлүп, үлүштөр 50-50дөн бөлүнөт дейт. Депутаттардын арасынан «Кыргызстандын үлүшү эң баштапкы келишимдегидей, 67 пайыз болушу керек» дегендер чыкты. Сиз «100 пайыз болушу зарыл» деп жүрөсүз. Өкмөт депутаттык корпустун тапшырмасын аткара алдыбы?
– Бул өкмөт эч бир тапшырманы аткара албайт. Себеби өкмөт өз башына өзү ээ эмес, президенттен көз каранды, парламент андан беш бетер. 100 пайыз элге алууну бир гана эл өзү чечет. Ажо «50-50гө жеткирип алсак, бул тарыхый чындык болот» деп өз позициясын КТРКдан алдын ала эле билдирди. Анан кантип башкача чечим күтсөк болот? Мунун артында бир чоң сыр жатат.
1992-жылкы келишим боюнча 2007-жылы «Кумтөр» 100 пайызга кыргыз мамлекетине өтмөк. Ага жетпей, 2003-жылдын декабрында Акаев, Танаев жана башкалар «келишимди кайра карап жатабыз» деген шылтоо менен Кыргызстандын 67 пайыздык үлүшүн канадалыктарга бердик кылып көрсөтүшүп, бирок ошол эле мафия, ошол акцияларды туугандарына каттатып алышкан. Бүгүнкү күнгө чейин алар өз пайдаларын алып келе жатышат. Азыр эми жаңы мафия пайда болуп, алар да «50 пайызга отуралык» деп жатышпайбы.
– Учурда өкмөт сунуштаган вариант ЖК, президент, коомчулук тарабынан колдоо табышы мүмкүнбү? Кандай жетишкендиктер жана кандай кемчиликтер бар бул вариантта? Ал дагы 2004 жана 2009-жылдардагы келишимдердин таз кейпин кийин калбайбы?
– Өкмөт сунуштаган вариантка эл азыртан эле каршы чыгып жатпайбы. Бирок ким билет, мафияга алдары жетеби же жетпейби. Азыр кыргыз эли, президент, өкмөт, баарыбыз бир туруп, «Кумтөрдү» элге алышыбыз керек эле. Тескерисинче, президент менен өкмөт аларга адвокат болуп туруп алышты.
Мына, азыркы эле бийлик учурундагы бир мисалды айтайын: 2011-жылдын 30-октябрында эл президенттик шайлоо менен алек болуп жатса, «Түркияга гуманитардык жүк жөнөтүп жатабыз» деген шылтоо менен 3 тонна алтынды чыгарып кетишти. Биз кармай албай калдык. Менде кандай товарлар жөнөтүлгөндүгү жөнүндө карандай калпты жазган бажынын кагаздары бар. Иш козголуп, ким артында турат баары такталыш керек болчу. Тилекке каршы, бул бийлик турганда ким аягына чыкмак эле?
– Үлүштөрдүн 50-50дөн бөлүнүшү азырынча сунуш гана, «Центеррадагы» акционерлер колдобой, андай шарттагы сунуштан баш тартышы да мүмкүн экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Башка вариант жокпу? Дегеним, «Центеррадан» башка…
– Биз эмне үчүн «Центерранын» акционерлеринен сурашыбыз керек? Алтын биздики, тоо биздики, жер биздики, суу биздики. Эң негизгиси, биз Кыргызстан деген эгемендүү бир мамлекетпиз. Же эмне, «Центерранын» кулубузбу?
– «Кумтөрдү» толугу менен улутташтырыш керек» деп жүрөсүз. Митингдерден, бул кенди саясий курал катары пайдаланып жаткан оппозиция, позициядан улам чочулап, сырттан башка инвестор келбей койсочу?
– Таза, ишенимдүү инвестор үчүн биздин эшик дайыма ачык. Алдамчы, кыянатчы инвесторлорду биз өлкөдөн кууп чыгышыбыз керек. Эмне үчүн алдамчы деп жатам? Булар фабриканы курганда ошол биздин эле алтынды, жерди, тоолорубузду күрөөгө коюп, чет элдик банктардан 452 миллион доллар кредит алышкан. Ал эми фабриканы куруш үчүн болгону 276 миллион доллар сарпталган. Калганын биздин мафиозниктер менен биригип чөнтөккө урушкан. Кийин бул акчаны Кыргызстандын эсебинен төлөп берген экенбиз. Өзүлөрү келишим боюнча 45 миллион доллар биздин бюджетке беришмек. Бирок бул акчаны фабрикага колдонуп, кайра эле алтын сатыла баштаганда өзүлөрү чыгарып кетишкен. Алынган кредитти дагы алтын сатып башында эле жабышкан. Бүгүнкү күнгө чейин 10 миллиард доллардын тегерегинде каражат чыгарып кетишти. Бул алдамчылык жагын айттым. Эми кыянатчылык жагын айтайын. 20 жылдан бери алтындан кымбат аппак мөңгүлөрүбүздү талкалап жок кылышып, 5,5 миллиард долларга зыян келтиришкен. Анысы аз келгенсип ошол мөңгүлөрдүн арасына 100 миллион тонна цианид көлүн таштап жатышпайбы. Ал көлдөн бүгүнкү күндө Нарын дарыясына уу агып кирип жатат. Нарын дарыясынын жээгинде жашаган калкыбыз уу ичип жатышпайбы. Эгер мындай көрүнүш Европа өлкөлөрүндө болгондо бийлигин мафиясы менен кошуп тизип туруп атып салышмак. Кыргыз эли жоош эл келет эмеспи, ошол үчүн унчукпай жатышат.
– Бул аралыкта «Кумтөрдөн» мамлекеттик казынага акча түшпөй калса инвестор табылып, өндүрүш башталгыча деп соттор же депутаттар айлык албай коюуга, пенсионерлер пенсиясын албай турууга кудуреттери жетпейт да. Маселени чечүүнүн радикалдуу эмес жолу тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?
– «Кумтөрдөн» түшкөн акча республикалык бюджетибиздин кичинекей эле бөлүгүн түзөт. «Пенсия, пособие албай каласыңар» деп бийлик калп эле элди коркутууда. Себеби «Кумтөр» мамлекетке өтүп кетсе, бийликтегилер чөнтөгүнө түшө турган үлүштөн куру жалак калышпайбы. Мен булардын логикасына түшүнбөйм. «Кумтөр» толук өтсө, четке ташылып жаткан 1 миллиард доллар жылда өзүбүздүн казынага түшүп турат да.
– Нарын суусу, цианид демекчи, Эрлан Өмүралиев деген жигиттин УКМКга берген көрсөтмөсү элге жарыя кылынды эле. Кечээ ал жигит сизге башка вариантты айтыптыр. Ушул жөнүндө кененирээк токтоло кетесизби?
– Кыргызда жакшы сөз бар, «Кыңыр иш кырк жылда билинет» деген. Бул жигитти УКМКнын кызматкерлери 10 күндөн бери телефондорун алып коюп, эч ким менен байланыштырбай «Телевидение же радиого чыгып маалыматты четке кагып жибербе, бизди шерменде кыласың. Бул жерде биздин күнөөбүз жок, биз аскербиз да, болгону жогору жактын буйругун аткардык, бизди кечирип кой. Андан көрө чет жакка, Дубайга же Орусиянын сен каалаган шаарына үй-бүлөң менен жиберели, баарын камсыз кылып беребиз» деп сунушташыптыр. Эрлан Өмүралиев 17-сентябрда эртең менен мен тура электе үйүмө келип калыптыр. Экөөбүз отуруп кеңири сүйлөштүк, видеого да жаздырып койдук. Баарын ыйлап айтып берди. «Садыр байке, ушул мен кайтарууда жаткан 10 күн 10 жылдай болуп кетти» дейт. «Кантип качып чыктың?» десем, «Түнкү саат 4тө тосмодон секирип чыгып Бишкекти көздөй жөнөп, жетип келдим. Нарында болсо УКМКнын кызматкерлери үйүмдү кайтарып калышты» деди. «Кандай максат менен келдиң?» десем, «17-сентябрь күнү кечинде иниңиз менен эптеп бир убакыт таап телефондон сүйлөштүм эле. Иниңиз «маалымат жыйын беребиз» деди. Мен дагы силер менен чогуу чыгып, болгон чындыкты айтып берейин деп келдим» деди. Аңгыча эле Нарындан УКМКнын кызматкерлери ызы-чуу түшүп издеп калышты. Андан кийин Эрландын атасы чалды «Балам, маалымат жыйынга чыкпа» деп. Көрсө, ал баланы жашыруун тарткан тасмасын толук бербей кескилеп, ал бала бизди өз сөзү менен каралап жаткандай кылып көрсөтүшүптүр. «Тасманы үзбөй беришсе таптакыр башка болот» деп чыркырап ыйлап жатпайбы. Эрлан булардын куралы болгонун түшүнүп, «Мени Геннадий Павлюктай кылып жогорку кабаттан ыргытып жибербегиле» деп суранып айттым» дейт. Атасы чалгандан кийин Эрлан маалымат жыйынга чыкпай калды. Биз өзүбүз барып маалымат жыйын бердик.
– Өкмөткө түз, кыйыр көз каранды телеканалдар Эрлан Өмүралиевдин жашыруун тартып алган тасмасын бир нече күн көрсөтүштү. Ал эми силер жарыялаган маалымат коомдук телеканалдан учкай гана берилди. Телеканалдарыбызды дале Ак үйдүн жетегинен чыгара элекпизби?
– Өкмөттүк каналдар илгертен бери эле бийликтин кара жашиги болуп келген. Ошондуктан мен силердин гезит аркылуу бүтүндөй элге кайрылам. Өкмөттүк каналдар кимдир бирөөнү каралап кирсе дароо эле ишене бербей, биринчи анализдеп көргүлө. Эл менен талкуулагыла. Андан кийин ишенесиңерби же жокпу, өз ишиңер. Бир эле мисал, кечээ КТРКдан биздин маалымат жыйынды беримиш болуп, биздин сөздөрдү бербей, дагы бир жаш баланы колдонуп сүйлөтүп жатышат. Калптын казаны кайнабайт болуп бул чындык акыры бир күнү чыгат. Жакында «Кумтөр» маселеси карала турган болуп жатат. Ошого байланыштуу мага карата ар кандай кара пиарларды жүргүзө башташты. Себеби мени «Кумтөр» маселесине аралаштырбай же менин айткан фактыларыма эл ишенбегендей кылып жасаган аракеттери болуп жатат.
– Кайра эле «Кумтөр» боюнча, эмне кылсак болот? Кандай кылып чече алабыз?
– 100 пайызга алышыбыз керек. Жылына чет жакка чыгып жаткан 18 тонна алтын өзүбүздүн мамлекетке калыш керек.

Жазгүл Калыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
mekenchil_jigit
2013-09-23 09:34:26
Бийликте баягы эле жеп жутарлар. Мындай абалда кумтордон бир тыйын да пайда болбойт!
0
Aidai2010
2013-09-23 13:21:18
Жапаров 2009 жылы эмне кылып журду эле, каршымын эмес деп кол коюп жургондо эмнени ойлоду, тим эле башынан элине куйуп жургонсуп ушулар тажатты, бийлик керек болуп калганда эле элин ойлоп калышат.
0
Xamer
2013-09-23 16:33:19
Жапаров канча жылдан бери депутат, мамлекеттик иштерде ищтеп журдум, баардыгы биздики болсо эмне озун кайрып албадын Кумторду. Туура айтат бул жактагылар 2009 жылы макул болуп, эми каршы чыгып калганын 2 жуздуулук.
0
Basmachy222
2013-09-23 18:06:50
Эртен Атамбаев оппозиция болгондо, коробуз да ким жалган, ким чын экенин! Ато бирине да ишенбоо керк болуп калды! Бири бийликке келсе экинчиси жамандайт! Экинчис бийликке келсе бирнинчисин жамандайт! Эгерде Жапаровдун айткандары, чын болсо анда ийгилик! Кумторду бомба коюп жардырып эле жиберет окшойбуз. Ушунун айынан бирин бири буттан чалып журушот! Кумтордо алтын жок болгондо эмнени талашмак экен! Андан башка бир, олтуу койгой барбы Кыргызстанда?? Бир эле булардын иши Кумтор болуп калды!
+1
Chika12
2013-09-24 10:25:03
Кумтор Жапаров учун саясий упай топтоо, Кумтордун ачылганына 17 жыл болду, эмне ушул убакытка чейин Кумторду которуп чыккан жок, качан гана позициядан оппозицияга откондо которду бул теманы. Куйуп жургон адам 3 млн доллар берсен ызы-чуу кылбайбыз деп жуучуну жиберет беле??? КУмторду жардырсанар да, эртенки куну булар дагы башка бир теманы которуп чыгат элди озуно тартыш учун, же анда аны да поблема жоголсун деп жардырып саласынарбы. КУмтор оппозиция учун КУРАЛ!!!
-1
Basmachy222
2013-09-24 12:39:15
Chika12, и
Тынччылыкпы?
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан