ОРОЗОҢУЗ КАБЫЛ БОЛСУН!

Мына, бүгүн 21-август ыйык Рамазан айынын биринчи күнү. Мусулман баласынын беш парзынын бири болгон Орозону кармоону ниет кылгандар үчүн кеңири маалымат төмөнкү макалада.

Орозону канча жаштан кармайт?

Орозо – акыл-эси толуп жана балакатка келген (орточо 15 жаш) бардык мусулмандарга парз болуп эсептелет. Бир гана оорулууларга жана жолоочуларга орозо тутпоо уруксаты бар. Айрыкча балакатка чейинки жаш балдар (7-15 жаш) туткан орозо кабыл болот.
Айыз (этек кир) жана нифас (тө­рөттөн кийин келген кан) абалындагы аялдар орозо тутушпайт. Аялдар бул абалдары бүткөн соң тутулбай калган күндөрүн каза кылып тутушат.

Айыз же нифас абалында болгондордун орозосу жөнүндө

Айыз же нифас абалында болгон аялдарга намаз окуу жана орозо тутуу арам болуп саналат. Орозо тутуп жаткан маалда айыз келсе, орозосу бузулат. Ооз ачарга чейин орозону улантпастан, оозун ачуусу керек. Мына ушундай абалдарда Рамазан орозосунун тутулбай калган күндөрүн тазалангандан кийин каза орозо кылып тутуу кажет.

Орозо тутпоого уруксат берилген абалдар

Исламда себепсиз орозо тутпоо чоң күнөө болуп эсептелет. Башталган орозону себепсиз же атайын бузуу айыпты (каффаратт) талап кылат. Төмөндө белгиленген абалдарда орозону тутпоого же башталгандан кийин бузууга уруксат.
1. Жолго чыгууда. Шарият боюнча жолоочу катары жолго чыккан адам орозо тутпаса болот. Бирок орозону баштап койгондон кийин сапарга чыга турган болсо, анда орозосун тутууга туура келет. Эгер орозосун бузса, казасын гана орундатат.
2. Ооруп калганда. Орозо тутууга тоскоолдук кылган кандайдыр бир сыркоосу болсо же орозо туткан маалда сыркоосу күчөсө, анда ал адамга орозо тутпай коюуга уруксат бар. Өтө катуу ачка болгондо же суусагандан ден соолук начарласа, анда да орозо токтотулат.
3. Карылыкта.
4. Кош бойлуу кезде, бала эмизүүдө. Кош бойлуу болгон аял орозо тутканда баласына же өзүнө зыян келе турган болсо, анда орозо тутпайт.
5. Согуштагы аскерлерге.
6. Кыйноо же коркутууга дуушар болгондо. Мындай абалга туш келгендер ооздорун ачса болот.

Орозого качан жана кантип ниет кылынат?

Рамазан орозосуна түн киргенден эртеси күн так төбөгө келгенге чейин ниет кылса болот. Күн так төбөгө келгенден кийин ниет кылуу убакыты бүтөт. Күн бата электе эртеңки күн үчүн ниет кылынбайт. Эртеңки күнгө ниет кылуу үчүн күн батып, түндүн кирүүсү керек.
Рамазан орозосунун ар бир күнүнө өз-өзүнчө ниет кылынат.
Рамазан орозосуна “орозо тутууга ниет кылам” деп айтуу жетиштүү. Бирок бул сөздөр чын дилден айтылуусу кажет.

Орозонун каза болушу

1. Адат болуп калган бир нерсени жегендик. Ун, чийки күрүч, кандайдыр бир мөмөнүн данегин жутуу. Кагаз, пахта, топурак, кургак чөп, саман ж.б.у.с. нерселерди жеш.
2. Байкабастан суу жутуп же тамак жеп алуу. Мисалы, даарат алып жатып оозго алынган суунун тамакка жүгүрүп кетүүсү, кардын же жамгырдын тамчыларын жутуп алуу, орозо экенин унутуп, бир нерсе жеп алуу.
3. Тиштен аккан кан. Эгер аккан кан түкүрүктөн көп болсо орозо бузулат. Аз болсо бузулбайт.
4. Өз каалоосу менен ооз толтура кусуу. Ооз толтура болбогон кусунду өзүнөн-өзү келип, кайра артка өзү кайтса, орозо бузулбайт. Эгер ушундай эле кусунду келип, аны киши атайлап жутса, орозо бузулат.
5. Орозо экенин унутуп, бир нерсе жеп алып, “орозом бузулду” деп тамак-аш жешти улантуу.
6. Саарлык убакыты өтүп кеткенине карабастан, өтө элек деп ойлоп, тамак ичүү.
7. Күн бата электе оозду ачуу.
Ал эми орозо айыбы (каффаратт) бир гана Рамазан орозосун билип туруп бузган­дардан талап кылынат. Бир күн үчүн 60 күн орозо тутулат же 60 кембагалга тамак-аш берилет.

Дары-дармектер тууралуу

Орозо маалында көзгө тамызылган суюктуктар орозону бузбайт. Ийне сайдыруу же дары-дармек ичүү орозону бузат. Мындай абал казаны талап кылат. Мажбур болмоюнча дары же ийне колдонбоо керек. Мүмкүн болушунча ооз ачкандан кийин колдонуу абзел. Ден соолугуна байланыштуу кан алдыруу да орозону бузбайт.

Орозонун адеби кандай?

Орозо Пайгамбарыбыз (САВ) айтып жана көрсөтүп кеткендей тутулат. Орозо – эртеден кечке ачка жүрүү эмес. Беш нерсе орозонун сообун жууп, жок кылат: жалган сүйлөө, ушак айтуу, кимдир бирөөнүн аркасынан жамандоо, жалган касам ичүү жана арам нерсеге тамшанып кароо. Рамазан айында ар дайым Куран окулуп, садагалар берилүүсү керек.

Орозо кармап, чың ден соолукта болуңуз!

Ачка болуу – заманбап медицинада да “диета” деген аталышта. Ал чың ден соолукта болуунун биринчи шарты. Ошондой эле орозо убагында адам баласы өзүнүн ден соолугуна бир кыйла кам көргөн болот.

Ачка болууда.

1. Жүрөк таза, эс тутум күчтүү болот. Ал эми ток жүргөндө унутчаактык, ыплас иштер көбүрөөк болот.
2. Жүрөк сергек болот. Дуба жана ибадаттардан береке, лаззат алса болот. Ток болгондо ибадаттан лаззат пайда болбой калат.
3. Көңүл жумшак болуп, адамдар кичипейил болуп өзгөрүшөт. Кур­сак ток болгондо текеберчилик, менменсинүү жана мактаныч кө­бү­рөөк болот.
4. Кедейлер жана карды ачтар эске келет. Токтукта алар эске келбей унутулат.
5. Напсилик арзуулар ооздукталат. Ток жүргөндө болсо напси аммара (жамандыкты буюрган напси) күчтөнүп, күүлөнөт.
6. Дене сергек болот. Ток учурда ыкшоо тартып, кайдыгерлик басат.
7. Ибадат кылууну улантуу же­ңил. Ток учурда жалкоолук, ныксы­роо болот.
8. Ден соолук чың болот, оору жоюлат. Токтукта дене чарчап, ооруйт.
9. Ачкалыкта дене куштай жеңил болот. Ток болсо оордук, бошоңдук болот.
10. Кайыр-садага берүү каалоосу пайда болот. Бул болсо пендени кыямат күнүнүн коркунучтуу ысыгында серүүн көлөкөгө ээ кылат. Токтукта болсо сараңдык, ысырапкордук пайда болуп, пендени жексен кылат.

Орозонун тарыхынан

Орозо – бул тамактан, суусундук ичүүдөн, аялы менен кошулуудан баш тартып, таң аткандан күн батканча ибадат кылыш үчүн берилген ай.
1426-жылдан бери мусулмандар орозо кармап келишет. Алла Таала Куранда: “Рамазан айы – адамдарга түз жол көрсөткөн жана чындык менен жалганды ажыратуу үчүн Куран түшүрүлгөн ай” деген. Ошентип, “орозо кармоону Алла Таала милдеттендирген, ал эми Мухаммед пайгамбар аны элге жеткирген” делет.

Орозодо тыюу салынган нерселер:

1. Аялзаты, эркектер менен өбү­шүү.
2. Аялзатын кумарланып көпкө тиктөө.
3. Жыныстык катнаш туурасында ойлонуу.
4. Аялга колу менен же денеси менен тийишүү.
5. Оозду шилекейге толтуруп, анан жутуу.
6. Эч зарылсыз тамактан ооз тийип көрүү.

Орозону буза турган себептер:

1. Күндүз атайлап тамак ичүү.
2. Ооз жабык учурунда жыныстык катнашта болуу.
3. Атайлап кусуу.
4. Ичеги-карынды тазалаш максатында клизма жасоо, кан азыктарын венага куюу.
5. Айыз кандын келиши.
6. Дарылоо максатында организмден кан алуу.

Эскертүү

1. Ким эгерде Рамазан айында күн­дүзү жыныстык катнашка барса, орозо кармап бүткөндөн кийин күнөөсүн жууш керек. Бул күнөөнү жууш үчүн катары менен эки ай (60 күн) орозо кармалат.
2. Эгер орозо кармоого шарты, мүм­күнчүлүгү жок болсо, анда 60 кембагалга тамак бериши керек.
3. Ким орозодон карызы бар болсо, кийинки орозого чейин карыз орозосун кармашы керек.
4. Эгер “Меккеге барам же орозо кармайм” деп убада кылган адам көз жумса, анда анын ордуна убадасын өкүл аткарат.

Ооз бекитүү дубасы:

Навайту ан асуума савма шахри рамадаана минал фажри илил магриби, халисан лиллахи таүала Аллаху акбар.
Мааниси:
Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым. Аллоху акбар.

Ооз ачуу дубасы:

Аллохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва аүлайка таваккалту, ва аүла рызкика афтарту, фагфирлии маа коддамту ва маа аххарту.
Мааниси:
Алла Таалам, өзүң үчүн орозо кармадым, өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын, баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.
Кадыр түн 15-сентябрдан 16-сентябрга караган түнү болот.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
saraltyn
2009-08-24 11:36:40
Орозодо тыюу салынган нерселер:
1. Аялзаты, эркектер менен өбү­шүү делип жазылыптыр. Демек орозо кармаган киши жубайын же карындашын бетинен же пешенесинен искеп өбө албайт экен да. Бул туурабы,
0
meka
2009-08-28 10:35:03
Туура эмес тушунуп калдыныз окшойт, обушуу менен обуунун айрымасы бар да туурабы. Аялы менен куйоосу обушсо болбойт, бирок энесин, карындаштарынын, наристелердин бетинен суйсо боло берет. Ошондой эле жашы отуп козголбой калган чал кемпиринин бетинен ооп койсо боло берет, бирок жаш куйоо аялынын бетинен обушуу макуру. Куйоо менен аялдын ортосунда ооз жабык учурунда, (ачкандан кийин боло берет, тундо) мамиле болбош керек.
0
Joldoshbek
2009-08-29 04:15:03
ooz achuu dubasinda " birohmatika ya arhamar rahimiin" degen jeri bar bele ayaginda.
0
saraltyn
2009-08-29 14:57:05
meka
толугураак чечмелеп түшүндүрүп бергениңиз үчүн рахмат.
Дайыма айтат элем, динге тиешелүү темаларды толук түшүнк берилсе, себеби баардык адам ошол макаланы жазган кишидей түшүнө бербейт го...
0
№ 355, 21-27-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан