«Томография», «Компьютердик дарт аныктоо», «Адамдын бардык органдарын 1500 сомго текшерип беребиз». Учурда ушул сыяктуу баракчалар ар бир көчөдө, жадакалса коомдук транспорттордун ичинде да чапталып турганын көрүүгө болот. Карапайым калктын далайы мындай жарнактардын курмандыгы болуп келет.
«БИЗДИ АЛДАП КОЮШТУ»
Кеңсебизге баш баккан НУРГҮЛ АСЫЛБЕКОВА (аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу окурманыбыз кандайча алдамчылардын кылтагына илинип калганын төмөнкүдөй баяндады:
– Үстүбүздөгү жылдын июнь айында күйөөм экөөбүз Бишкек шаарындагы Сүйүмбаев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан менчик клиникага кайрылдык.Клиника деп айтылганы менен, ал жерде 2 гана айым иштейт экен. 1 сааттын ичинде компьютерден текшерип, экөөбүзгө тең «ашказаныңар ооруйт» деп жыйынтык чыгарып беришти. Анан күйөөмө 10 миң сомго, мага 8 миң сомго бир компаниянын дарыларынан жазып беришти.
Мындан тышкары өздөрүндө атайын ысык суу бар экен. Ага 3 ирет түшүү керек дешти. Ысык сууга бир жолу түшүү акысы – 800 сом. Күйөөм экөөбүз алардын айтканы боюнча ысык сууга түшүп, дарыларын сатып алып ичтик. Бирок эч кандай жыйынтык чыкпаганынан 1 айдан соң кайра барсак, көчүп кетишиптир.
«ЖҮРӨГҮҢ ООРУЙТ»
Каарманыбыздын сөзүнөн кийин ГҮЛҮМКАН аттуу таанышым айтканды эстедим. Ал төмөнкүлөрдү айтып берген эле:
– 2007-жылы иш издеп жүргөм. Таанышым «Бир жерде жакшы жумуш бар экен, барып көрбөйсүңбү» деп калды. Айткан дарекке барсам мени орто жаштагы аял тосуп алды. Анан иштөө эрежелери менен тааныштырды. Анын айтуусу боюнча, мен компьютерде отуруп, медициналык билимим жок болсо да келген кардарларга «врачмын» деп айтып, билбесем деле аларга диагноз коюп, бир компаниянын дарыларын сатышым керек экен. Өзү «барып кардар таап келем» деп кетип, бир кезде Казакстандан келген бир аялды ээрчитип келди. Аны компьютерден текшеримиш болуп, «жүрөгүң ооруйт» экен десе, кардар аял ишенип калды. Анан ошол жерден жазып берген дарыларды сатып алды. Берки эже заматта анын 4-5 миң сомун алдап алып койгонун көрүп өзүмчө жаман болдум. «Иштебейм» деп кетип калгам.
«КОМПЬЮТЕРГЕ ЭМЕС, ВРАЧКА ИШЕНГИЛЕ»
Жогорудагы сөздөрдөн кийин менчик медициналык ишканалардын ишмердүүлүгүн иликтеп көрүүнү чечтик. Алгач Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары БАКЫТ ТӨЛӨГӨНОВГО кайрылдык:
– Биз Ысык-Көлдөгү бир айылга барсак, ооруканада «Томография – 1500 сом» деп илинип турат. Кандай, эмне болгон томография экендиги жазылган эмес. Сураштырсак, ал жакка көп киши текшерилет экен. Карапайым адам үчүн 1500 сом чоң акча. Чындыгында, бул накта шарлатандык. Бир заматта эле бардык органыңды текшерип, «бул жериң ооруйт» деп таап коё турган аппарат жок. Компьютердик текшерүү эч качан диагноз коё албайт, ал жөн гана врачка дартты аныктоого жардам берет, диагнозду врач коёт. Алардын чыгарган диагнозун көрсөңүз жүрөк түшөт. Бирөөнүкүн көрсөм, боор, өт, ашказан, иши кылып бардык органдарын эле ооруйт деп чиймелей бериптир. Ал диагнозду Саламаттыкты сактоо министрлигине «текшерип бергиле, көзөмөлдөйлү» деп өткөргөм. Андай болсо ооруканаларды жаап, врачтардын деле кереги жок болуп калбайбы. Ошондуктан жанагы жайнаган жарыялардын көпчүлүгү жалган.
Биз деле компьютерден текшерүүгө бейтаптарды жиберебиз. Компьютердик текшерүүгө эгерде врач жиберсе гана барып текшерүүдөн өтүш керек. Элдин жаңылганы, компьютерден текшерилгенди дарылануу катары көрүшөт. Арасында көптөн бери иштеп келген жакшы менчик клиникалар деле бар деңизчи, бирок алдамчылык менен акча тапкан менчик клиникалар көп.
«СҮФ! КЕЛЕ АКЧА!»
Миң уккандан бир көргөн артык эмеспи. Шаар ичиндеги бак-даракка чапталган «Томография, 1500 сомго адамдын бардык органын текшерип беребиз» деген жайнаган жарыянын бириндеги номерге чалып көрдүк. Телефонго айым жооп берип, Чүй-Панфилов көчөлөрүндөгү мурунку «Бейиш» элдик медициналык борборунун 3-кабатында жайгашкан иш бөлмөсүнө чакырды.
Барсак, кенен бөлмөдө орто жашап калган 2 аял отурат. Биринин алдында кадимки ноутбук, кулагында тыңшагыч менен музыка угуп жаткан экен. Бизди көрө сала жанына отургузду. Анан текшерилмекчи болгон кесиптешиме биз келгенде өзү музыка угуп отурган тыңшагычты кийгизип коюп, ар кайсы суроону жаадыра баштады. Бизде жашыруун камера менен диктофон иштеп жатты. Улам «бул жериң ооруйбу?» деп сурап коёт. «Жок» десе «аа» деп коюп, кайра ноутбугуна үңүлөт. Улам экөө эки жактан тибеттик бир компаниянын дарыларын, буюмдарын айтып, «ошондон ичсең, кийсең, колдонсоң жакшы болуп кетесиң» деп жатышты. Акырында алар кесиптешимди «таза» деп жыйынтык чыгарышты да, 1500 сом алышты. Төлөнгөн акча үчүн квитанция, томографтын өзү кайда? Жообу оңой эле, алар жок болчу. Ал эми бизди «текшерген» айымдын медициналык билими бар экенин бир Кудай билет... Эгер кардар «оорудум» деп келсе оорукчан, «эч жерим оорубайт» деп келсе таза кылып жыйынтык чыгарып бере беришет тура деген ойдо калдым.
Андан соң «Ош базарындагы» соода борборлордун биринин жер төлөсүндө жайгашкан «УЗИ» деп жазылып турган кичинекей бөлмөгө кезек күтүп отуруп баш бактык. Ал жерге 2 кесиптешим кирип текшерилди. Ак халатчан эжекебиз 15 мүнөткө жетпей биринен 150 сом, экинчисинен 350 сом алып жолго салды. Баарынан кызыгы, «бөйрөгүм ооруйт» деп бөйрөк тушун көрсөтүп кирген кесиптешиме «ал жер ашказан» деп текшербестен дароо кандайдыр бир дарыларды жазып бере салды. А УЗИден ашказан ооруйт экенин ал кантип билди?
«АШЫКЧА ДАРЫ ЖАЗА БЕРИШЕТ»
Чыккан соң жыйынтыгын салыштырып көрмөкчү болуп Улуттук госпиталдын УЗИсине түштүк. Ал жерден бир кишини текшерүү үчүн жок дегенде 15-20 мүнөт сарпталарын, УЗИге түшкөн соң сөзсүз кан, заара сыяктуу анализдерди да тапшырыш керек экендигин билдик. Акырында эки тараптын УЗИсинин жыйынтыктарын көтөрүп алып Улуттук госпиталдын терапевт дарыгери ЖЫПАРА АКМАТОВАГА бардык:
– Эки УЗИнин тең жыйынтыктарын карап чыктым. Менчик УЗИде жазган жыйынтык боюнча, биринчи бейтапка «өтүнө суук тийген, бооруна таасир эткен, кан басымы төмөн» деп жүрөт. Текшерсем, боору таза экен. Өтү да жакшы. Ал эми кан басымы чын эле төмөн. Анан ашыкча эле дарыларды жазып коюптур. Менин оюмча, муну 2 дары менен эле айыктырса болот. Ал эми экинчи бейтап (экинчи кесиптешим) тууралуу айтсам, бардык органдары таза. Ашказанын болсо түтүк салып текшермейинче «ооруйт» же «оорубайт» деп айтуу мүмкүн эмес.
«МЫНДАН АРЫ КӨЗӨМӨЛДҮ КҮЧӨТӨБҮЗ»
Мамлекеттик ооруканаларда орун жоктугу, айрым бир дарыгерлердин орой мамилеси, шалаакылыгы менчик клиникалардын көбөйүшүнө алып келип жатабы? Менчик клиникалардын лицензиясы барбы? Аларды ким көзөмөлгө алат? Ушул сыяктуу суроолорубузга Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, КРнын башкы санитардык врачы КУБАНЫЧБЕК ЧОЙБЕКОВ жооп берди:
– Жеке менчик клиникалар Бишкек жана Ош шаарында көп. Иликтеп көрсөк, 2012-жылдын аягына чейин орто эсеп менен 4800гө чукул жеке менчик клиникалар, медициналык бөлмөлөр лицензия алышыптыр. Лицензиясы жок иштеп жаткандары мындан да көп болушу мүмкүн. Жакында эле Бишкек шаардык санитардык-эпидемиялык көзөмөл уюму, Ооруларды алдын ала көзөмөлдөө департаменти жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Лицензия берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте комиссия түзүп, шаардын базарларында канча менчик медициналык ишкана бар экенин, алар мыйзамдуу иштеп жатабы деп текшердик. Бир эле мисал, «Ош базарынын» ичиндеги соода борборлордун жер төлөлөрүнөн эле 44 менчик медициналык ишкана текшерилип, анын үчөөнүн гана лицензиясы бар болуп чыкты.
Ал эми 1-2-кабаттарында алтоонун гана лицензиясы бар, 35инин лицензиясы жок экен. Чынын айтканда, текшерип жатып өзүбүздүн жүрөгүбүз түштү. Элестетсеңиздер, бир УЗИ бөлмө бар экен, ал жерде кардарын текшерип жатат. Жанындагы бөлмөдө ортосуна кичинекей эле тосмо коюп алып акушер-гинеколог аборт кылып жатат. Андай шартта, тар бөлмөдө кантип иштеп жатышат? Кардарынан ошол учурда көп кан кетип өлүп калса эмне болот? Ошондуктан азыр иликтөө жүргүзүп жатабыз. Убагында ушундай мыйзамсыз иштерге барып, иштөөгө уруксат берген кызматкерлерди аныктап, аларды жоопко тартышыбыз керек. Анан мындай көрүнүштөр дагы кайталанбаш үчүн көзөмөлдөп турушубуз кажет.
Албетте, ден соолугу үчүн эч ким акчасын аябайт эмеспи. Бирок акчаны жөн гана ак халат кийген актёрдук чеберчилиги күчтүү алдамчылардын колуна карматып жиберип же акчадан, же ден соолуктан жок ортодо калууну каалабасаңыз, анда сак болуңуз.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg