Омар: “КЫРГЫЗ КЫЗЫНАН БАШКАНЫ СҮЙБӨЙМ”

Шоу-бизнестеги шыңга бойлуу, кең далылуу, анан да үнү жагымдуу, адамгерчиликтүү жигит Омардын АКШга сапар алганын уктуңуз да. Өтө мактап жибердик окшойт, бирок айтылган сөздөргө ырчы чын эле татыктуу. Мына ушул жигит алыска сапар алар алдында редакцияга келип, маек куруп кеткен эле.

– «АКШга сапар алам» деп бир эмес, бир нече жолу айтып, кете албай жүргөнүңдүн себебин билсек болобу?
– Кетем деп элге калпычы болуп жүргөнүмдүн себеби “Жаңы толкун” фестивалы болду. Былтыр фестивалдын уюштуруучулары “кийинки жылы сени конок катары чакырабыз” дешкен эле. Ошону күтүп жүрбөдүмбү. Катышам деп “Non stop” тобунун ырчысы Елена Максимова менен дуэт да жаздыргам. Тилекке каршы, быйыл фестивалга аттуу-баштуу ырчылар жана конкурсанттар гана катышат экен. Анын үстүнө, конкурстун убактысын да кыскартып салышыптыр.
– Бизге “Елена экөөбүздүн дуэтибиз жакында радио түйүндөрүнөн жаңырат” дедиң эле...
– Ыр дапдаяр. Азырынча элге угузууну туура көрбөй турам. Ал ыр менен Эл аралык фестивалдарга же сынактарга катышып, ийгиликке жетишип келгенден кийин биздин элге угузсам, хит болот деп ойлоп жатам.
– Мейли анда, ал ырың деле хит болчу күн алыс эместир. АКШга кандайча кетип жатасың? Ал жакка баргандагы максатың эмне? Кененирээк­ токтолуп кетсең...
– Кичине кезимде эле Кыргызстанга келген америкалыктар менен достошуп калгам. Ошондон улам АКШга барууну көптөн бери максат кылып келем. Ал жакка Geos school деген окуу жайында билим алганы баратам. Бул окуу жайды биздеги агенттиктердин биринен таптым.
– Окугум келет десең эле ала берет бекен? Же атайын экзамен тапшырдыңбы?
– Сүйлөө речимди текшеришти. Буга чейин англис тилин үйрөнүү үчүн көп аракет жумшагам. Ошол аракетим жемиштүү болду десем жаңылышпайм.
– Кайсы штатка кетип жатасың?
– Массачусетс штатындагы Бостон шаарына барам. Негизи, ал жерде окуу жети жылга чейин экен. Бирок жарым жылдан кийин башка окуу жайларга которулуу мүмкүнчүлүгү да бар. Ошондон улам алты айдан кийин башка штаттарга барып окуумду улантайын, Американын башка жерлерин да көрөйүн деп турам.
– Жөн гана тил үйрөнбөстөн, бир багытты көздөшүң керек да. Сураганым, кайсы факультетти тандап жатасың?
– Аны барганда көрөм го. Ошондуктан азыр мен бул же тигил кесипти тандайм деп айталбайм.
– Бир жылдык окуу акысы канча экен?
– Окуу акысы бир топ эле сумманы чапчыйт. Бул жашыруун эле болсунчу.
– «Президент 5000 доллар берди» деп сүйүнүп турасың, ал акчаны окууңа жумшайсың да ...
– Ооба, Президент Курманбек Бакиевдин атынан Маданият министри Султан Раев 5000 доллар тапшырды. Бул акчаны окуума жумшаймын. Андан сырткары да АКШга кетүүмө демөөрчүлүк кылган бир нече агам бар.
– Сенин алыска кетип жатканыңа ата-энеңдин ичи ачышып жатат го...
– Ким эле баласын жанынан чыгаргысы келсин. Мени да ата-энем эч жакка кетиргилери келген жок. Ошого карабай, мен ал жактан өзүмө көп нерсе аларымды түшүнүшүп, жалгыз баласы болсом да Америкага барышымды колдоп жатышат. Ал эми эжем экөөбүздүн дайыма, кайда жүрбөйлү оюбуз бир.
– Бир бала, бир кыз болгондон кийин, эжең экөөң сырдашсаңар керек. Качан жезделүү болгону жатасың?
– Чын эле экөөбүз аябай жакынбыз. Бирок качан жезделүү кылат, аны билбейм. Эми мен Америкадан келгенден кийин турмушка чыгат болуш керек. Мен жокто күйөөгө тийип кетсе уят го.
– Ата-энең, биртуугандарың сени кетиргиси келбей жатканы турган кеп. Ал эми сүйгөнүң эмне деп жатат?
– Сүйгөнүм болсо, анан бирдеме дейби? Жок болсо, ким эмне демек эле? Сүйө албай жатпаймынбы. Сүйүүмдүн жоктугун “жумушум көп, убакыт тар” деп түшүндүрбөйм. Анткени сүйүү эч нерсеге карабайт. Бир күнү сүйүү башыма келсе, “сүйдүм” деп отуруп калам да, мен деле.
Келечектеги колуктуңдун кандай аялзаты болушун каалайсың?
– Апам дайыма “ыймандуу кыз ал” дейт. Буюрса, “стандарт” кызга жолугам. Стандарт десе эле 90-60-90ду элестетпегиле. Өңдүү-түстүү, бирок мүнөзү жанга жагымсыз болсо аны ашып кетсе жарым жыл сүйөсүң, анан көңүлүң калат. Менин келечектеги колуктум токтоо, ыймандуу, ата-энемди сыйлаган айым болот. Мага негизи, күнүмдүк жашоо менен алпурушкан кыздар жакпайт.
– Америкадан башка улуттун кызын сүйүп калсаңчы?
– Тфү-тфү... Анын бетин ары кылсын. Андай болбойт. Татынакай эле кыргыздын кызын сүйүп калууга не жетсин. Сөз берем, кыргыз кызынан башканы сүйбөйм. Азыр 21демин, үч жылдан кийин үйлөнөм. Өзүмдөн алты-жети жаш кичүү кызга үйлөнсөм керек.
– “Келинчегим ыймандуу, токтоо болсо экен” деген жигиттин өзүнүн мүнөзү кандай болду экен? Токтоо көрүнгөнүң менен, өтө эле тамашакөй окшойсуң. Кыргыздар «жылма» деп коюшат эмеспи...
– Досум Эрмек Нурбаев да. Эрмекти билесиздер, эки сөзүнүн бири тамаша. Тамашакөйлүктү ошол мага жугузуп жатса керек. Чынында, жинденип жатканым да, сүйүнүп жатканым да, мушташкым келгени да баары ичимде. Ата-энем кичинемден жоопкерчиликтүү болууга тарбиялаган. Чын эле ошондоймун. Кээде жоопкерчиликтүүлүгүмдү унутчаактыгым жеңип кетет. Банкет болчу күндөрдү унутуп, таптакыр башка жакка кетип калган учурлар көп болду.
– Деги концертке катышарыңды унутчу эмес белең?
– Концертти унутпай барганым менен, ырдачу ырларымдын дискин унутуп барып алчумун. Болгондо да Караколго Ильяз Андаштын концертине дисктеримди унутуп жетип барыптырмын. Анан ал жактагы кафелердин биринде иштеген бир баланын минусовка жазылган дискин сурап алып, элге ачык айтып туруп, “Энекебай”, “Ай баратат” деген ырларды жандуу үн менен ырдагам.
– Айтпай койсоң деле эл билмек эмес да.
– Эл билбейт. Бирок өзүмдүн ырларымды сурана беришмек да.
– «Америкада бир жыл жүрөм» деп жатасың. Бир жыл оңой эмес. Элге жамандыр-жакшыдыр бир топ эле таа­нылып калдың. Унутулуп калам деп коркпойсуңбу?
– Элим мени унутуп калбашы үчүн жаңы үч ыр жаздырып койдум. Чыгармачылыктагы жакындарым ырларымды маал-маалы менен радио­лорго берип турат. Кыскасы, мен жок болсом да ырларым Кыргызстанда жашайт.
– Жакшы экен. Чет өлкөгө бараткандар кыргыздын тамактарынан ала кетишет эмеспи. Сен эмне алып кеткени турасың?
– Азыр күн ысык. Мен Бишкектен Лондонго, анан Бостонго учам. Алып бараткан тамак-аш бузулуп кетет. Ошондуктан мени тосуп алчу агаларыма, досторума «Кыргызстан» деген эки коньяк алдым. А негизи, өзүм бешбармакты аябай жакшы көрөм. Апам да тамакты даамдуу жасайт. Эки жумада бир бешбармак жасап берчү. Эми апамдын тамагын сагынам го.
– Маек соңунда эл-жериңден, досторуң, ата-энеңден алыска кетерде кандай сезимдер болуп жатат, бөлүшө кетсең?
– Кетем деп көксөп жүрүп кетчү убакыт жакындаганда өзүмдү жаман сезип жатам. Бардык жакындарымды, кыргыз калкымды таштагым келбей, жүрөгүм ооруп турат.
– Кой эми, анчалык толкунданба. Сен келгенде кыргыз элиң күнү бүгүнкүдөй жакшынакай тосуп алат. Жеңил барып, оор кел.

Ырчы Лондонго барып, шаар аралаганга жетишиптир. Андан соң көздөгөн Бостон шаарына жетип, учурда ал жактын шартына ыңгайлашып жаткан кези. Ушундай акыркы жаңылыктарын ырчы интернет аркылуу кабарлап, кыргыз элине салам айтат.

Омар жөнүндө

  • 1988-жылы Бишкек шаарындагы №3 төрөт үйүндө төрөлгөн.
  • Өзүнөн улуу бир эжеси бар.
  • Кесиби – бухгалтер, юрист.
  • Вокалдан эч кимден сабак алган эмес, буюрса, Америкадан алат.
  • Бир кезде күрөшкө катышып, жинине тийген баланы басып жыгылып калган.
  • Жасалма сүйлөп, жасалма күлгөн адамдардан аллергиясы бар.
  • Тамак ылгабайт.
  • Өтө патриот. Ошондуктан Америкада жүргөндө ырчынын жүрөгү дайыма кыргыз деп согот.
  • 4 жашында чоң атасынан куран жана намаз окуганды үйрөнгөн.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 355, 21-27-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан