Акыркы убакта мектеп окуучуларынын арасында өзүн-өзү өлтүрүү фактылары көп катталууда. Өз өмүрүнө кол салгандардын басымдуу бөлүгү ата-энелери чет жактарда иштеп жүргөндөр. Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмчөсүнүн инспекторлорунун айтымында, өз өмүрүнө кол салган өспүрүм окуучулардын көбү кыздар. Кадамжай районунун аймагында 2013-жылдын 8 ай аралыгында 2 өспүрүм өз жандарын кыйышкан. Райондо 8 ай ичинде 4 окуучуга уурулук, 2 окуучуга тоноочулук, 1 окуучуга бейбаштык боюнча кылмыш иши козголгон.
Мындай кылмыштардын алдын алуу максатында райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери учурда ар бир мектепке барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Жакында эле өткөрүлгөн «Өспүрүм» аталышындагы рейдде соода-сатык жасап, дүкөндөрдө иштеп жаткан окуучу балдар кармалган. Алардын көбү спирт ичимдиктерин сатып жүрүшкөн.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg