Талас облусунда акындык өнөрү, ошондой эле элге жасаган калыстыгы менен таанылган адам бар. Ал – акыйкатчынын Талас облусу боюнча өкүлү Арзыкан Момунтаева. Арзыкан айым менен болгон маегибиз назарыңыздарда.
– Арзыкан айым, кепти балалык чагыңыздан баштасак деп турам...
– Жакшы болот. Бала чагым Бакай-Ата районундагы мурунку Кызыл-Жар айылында өттү. Ал кезде Кызыл-Жарда 1 студент, 1 дүкөн, 1 молдо болор эле. Анда мен тамдын бооруна, жерге көө менен сүрөт тартып апамдан тил угуп жүргөн секелек кызмын. Мектепте окуп жүргөндө дубал гезиттеринин редактору кылып шайлап коюшкан. Өзүмө тез эле душман таап алар элем, жаман көргөндөр пайда боло калчу. Ошондогу атамдын «менин кызым башкарма болот» деген сөзү мени ого бетер чыңалтты көрүнөт. Оюнкарак чагымдагы «хоббилерим» бүгүнкүгө чейин бар. Анын бири – көркөм сөз. Акыйкатчы болсом да журналистика менен кол үзүшө элекмин, учурда 6-китебим жарыкка чыкты. Мындайча айтканда, маданият, адабият, адам укугунун майданында жер кетмендеп эле келе жатам.
– Ишмердүүлүгүңүздүн эсиңизде калган учурлары барбы?
– 2007-жылы кен маселеси күчөп турган учур эле. Маалымат үчүн айта кетейин, анда 36 кен бар болсо, бүгүнкү күндө 40 деп саналат. Ошол 36сына 36 кожоюн табылып, «силер кимсиңер, бул жерде биз кожоюнбуз» деп калган чак. Өз жерибизге өзүбүз ээ болбой калганда каның кайнайт экен. Так ошондо кен боюнча болгон мыйзамдарды көчүрүп алып, элге таратууну баштадык. «Өзүңөрдүн укугуңарды билип алгыла, жериңердин кунун төлөтүп алгыла» деп. Ошондо тамашанын баары башталды. Кылган ишибиз үчүн мен сыяктуулардын баарына иш козголду. Куугунтукка алындык. Баламды окуудан чыгарып жиберишти. Ошентип, 2007-жылы 27-майда ар кандай жалаа менен 9 адам камакка алындык. Бирок эл деген эл экен, толкуп жатып бизди кайра чыгарып алышты. «Бардык иш-аракетиңди токтот!» деп эч жакка чыкпоо тууралуу мыйзам чегинде колума кагаз карматышты. Андан соң чет мамлекетке кетүү керек болуп калды. Тагыраагы, «кеткин» дешти. Бирок кете албай койдум. Көз алдыма алгач эле тоонун кар баскан чокулары, анан үйүмө бараткан жол элестеп туруп алды. Эл-жерди таштап кетүү ушунчалык оор экенин ойлобоптурмун. Ошол жерден эле кетпейм деп баш тарттым. Бир аз убакыт өткөн соң акталдым. Андан соң иши жок жүрдүм. Ал эми акыйкатчынын облустагы өкүлүнүн милдетин аткарып жатканыма быйыл 6 жыл болду.
– Аткарып жаткан милдетиңиз оор эмеспи?
– Бир топ оорчулугу, айтып бүткүс азабы болот. Анткени менин жүрөгүмдө миң адамдын тагдыры бар. Бактыга жараша үй-бүлөм колдоо көрсөтөт. Анан калса баары эле укук коргоочулар. 1 уул, 1 кызыбыз бар. Мына ушул мен үчүн чоң таяныч, тирек, жардам.
– Чыгармачыл адамдардын мүнөзү кандай болот?
– Кээде албууттанып шарпылдап жээкке урунган дайрадай, кээде мелтиреген деңиздей деп айтса туура болот го дейм. Мындай деп айтышка себеп бар. Анткени акындар көпчүлүк сезе бербеген, байкабаган майда нерселерди туюп-сезип калат эмеспи. Ошого жараша мүнөз да өзгөрүп турат окшойт.
– Учурда сизди өкүндүргөн көрүнүш?
– Бүгүнкү күндө акыйкаттын жоктугу жана келечек ээлеринин билим деңгээлинин төмөндүгү, салт-санааны, ыйман-ызаатты билбегендиги мени катуу өкүндүрөт. Эми элестет, акыйкаттуулук жок болсо, жаш муундун билими жок болсо, келечек кандай болот же келечегибизди ушундай муунга кантип ишенип тапшырабыз?
Акыйкатчынын калемине таандык ырлардан бир шиңгил таштай кетүүнү туура көрдүк.
АРАБАСЫН ТУРМУШТУН ТҮРТҮП КЕЛЕМ
Азып-тозуп жүк артып
илкип келем,
Арабасын турмуштун
түртүп келем.
Таңдын аппак нурларын ар
күн сайын,
Тамылжытып жүзүмө
сүртүп келем.
Кыйналуудан ырахат тапкан
жакшы,
Кыйма-чийме турмушка
баткан жакшы.
Өмүр турса туйлаган тулпар
болуп,
Өзөнүндө жашоонун аккан
жакшы.
Ырдап, ыйлап күндөрдү
өрүп келем,
Ырахатын жашоонун көрүп
келем.
Кырк бир жолу жыргасам
ырахаттуу,
Кырк бир жолу кырс этип
өлүп келем.
Өйдө жактан калкысам суу
үстүнө,
Ошончо ирет түбүнө чөгүп
келем.АКЧА ИЗДЕП КЕТКЕН «ДОСКО»
Сүйөм деп айттың Сибирди,
Анан да бугу, чананы.
Унутпа дедим жайлоону,
Буруксуган кымыз сабаны.
Сүйөм деп айттың кайыкты,
Туздалган кургак балыкты.
Беш бармак, боорсок, кам каймак,
Бал жуурат андан калыппы?
Сүйөм деп айттың тайганы,
А бизде токой жок бекен?
Арданба ачык айтканга,
Акча издеп кеткен «ДОС» десем.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg