МЕКТЕП ФОНДУНА ЧОГУЛТУЛГАН АКЧА КАЙДА КЕТЕТ?

«Апа, класс жетекчибиз фонддун акчасын сурап жатат». Бул сөздөн баласы мектепте окуган шаардык ата-энелердин кулагы жедеп бүткөн. Ошол мектептердеги фондго чогулган акчанын кайда жумшаларын иликтеп көрдүк.

ФОНД ТУУРАЛУУ
Ата-энелер фонду – мектептин жеңилин жерден, оорун колдон алуу максатында ата-энелер тарабынан түзүлөт. Бирок бул ар бир ата-энеге милдеттүү түрдө эмес. Фондго шарты бар, өз ыктыяры менен гана ата-энелер акча берсе болот. Тилекке каршы, Бишкектеги көпчүлүк мектептерде директорлор, мугалимдер, ата-энелер кеңешинин башчылары атасынан калган карыздан бетер окуучулардан «Качан бересиң?» деп классташтарынын көзүнчө сурап, анын ата-энесине чейин чалып доолаган учурлар кездешет. Бул биринчи кезекте ошол окуучуга классташтарынын арасында моралдык зыян алып келиши толук мүмкүн. Ал окуучу досторунун алдында уялып, басынат. Экинчи кезекте социалдык абалга бөлүнүүгө алып келет. Кээ бир ата-энеге белгиленген суммадагы акча аз, ал эми ошол эле сумма айрым үй-бүлөлөр үчүн көп болушу мүмкүн. Медалдын экинчи жагын карасак, ата-энелер жардам бербей койсо, мектепти оңдоп-түзөөгө өкмөттөн бөлүнгөн каражат суусаганда эриниңди жалангандай эле болуп калбайбы?..

«ФОНДГО АКЧА БЕРҮҮГӨ ЧАМАБЫЗ ЖОК»
Каарманыбыз КАЙЫРГҮЛ (аты-жөнү өзгөртүлдү) ата-энелер фонду тууралуу буларга токтолду:
– 5 бир тууганбыз. Менден кийинки 3 бир тууганым Бишкек шаарындагы №83-мектепте окуйт. Жаңы окуу жылы башталганда алардын ар бирине класс жетекчилери «Жылына 2 миң сомдон ата-энелер фондуна төлөш керек» дешти. Ал сумманы төлөө биз үчүн оор, 2 миң сом биздин үй-бүлө үчүн чоң акча. Анткени мен өзүм келишимдик негизде 20 миң сом төлөп колледжде окуйм. Мындан тышкары баарыбыздын күнүмдүк чыгымдарыбыз (жол кире, окуу куралдары, кийим жана башкалар) да бир топ сумманы түзөт. Класстык фондго өзүнчө 250 сомдон төлөп, көп китептерди да өзүбүз сатып алабыз.
Шартыбыз туура келбей жаткандыгын түшүндүрсөк, бир класс жетекчи гана жеңилдетип, «мейли, 1000 сом бергиле» деди. Ошондо үчөөнө жалпы 5 миң сом төлөөбүз керек. Ата-энелер чогулушунда «Мектепти күзөткөн балдарга, пол жуугандарга, андан тышкары классты оңдоого акча бериш керек» деп көпчүлүк макул болуп коюшту. Мектепти деле кыйратып оңдошкон жок, жөн гана класстын ичин сырдап коюшат. Анан ата-энелерден акчаны кадимкидей талап кылышат. Негизи, оңдоого мамлекеттин бюджетинен акча бөлүнөт да.

«АКЧАНЫ АТА-ЭНЕЛЕР КӨЗӨМӨЛДӨЙТ»
Каарманыбыздын бул сөзүнөн кийин Бишкек шаарынын №83-орто мектебине барып, директору СУЛТАН КАЛЫГУЛОВДОН жооп алдык
:
– Мектепти оңдоого жылына бюджеттен 120 миң сом бөлүнөт. Ага болгону 4 класска линолеум, сыр алабыз. Мындан тышкары 1-кабаттан 3-кабатка чейин оңдой турган, сырдай турган класстар толтура. Анан айла жок ата-энелердин жардамына таянабыз. Эми алардан кандай жардам? Мисалы, бул сырды өкмөт берди дейли. Аны сырдаганга да киши керек. Билесиңер, жумушту эч ким бекер жасабайт. Ата-энелер кеңеши өздөрүнчө акылдашып акча чогултушат да, бирөөнү жалдап оңдотушат. Ата-энелердин жыйналышында канча жолу «Акча бербей эле өзүңөр келип 1 күн жардам берип койгула» деп айттым, болушпайт.
Фондго ата-энелер өз ыктыяры менен гана акча беришет. Биз аларды мажбурлабайбыз, алардан сурайбыз. Сурабасаң эч ким жардам бербейт. Биздин мектепте 1474 окуучу окуйт. Былтыр ошонун ичинен 400 гана баланын ата-энеси мектепке жардам берген. Ал акчага биз спорт залды, жыйындар залын жана кээ бир класстарды баштан аяк оңдоодон өткөрдүк. Мектепке видеобайкоочу камера орноттук. Андан тышкары күзөтчү, пол жуугучтарга айлык төлөнөт. Ата-энелердин арасында өзүнчө комиссия түзүлүп, алар чогулган акча кайда кетип жатканын көзөмөлдөп турат. Биз акчаны мектептин эмнесине керек болсо арыз жазып, банк аркылуу гана алардын уруксаты менен алабыз.

«ЭЧ КИМДИ МАЖБУРЛАБАЙБЫЗ»
Ал эми аталган мектептин жалпы ата-энелер кеңешинин төрагасы БЕКБОЛОТ ӨМҮРГАЗИЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Өзүңүздөр билесиздер, мектептин акыбалы начар, өкмөттүн казынасында акча жок. Анан жалпы ата-энелер жыйналыш өткөрүп, мектепке жардам берүүнү чечкенбиз. Ата-энелер өз каалоолору менен акча беришет. Эч кимди мажбурлабайбыз. «Мынчадан чогулталы» деп ар бир класстын ата-энелери өздөрү чечишет да, 100-150 сомдон айына чогултуп беришет. Кээ бир кыйналган, көп балалуу ата-энелер деле бар. Аларды кыйнабайбыз. Айына 30-50 сомдон беришсе деле болот. Эч ким «мынча беришиң керек» деп кыйнабайт.


«МУГАЛИМ ОКУУЧУДАН АКЧА СУРАБАШ КЕРЕК»
Ата-энелер фонду тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги эмне дейт? Бул суроого аталган министрликтин Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси ГҮЛШАН АБДЫЛДАЕВА жооп берди:
– Мугалимдердин айлыгына, жарыкка, сууга жана мектепти оңдоого ар бир мектепке балдардын санына жараша өкмөттөн акча берилет. Анан мектепке жардам берем десе, ал ата-эненин өз каалоосу. Бирок мектептин директору болобу, мугалими болобу «ай сайын мынчадан чогулткула» деп бааны коюуга укугу жок. Класс жетекчи окуучудан акча сураса бул – мыйзамды, балдардын укугун бузуу. Эгер бизге ата-энелерден ошондой арыздар түшсө, анда ошол мектептин мугалимине, директоруна прокуратура менен биргеликте чара колдонуп, жоопкерчиликке тартабыз. Ата-эне «мектепке 5 сом жардам кылайын» же «таптакыр бере албайм» десе да өзүнүн укугу. Биздин мыйзам боюнча, окутуу – бекер! Кээ бир ата-энелер кеңешинин төрагалары бар, өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп, «акча таба коёюн» деп мектептин директору менен сүйлөшүп алышып, башка ата-энелерди да мажбурлашат.
Азыркы учурда биздин ведомство ИИМ менен биргеликте ошондой мектептерге чара көрүп жатат. Эгер өз каалоолору менен чогултуп калышса, анда окуучулардан фонддун акчасын мугалим чогултпаш керек. Аны ата-энелер кеңешинин мүчөлөрү чогултат. Айрым ата-энелер айылдан же башка жактан көчүп келишет эмеспи. Алардын каттоосу жок да. Анан жаңы көчүп келген жеринен балдарын мектепке бергенде «каттообуз бул жакта эмес, балдарыбызды мектептен чыгарып салбасын» деп коркушуп, мугалим сураган акчасын кармата беришет. Айтарым, ал аймакта каттоосу жок болсо да, окуучу өзү каалаган мектепте билим алууга укугу бар. Эч бир мугалим каттоосу жок деп окуучуну мектептен чыгара албайт.

Биз бир гана мектептеги ата-энелер фонду тууралуу жаздык. Мындан тышкары баланы мектепке киргизүү үчүн шаардын борборунда жайгашкан, өздөрүн «элита» санап алган мектеп-гимназиялар 30-40 миң сомго чейин «фондго» төлөп коюуну талап кылары айтылып келет.
Эгерде баласын мектепке бере албай кыйналган ата-энелер болсо, редакциябызга кайрылсаңыздар болот.

«Супердин» сурак бурчу
АТА-ЭНЕЛЕР ФОНДУНА ЧОГУЛТУЛГАН АКЧА КАЙДА ЖУМШАЛАРЫН БИЛЕСИЗБИ?

Алмазбек Сагынбеков:
– Мектепке акча чогултуу балдарыбыз үчүн го, макул болобуз да. Менин 4 балам мектепте окуйт, ай сайын ата-энелер фондуна ар бирине 300 сомго чейин беребиз. Мектепти оңдоо, андан тышкары класска тиешелүү ар кандай буюмдарды алыш керек. Анын бардыгын камсыздоого өкмөттүн акчасы жетпейт да.

Фиделбек Усупов:
– Балам окуган мектепте ата-энелер фондуна акча сурашпайт. Болгону 1-класска барганда ата-энелер өз ыктыяры менен 2000 сомдон чогултуп мектепке жардам бергенбиз. Андан тышкары ай сайын күзөтчүгө деп 200 сомдун тегерегинде акча беребиз.

Гүлдар Акматова:
– Жок, билбейм. Ата-энелер фондуна дешип мектептен айына 200-300 сомдун тегерегинде акча сурашат. Сураганын берип коёбуз. Анан аны кайсы жакка жумшашат, эмне сатып алышат кызыгып деле сурап көрбөптүрмүн.

Камчыбек Тагаев:
– Билишимче, мугалимдер окуу куралдары жетишпегендиктен ата-энелерден жардам сурап жаманатты болот. Кызым мектепте окуйт. Мурда №1-гимназияда окучу. Айына 300 сомдон берчүбүз. Быйыл №66-гимназияга котордум эле, азырынча акча сураша элек.

Гүлпари Батыркулова:
– Неберем мектепте окуйт. Уулума бербей өзүм багып алгам. Ага фондго деп 150 сом, эжекесинин туулган күнүнө 280 сом төлөдүм. Андан кийин дагы 280 сом терезеге деп алышты. Фонддун акчасы кайда кетип жатканына түшүнбөйм. Ал акчаны табыш бизге кыйын, өзүм болгону 2800 сом пенсия алам.

Бакыт Мукашев:
– Айына ата-энелер фондуна 150 сомдон төлөйбүз. Бул сумма балдарыбыз үчүн эч нерсе эмес. Ал акча мектепке керектүү буюмдарды алууга жумшалат да. Мисалы, класска бор, сыр, парда сыяктуу керектүү буюмдарды алышат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мектеп фондуна чогултулган акча кайда кетет?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
aigulai
2013-10-07 13:31:55
Эч кимди мажбурлашпай директорлор, бирок фондго акча токпогон класс жетекчини тируулой отко сызгыргандай акыбалга жеткизишет. фондго акча толобогон бала класста "чочун" балага айланат. албетте ар кандай писхологиялык чабул башталат, балдар тарабынан биз толоп жасаткан партада эмне отруасын деген сыяктуу. ошон учун мамлекет же расмий уруксат бериш керек фондду милдеттуу турдо, же расмий тыйуу салыш керек фондго акча которгонго.
+1
Narynbek
2013-10-07 15:40:37
Акчасы барларго берип коюп кутулабыз.Акчасы жокторчу?Мажбурлабайбыз дешет.Каякта мажбур эле суратат.Кароолчусуна,пол жуугучуна да айына ата-эне төлөйт айлыкты.Эми мугалимдер эле калды ата-эне айлык төлөй элек.
0
Gan
2013-10-07 16:18:29
биз окуган убакта пол жууган,королчуга мамлекет толочу, аа азыркы фонду угушум тан калышту эмнеге айна толошу керек ата эне балдарын окутканы учунбу эмне кызык .
0
Gan
2013-10-07 16:24:01
Кана и кайдагы бекер билим алуу акча талап кылышып жатышбайбы мугалимдер.
0
uluk1982
2013-10-08 05:24:45
ушундай жол менен кете берсек, жакшы болбойт аягы!!
0
Aitunuk
2013-10-08 17:11:52
Менин балам шаардагы гимназиялардын биринде окуйт. Бир жылда мен 4500-5000 сомдон ашык (кошумча окуу деп коюшкан сентябрь-январь үчүн - 1600 с. же 1800с., пол жууганына, кайтарганына - 500 с., бассейн -500 с; февраль-июнь - дал ушул эле акчалар) акча төлөйм. Мектеп тогуз ай окуса, биз он айга төлөйбүз, мындан тышкары 1000 сом (сөзсүз түрдө)жардам деп төлөнөт, кассага, 500 сом класс фонду, ремонтко 200 сом да алы
0
kadam
2013-10-08 23:11:04
Бул акча толомдөрдүн баары ыктыярдуу болуш керек.Бизде мажбурлап төлөтүшөт.Мугалим 45 мин.сабак өтүш керек,кайсы маалда акча чогултат? Ким анда сабак өтөт?Мугалимдин милдети сабак өтүү,акча чогултуу эмес.Бизде директорлор баш болуп, мугалимдер төш болуп, функционалдык түздөн-түз милдеттерин унутуп коюшкан.Мектепте иштегендердин ата-энеден акча сураганга акысы жок!
0
kadam
2013-10-08 23:18:47
2003-жылкы "Билим берүү боюнча" мыйзамда,башка мыйзам, актыларда мугалимдер окуучуларды басмырлап, кадыр-баркына доо кетирип акча сураганга укугу бар деп көрсөткөн эмес.Конституцияда так, даана жазылган.Бала өңүнө,динине,улутуна карабастан акысыз билим алууга укуктуу. Мамлекет ошол кызматтарды акысыз камсыз кылып берет!Ошондуктан, эчкимден коркпогула. Мектепке акча толөбөгүлө!
0
kadam
2013-10-08 23:47:03
Мектептин жетишпегендерин толуктап берүүгө ата-эне эмес бийлик милдеттүү. Себеби мектеп мамлекеттин эсебинде!Ата-энелер кем карчын 11 жыл бою толуктап жаман үйрөтүп жемкорлукка жол ачып койдук.Бюджеттен бөлүнгөн акчалар кайда? Анын эсебин сураган ким? Коомчулук өзү байкоо салып, мектептин,шааркеңешинин бюджетинин мектеп үчүн деген статьясынын сарпталышын караш керек.
0
№ 570, 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан