ТҮГӨЙҮҢҮЗДӨН ЭМНЕНИ ЖАШЫРАСЫЗ?

САНЖАР БЕРДИБЕКОВ:
– Турмушта жубайыңдан жашыра турган да, жашырбай турган да нерселер бар. Анын үстүнө бардык нерсени төкпөй-чачпай жубайыңа айта берсең, уруш көп болот. Андыктан, жашыра турган жерден жашырып эле койгон оң. Мен жубайымдан жашырган сырым гастролго барганымда канча акча тапканымды айтпайм. Тапкан акчамды келинчегиме берип жатып, бир аз суммадагы акчаны катып алам. Ошондой эле кээде Россиядан, Казакстандан досторум келгенде эки-үч күнгө жоголуп кетем. Үйгө келгенде келинчегиме «досторум менен болдум» десем ишенбей коёорун билгендиктен, кайда барып келгенимди жашырып, «иштер менен жүрдүм» деп коём.

ЖЫЛДЫЗ ТУТУЕВА:
– Жубайлардын ортосу таза болсо, жашоо турмушу ошончолук жеңил болот. «Калптын казаны кайнабайт» дегендей, калп айтып, сыр жашырган жакшы нерсеге алып келбейт. Анан дагы жубай катары жолдошумдун сырын жакшы билем. Ошондуктан, мүнөзүнө жараша иш кылам. Эгерде ага жакпаган адамдар телефон чалып калса, айтпай жашырам. Анткени, жолдошумдун көңүлү мен үчүн биринчи орунда.

БАКЫТ МАМАЕВ:
– Негизи, мен эч кимден сыр катпайм. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» дегендей, эртели-кеч угулат эмеспи. Эгерде бир кызды жактырып калсам, ал сезимим тууралуу келинчегиме сөзсүз билдирем. Ошондон улам ал мага «анча-мынча нерсени сыр кылып койбойсуңбу, жүрөктү оорутпай» деп калат. Антсе да аял кишиге тиешеси жок нерсени айтпай эле койгон оң. Мисалы, бирөө менен урушуп же мушташа кетсем, жубайыма бул тууралуу ооз ачпайм. Себеби, бул эркектин иши деп ойлойм.

ГҮЛНАРА КАЛДАРОВА:
– Негизгиси, жубайлар бири-бирин жакшы түшүнүшсө, ишенсе, ортолорунда сыр болбойт. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда жашырган сырыбыз жок. Бардык темада ачык сүйлөшөбүз. Концертке барамбы же курдаш кыздар менен кафеге барамбы, айтор, жолдошумдан жашырбайм. Антсе да жумушумдагы майда-чүйдө маселелерди, келишпестиктерди жашырып коюуну туура көрөм.

БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ:
– Ар бир эркек жубайынын мүнөзүн беш колдой билет. Ошондон улам анын мүнөзүнө жараша иш кылганга аракет кылат. Жубайымдан көп деле сыр катпайм. Болгону ага жакпаган адамдар менен жолугуп калсам, ага жакпаган жакка барсам, ал жактырбаган нерсени сатып алсам, жашырып коём. Негизи, жубайың жактырбаган нерсени жашырып коюу туу­ра. Болбосо көңү­лү чө­гүп, үй­бүлөдө чыр чы­гып кетиши мүмкүн.

РАСУЛ МАМАТКУЛОВ:
– Түбөлүккө бир болобуз деп баш кошкондон кийин сыр жашыруу туура эмес. Анткени, кеңешчиң да, сырдашың да жубайың болуп калат эмеспи. Өзүм жубайымдан, үйбүлөм­дөн сыр жашырганды жаман көрөм. Бирок, бир нерсени дайым жашырып келем. Ар дайым жубайыма алган белегимди сыр кылам. Белекти тапшыргандан кийин дагы кайдан, качан алганымды айтпайм.

ЖАНАРА АТАБЕКОВА:
– Жубайлардын ортосунда сыр болбогону жакшы. Бирок, турмушта ан­ча-мынча нерселерди жашырып коюуга туура келет. Мен көбүнчө жолдошумдан акча жашырам. Анткени, өмүрлүк жолдошум абдан камкор адам. Ашыгыраак акчасы болуп калса, мага же болбосо уулуна бир нерсе ала кой­гонго шашат. А мен бекитип койгон акча сөзсүз үйбү­лөбүздүн керегине жарап кетет. Ошондой учурда ичимден жашырып койгонум жакшы болуптур деп калам.

ВЕНЕРА САТЫЛГАНОВА:
– М-мм... ойлоп көрсөм ортобузда эч кандай жашыра турган сыр деле жок экен. Ойлогон оюмдун, көргөн нерсемдин, укканымдын баарын жолдошума айтып, ал менен кеңешип, сырдашам. Анан дагы башкалардай болуп сыр катканды да билбейт экенмин. Эгерде сыр жашыра турган болсом, аным билинип калат. Жашырам деп билинип калып, уят болгондон көрө чындыгын айткан жакшы деп ойлойм.

КУБИК КАЛЫКОВ:
– Бир үйдөн түтүн булатып жаткандан кийин жубайлардын ортосунда сыр болбогону жакшы жышаандын белгиси. Ошон­дон улам өзүм жубайымдан сыр жашырбаганга аракет кылам. Келинчегимден мен болгону ушак сөздөрдү жашырам. Ант­кени, биздин турмушта ушак сөздөрдүн зарылчылыгы жок деп ойлойм. Ушак сөздөрдү угуп алып, келинчегимдин маанайынын тү­шүүсүн каалабайм.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2012-11-16 13:42:21
Санжардын 3-4 кун уйго келбей койгону жаман экен.Мен деле жолдошумдан эшикке чыгып кайсы аял менен отурганымды ,ушакташканымы айтпайм,негизи аял киши майда-чуйдо,чычканын деле айта берген болбойт(бирок ошондой аялдар бар),аял сырдуу болсо эркек ошончолук кызыгуусу артат деп ойлойм аялга.
0
№ 206, 13-19-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан