ТАТЫНА КЫЗ

«Татына кыз» – 90-жылдардагы эң популярдуу фильм болуп эсептелет. Фильм «Күлчү кыздын» жаңы варианты болуп саналса да дүйнөнүн сүйүктүү фильмине айланып, аз убакытта эле 463 миллион доллар киреше алып келген. Кошумчалай кетчү нерсе, фильм 1991-жылы «Оскар» жана «Алтын глобус» сыйлыктарына татыктуу болгон. Ал эми Жулия Робертс эки жолу ушул фильмдеги ролу үчүн «Эң таланттуу актриса» сыйлыгына ээ болгон.

Фильмдин режиссёру – Гарри Маршал
Сценарийин жазгандар – Арнон Милхан, Стимен Рейтер
Ролдордо: Эдвард Льюис – Ричард Гир, Вивьен Уорд – Жулия Робертс, Жеймс Морс – Ральф Беллами.

ФИЛЬМДИН МАЗМУНУ

Чоң шаарга жумуштары менен келген финансы магнаты Эдвард Льюис түнөөчү мейманканасын таппай калып, Вивьен аттуу сойку кыздын жанына токтоп, андан мейманкананын дарегин сурайт. Ал Эдвардга мейманкананы он долларга көрсө­түп берген соң, көчөдө отуруп калат. Аны көрүп боору ачыган Эдвард ага мейманканада чогуу түнөөнү сунуштайт. Эртеси эртең менен кыздын мүчө­сү менен сүй­күм­дүү­­лү­гүнө, ачык-айрымдуулугуна баа берген Эдвард кыздан дагы аны менен чогуу калуусун өтүнүп, кошумча ак­ча сунуштайт. Ансыз деле көчөдөн иштеп акча табууга туура келээрин ойло­гон Вивьен макул болот да, ал менен бир аз күн чогуу жашап калат. Ушул аз күн ичинде кыз байлардын арасында кедейлер оңой менен кабыл алынбастыгын түшүнөт. Не дегенде кийим сатып алууда, дүкөндөргө барууда, байлар менен сүйлөшүп мамиле түзүүдө бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Ошончолук ата-даңкы менен сойку кызды алып жүрүү Эдвардга да бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Айтылган мөөнөт бүтүп, кыз кетет. Бирок, кеткен соң финансы магнатын чындап сүйүп калганын билет. Мейманканада калган Эдвард да Вивьенсиз жашай албасын сезет да, ак «Лимузинин» айдап алып Вивьенди жашаган жерине издеп барат. Фильмдин ая­гын­да төмөнкү класс ме­нен жогорку класстын өкүлү болгон экөө бардык кыйынчылыктарды жеңип, баш кошушат.

ФИЛЬМДИН АТАЛЫШ ТАРЫХЫ

Режиссёр менен продюсерлер фильмди тартып бүткөндөн кийин дос-тааныштарына көргө­зүп, пикирин угуш үчүн алар­ды Голливудга чакырышат. Фильмди көрүү үчүн Арнондун досу Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерт да келет. Фильмди көрүп бүтүш­көндөн кийин ага ат табуу үчүн чогулуп калышканда радиодон Роя Орбиссон аттуу ырчынын «Татына кыз» аттуу ыры жаңырып калат. Ыр бүтөөрү менен Эхуд Ольмерт отургандарга: «Фильмдеги кыз абдан татынакай экен. Фильмди деле «Татына кыз» деп атоого эмнеге болбосун? Ушинтип эле атап койбойлубу?!» деп сунуш киргизген. Ошентип, жаралышынан саясатчы болуп төрөлгөн Эхуд фильмдин режиссёрун да, продюсерлерин да фильмди «Татына кыз» деп атоого көндүргөн.

ФИЛЬМДИН ТАРТЫЛЫШЫ

Табиятынан жомокко ишенген Гарри Маршал жомоктогу Күлчү кыз жана анын ханзаадасы жөнүндө фильм тарткысы келет. Бирок, бул фильмдин жомок сыяктуу фильм болуп, жаш балдарды гана ишендирип калышын каалабайт. Ошентип, оюн ишке ашыра албай жүр­гөндө ушундай эле идеясы бар Арнон Милханга жолугуп калат. Ойлогон ой-пикирлери бирдей чыккан экөө жомоктун сценарийин тү­зүп, фильм тартууга киришишет. Фильмдин баш каарманынын бири болгон бай ханзааданын ролун башында эле Ричард Гирге берүүнү сүйлө­шүп алышат да, каармандын мүнөзүн ага окшош кылып чагылдырышат. Фильм тар­­тылып бүткөн соң Ричард: «Мен буга чейин комедия жанрындагы фильмге катышып көргөн эмесмин. Комедия жанры мен үчүн олуттуу жанр деп эсептелчү эмес. Бирок, сценарий сүйүү­нү да камтыгандыктан, ролду аткарууга макул болдум. Башында фильмдин популярдуу болмок тургай, элге жагаарына да ишенген эмесмин. Жулия биринчи жолу чоң фильмге тартылып жатса да өзүнүн ролун жеткиликтүү деңгээлде ачып бе­рүү­гө жетишти. Алтургай, мен аны бул фильмден кийин сүйүп калдым окшойт» деген. Ал эми Жулия Робертс үчүн бул анын алгачкы ролу болуп эсептелет. Ал ушул фильмден кийин кино жаатында болуп көрбө­гөн­дөй популярдуулукка жетишкен. Фильм тартылып бүт­көндөн ки­йин көпчү­лүк эле актёр, актрисалар сыяктуу Ричард менен Жулия да баштарынан сүйүү ро­мандарын өткөрүшөт.

ТҮБӨЛҮК СУЛУУ ЖУЛИЯ РОБЕРТС

Голливуд жылдыздарынын арасында жөнөкөй кыздан жомоктогу сыяктуу бат ийгиликке жетишкен, «түбөлүк сулуу» атка конгон Жулия 1967-жылы 28-октябрда АКШда мугалимдин үйбүлө­сүндө жарык дүйнөгө келген. Атасынын мугалимдик айлык акысы эчтекеге жетпегендиктен, Жулия кичинекей кезинде эле үйбүлө очогу жетишпестиктин айынан бузулат. Ата-энесинин ажырашуусунан соң Жулия жана сиңдиси Лиз апасы менен калат. Атасы болсо уулу Эрикти алып Атлантага кетет да, уулунун чыныгы актёр болушу үчүн болгон эмгегин жумшап, эң жакшы де­ген окуу жайларда окутат. Атасынын эмгегин актаган уулу чындыгында эле абдан таланттуу актёр болуп чыгат. Ал эми Жулия ал мезгилде актрисалык окуу тургай, жөнөкөй окууга окуганга да каражаты жеткен эмес. Агасы Эриктин популярдуугун көрүп: «Бир күнү эле агам Эрик «Лимузин» менен мага келсе, жанында белгилүү актёр-актрисалар болсо, алар мени түш­төнүүгө чакырса... досторумдун ичи абдан күйөт болуш керек?!» деп ойлой берчү да, ушул кыя­лы­нын ишке ашаарына ишене берчү. Кичинекей кезинен бери ушинтип тилек кылып чоңойгон Жулия мектепти бүткөндөн кийин Манхэттен шаарына келет да, дүкөндө сатуучу болуп иштеп калат. Айткандай эле ал 19 жашка толгондо агасы Эрик аны киного тартылууга чакырат. Жулиянын алгачкы тартылган киносу «Кызыл кан» деп аталат. Бул кыска метраждуу фильмде Жулия элдин көңүлүн өзүнө бура албаса да режиссёрдун көңүлүн өзүнө бурганга жетишет. Андан соң ушул сыяктуу бир-эки кыска метраждуу фильмге тартылган Жулияны Гарри «Татына кыз» фильмине баш каармандын ролун аткарууга чакырат. Бул фильмден кийин баягы өзү айтмакчы аттыкындай тиштүү, узун, ар­ык, чоң ооздуу, жезкемпирдикиндей колдуу болуп ийнеликке окшогон Жулия Голливуддун эң сулуу, эң сексуалдуу, эң узун бойлуу жылдызына айланат.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 206, 13-19-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан