Москва районунда үйгө кирген ууру үй ээлерине бычак сайган. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, Александровка айылынын 26 жаштагы М.Х. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 13-октябрь күнү кечки саат 8дер чамасында үйүнө куралчан эркек кирип, ага жана 31 жаштагы агасына бычак сайып жарадар кылганын билдирген.
Бул факт боюнча Москва РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренелери (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш ишин козгогон. Оперативдүү издөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 31 жаштагы М.М. аттуу Сокулук районунун тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg