Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун ооруканасына 5-октябрь күнү денесинен оор жаракат алган 2 жашар Диана Камчыбекованы энеси Жаркынай Камчыбекова алып келген. Кыздын энеси милиция кызматкерлерине Диананы 3-октябрда өгөй атасы Алмаз Турдакунов урганын айтат. Наристени үйдүн ичиндеги паластын үстүнө заара ушатып койгондугу үчүн сабашкан. Өгөй атасы аны камыр жайчу үбөлүк менен башка жана жамбашына бир нече жолу чаап жиберген. Энесине барса, ал да башка-көзгө койгулаптыр. Муну тергөөчүлөргө зөөкүр ата-эне өздөрү айтып беришкен.
Дарыгерлердин аракети жардам бербей бөбөк 6-октябрда эсине келбей көз жумган. Учурда Жаркынай Камчыбекова кош бойлуу болгондуктан үй камагында, А.Турдакунов Каракол шаарындагы 23-СИЗОдо отурат. Алардын үстүнөн 28 жана 97-беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Гүлмайрам Сабырбекова,
Максат Кудайбердиев
koom@super.kg