ЭНДОМЕТРИОЗ –ЖАТЫНДАГЫ КЛЕТКАНЫН ТАБАРСЫК, ИЧЕГИГЕ ЧЕЙИН ТАРАП КЕТҮҮСҮ

Эндометриоз аялдарга тиешелүү оорулардын ичинен жыныс органдарынын сезгенүүсү менен жатындын миомасынан кийин 3-орунду ээлейт. Башкача айтканда, эң көп таралган гинекологиялык оору.

Эндометриоз деген эмне?

Эндометриоз – жатындын былжырлуу катмарындагы клеткалардын (эндометрийлердин) жатындан тышкары башка органдарга да көчүп өсүп кетүүсү.
Эндометриоздун эки түрү бар:
Жыныстык органдар чегинде (гениталдык). Мында ткандар эн бездерге, жатын түтүкчөсүнө, жатын моюнчасына таркап өсүп кетет.
Жыныстык органдардан сырткаркы органдарда (экстрагениталдык) мисалы, жыныс кынынын оозу менен көтөн чучуктун ортосуна, ичегиге, табарсыкка, киндикке ж.б. да тарап өсүп кеткен түрү.

Жатын клеткалары башка жакка кантип таралат?

Эндометрийлер ай сайын жаңырып турат. Аларсыз бойго бүткөн кезде түйүлдүк жатынга жабышып, кармалбайт (абортто бул клеткалар кырылып калгандыктан же доо кеткенден кийин түйүлдүктөр жатында кармала албай, түшүп калышы мүмкүн). Этек кир циклинин аягында аял кош бойлуу болбосо, анда эндометриялар организмден чыгарылат. Бул кан агуу менен коштолот. Башкача айтканда, этек кир келет. Кээде кандын агымы менен бирге эндометрийлер жатындын түтүкчөлөрүнө, эн бездерге туш келип, ал жерде өсө баштайт. Бул процесс эндометриоздун өнүгүүсүнүн башталышы деп аталат.
Жатындан башка жактарда өсө баштаган эндометрийлер да этек кир учурунда жатындагы эндометрийлер сыяктуу канап, оорутууну жаратат. Кандын көп агышы да мына ушундан болот. Медицинада көздүн эндометриозу да кездешет. Мында аялдын этек кири келген кезде көзүнөн да кан агат.

Эндометриоздун формалары

Таралышына жараша төмөнкүдөй деңгээлдерге бөлүнөт:
I деңгээл. Эндометрийлер анчалык терең эмес таралат.
II деңгээл. Жатындын моюнчасына жана жыныс кынынын капталдарына чейин барсылдакты (киста) жаратып тарап кетет.
III деңгээл. Ичке ичегиге чейин тарап кетет ..

Оорунун белгилери

Этек кир келерде жана келип жатканда ичтеги оорутуу;
Этек кирдин узакка созулуп, кандын көп кетүүсүнүн күтүлүшү;
Этек кирлер аралыгында күрөң сымал коюу кандын аз-аздап келиши;
Бойго бүтпөө;
Этек кир келгенде оорутуунун ичеги, табарсык, ал тургай белге чейин тарашы;
Жыныстык катнаш учурундагы оорутуу;

Оору эмнеден келип чыгат?

Анык себептери али тактала элек. Бирок бул жаатында бир нече көз караштар бар:
Аборт (бул жаатында жогоруда айтып өттүк) жана жаракаттуу төрөт.
Катуу кайгыруу, туура эмес тамактануу (булар ички бездердин иштөөсүн бузуп, гормондордун аз же көп бөлүнүп чыгуусун шарттайт. Ал эми гормондор жыныстык органдарга түздөн-түз таасирин берет).
Тукум куучулук.
Калкан сымал бездин оорусу ж.б.

Диагноз

УЗИнин жыйынтыгы.
Лапароскопиялык ыкма. Бул УЗИден байкала бербегендерди да байкоого жардам берет. Ал кансыз операция. Курсакка бир нече кичине тешикче жасоо аркылуу оорунун кандай деңгээлде экенин так аныктоого болот.

Дарылоо

Гормоналдык каражаттар менен дарылоо.
Операциялык жол. Башка органдарда өсүп кеткен эндометрийлер алынып салынат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 356, 28-август - 3-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан