«Чындык наристенин жүзүндөй таза» дешет акылдуулар. Ислам дининде «Чындыкты айтып өлгөн адам сыймыктуу өлөт. Ал эми ар бир жалган өзүнчө өлүмгө тете» делинет. Мухаммед пайгамбар дайыма туура жана чынчыл өмүр сүргөнү сыяктуу эле, өз үмөтүн да ар дайым чынчыл болууга үндөгөн. Ал бизди да чынчыл болууга үгүттөп, «чын сөздүү болууга убада бергиле, өмүрүңөргө жалганды аралаштырбоого кепилдик бергиле, мен да силерге бейишке кепилдик берейин» деген. Дагы бир хадисте мындай делинет: «Ичиңде кылт эткен күмөн туудурган нерсе болсо, дароо ташта. Чындык нерсе көңүлдү жай алдырат. Жалган нерсе шек туудурат. Тууралык, чындыктан айрылбагыла. Чындык жакшылыкка баштайт. Жакшылык жаннатка баштайт. Жалгандан сактангыла. Жалган күнөөгө баштайт, күнөө тозокко баштайт».
Ал эми жалганчылык туурасында да бир топ сөздөр бар. Куранда «Адамдын айткан сөздөрүнүн бири да жанындагы көз ирмебеген сакчылары тарабынан жазылбай калбайт» деп жазылган. Адамдын эки желкесинде анын аракеттерин, айткан сөздөрүн күзөтүп туруучу эки периштеси болот. Курандын жогорудагы аятындагы сакчылар деп ошол периштелер жөнүндө айтылат. Алар адамдын ар бир аракетин, айткан сөздөрүн амал китебине жазып отурушуп, акыретте ошол китептин негизинде сот болот. Ислам шарияты жалганчылыкка тыюу салат. Өзгөчө төмөндөгү учурлар эң оор кесепеттерге алып келет:
Бирок жалгандын жазасы катуу болгону менен, ошондой эле ислам шариятында кээ бир учурларда жалган сүйлөөгө уруксат берилет. Бирок ал сейрек гана учурларда. Мисалы, араздашкан эки тарапты жараштыруу үчүн, адам өмүрүнө коркунуч туулуп, андан кутулуу үчүн калп айтуудан башка жол жок болсо.
Жубайлар үй-бүлөлүк мамилени сактоо же жакшыртуу үчүн бири-бирине «сүйөм» же андан башка жагымдуу сөздөрдү айтса, жалгандыгына карабай кечиримдүү.
Хадистерден