Гүлжигит Сатыбеков:«АТА-ЭНЕЛЕР БАЛДАРЫН МАГА КОШКОНДОН ЗААРКАНЫШЧУ»

Балалыкта курсагың ач калат, ойноп кетип үй шыпырылбай, кой кайтарылбай ата-энеден уруш угабыз. Сабактан эки алабыз. Кыскасы, ал учурдун деле жаман-жакшысы бар. Бирок ошого карабай бала кезин сагынбаган, ошол күндөрдү кайрадан баштан өткөргүсү келбеген адам жок. Өйдө-ылдыйы болгон менен, балдай таттуу күндөр экенин эч ким тана албайт. Ушул теманын бүгүнкү каарманы ырчы Гүлжигит Сатыбековго кеп кезегин берели.

«ДОСУМДУН ЭНЕСИ МЕНИ ҮЙГӨ КАМАП АЛЫП САБАГАН»
-1980-жылы Ош шаарында төрөт үйүнө жетпей, үйдө жарыкка келгем. Киндик энем Гүлнара деген эжеке. Мен жарыкка келгенде атам мугалим, апам студент экен. Ошондуктан тогуз айдан кийин эле мени таенеме берип, ошону менен чоңойгонумда деле алышкан жок. Таенемдин баласы болуп Аксыда өстүм. Улуу агамды чоң атам, мени таенем бакты. Калган 3 иним, бир карындашым ата-энемдин колунда чоңоюшту. Таенемдин балдары чоңоюп өз алдынча кетишкендиктен, мен эрке, жалгыз бала болдум. Айылдагы тентектердин атаманы атка конгом. Ата-энелер мага балдарын кошкондон заарканып турушчу. Экиге бөлүнүп алып таш менен ургулашып, бир нече баланын башын канжалатып энелеринен таяк жеген күндөрүм болгон. Эсимде, бир жолу Кылыч деген классташымдын башын таш менен жарып салганда, чоң энеси үйгө камап алып таяк менен сабаган. Балдарды эле эмес, көчөдөн өтүп бараткан машиналарды да таш бараңга алып, качып кетчүмүн.
Бала кезде менин кылбаганым калган жок окшойт. Үйүбүздүн жанында дүкөн бар болчу. Балдар-кыздарды жыйнап барып эшигинин алдында үйүлүп турган дарбыздарды сайга ташыткам. Сайга алып барып жесек жакшы эмеспи, ичин жарып ойногонбуз.

«ЭРКЕК БАЛАНЫН ДА, КЫЗДЫН ДА ЖУМУШУН АТКАРЧУМУН»
-Окуумду да жакшы окуп, үй иштерин, короо-жайды да укмуш тазалачумун. Баарын жайгарып, жеңилин жерден, оорун колдон алып жаткандыктанбы тентек кылганда таенем катуу уруша алчу эмес. Үй шыпырып, пол жууп, идиш-аякты зымылдатып, камыр жайып, каттама жасап, боорсок бышырып, кыскасы, кыздарга тиешелүү жумуштун баарын кылчумун. 8-класстан тарта тандырга нан жаптым. Окууга кичинемден эле дилгир болдум. Таенем адабий китептерди аябай окутчу. «Ойноп келейин» десем такыр жөнөтпөй койчу кээде. Жоголуп кетсе кайдан издейм деп коркчу болуш керек.

«ТУУЛГАН КҮНГӨ КИРЕМ ДЕП 300 ДААНА КАРА ӨРҮК ЖЕГЕМ»
-7-8-класста болсо керек, классташ кызымдын туулган күнүнө бардык. Барсак, бизден улуу балдар эшиктен тосуп киргизбей коюшту. «Ар бириң ондон кара өрүк терип келгиле, ким биринчи жесе кирет» дешти. Жан талашып жейбиз, жарабайт, «көрбөй калдык, кайра жегиле» дешет, кайра жейбиз. Ошентип, ар бирибиз 300 даана кара өрүк жегенбиз. Арабыздагы бир баланын жини келип кетти окшойт, таш менен туулган күнү болуп жаткан кыздын үйүнүн терезесин талкалап салган. Анан баарыбыз качып кеттик, ошентип туулган күнгө кире албай калганбыз.
Биздин мектепке башка айылдан бир кыз келип окуган. Балалык сүйүүм ошол кызга арналды. Индия артисттеринин сүрөтү түшүрүлгөн открыткалардын артына сүйүүмдү жазып күндө берчүмүн. Мектептеги сүйүүм ушуну менен токтоду, башка кызга ашык болгон жокмун.
8-класста болсо керек, бизден бир жаш кичүү кыздар биздин класстын жигиттерин бирден бөлүп алып сүйүү катын жөнөтүшкөн экен. Катты ачып окугандан кийин баарыбыз жулунуп кыздардын классына кирип барып урушканыбыз эсимде. Ошондо эмнеге териккенибизди азыркыга чейин түшүнбөйм.

«ТАЕНЕМДИН МУРАСЫ»
-Эс тартып калганда кээде үйдөн чыгып кеткен боюнча 3-4 күн үйгө келбей, балдар менен ойноп талаалап жүрө берчүмүн. Анан келип үй жумуштарын жасачумун. Таенем ушундан улам «ошондо талантың ойгонуп, талаалап калган окшойсуң» деп айтып калар эле. Ал киши мен 8-класста окуп жатканымда ооруп төшөккө жатып калды. Ошондон тарта мектепти бүтүп кеткенче таенемди карадым. Менден кийин бөлөлөрүм каралашып турушту. Оштон окуу жайды бүтүп келгенден кийин таенем каза болду. Мага үй-жайды мураска калтырып кеткен. Азыр ал үйдө эч ким турбайт. Кол бошогондо барып короо-жайды тазалап турам.

«Айылдагы тентектердин атаманы атка конгом».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
anara-anara
2013-10-28 13:14:27
Жагат жонокой жигит уну да аябай уккулуктуу ырларын суйуп угам. Уйлонуп келинчеги экоо эки жолго тушушкон. Бул да болсо бешенесиго.
+2
AidaiAlieva
2013-10-28 13:34:27
Гулжигит байке сиздин чыгармачылыгынызга ийгилик! Уйбулобуз менен суйууп угабыз! Мен ойлойм сиз азыр ырчы мырзалардын ичинен эн эле популярдуусуз! Озгочо Исфана деген ырынызды уйдо иним кечке кое берет. Азаматсыз, талыкпай эмгектене бериниз! Сизден жаны чыгармаларды кутобуз!
+1
Adybai
2013-10-28 14:29:42
Братан респект! От меня. Срок бутуп малолеткадан дагы келдим да бир ходкага деген ырын олло жагат да.
+1
Davlet1994
2013-10-28 15:59:29
Азыркы ырчычалардын эн эле таланттуусу Гулжигит Сатыбеков деп ойлойм
+1
O.nuri
2013-10-28 18:24:42
ырлары жагат.акыркы жылдары Гулжигитин ырысыз той отпой калды го.ыры карапайым калкка аябай синимдуу да."Агент"деген ыры аябай жакты да.
+1
nurmat.kg
2013-10-28 20:35:16
ааламга жол айылдан башталат деген соз чын экенда негизи айылдын жашоосу ото кызыкта менда 11-классты буткондон бери айылда коп болбойм, айылдын кечки таза абасы ото жагымдуу келет,
0
doxa86
2013-10-28 23:24:59
ишининге ийгилик
0
Rolankgb
2013-10-29 10:45:56
Жакшы ырларды жаратасын ырларын эл озунда кала берет ар дайым бирок артынды кара ким экенин унутба ийгилик
0
bemkow
2013-10-31 11:29:33
ou guljugit baike sizdi yrlarynyzdy suiom da
0
janetta
2013-10-31 20:57:55
Азаматсыз Гулжигит!
0
zenfira
2013-11-01 17:35:57
Гулжигит байке азаматсыз ырларыныз мага аябай жагат
0
miraida-88
2013-11-02 05:20:58
Ийгилик сизге жонокойлугу аябай жагат байкенин ырлары да маанилуу и жеткиликтуу аткарат чыгармачылыкта жетишкендик сизге
0
kulundu93
2013-11-03 17:32:55
biroolordun artynan uwak kylbaile jashasanar bolboibu urmattu Kyzgyzdar!
0
kuzia
2013-11-03 23:47:57
Мага сиздин ырларыныз жагат сизге ийгилик.
0
arimaz89
2013-11-08 02:34:21
Керемет таланттын ээси!
0
№ 573, 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан