Ырчы Рианна жаңы сүрөттөрүн дүйнөлүк желедеги достору менен бөлүшкөндү жакшы көрөт. Бул жолу ырчынын Бириккен Араб Эмираттарында мусулмандардын ыйык мечитинин алдында түшкөн фотосессиясы кызуу талкууга алынды. Рианна талап боюнча мечитке жоолук салынып, жабык, кара түстөгү кийим кийип киргени менен, анын өтө эле ачык түстөгү макияжы, колундагы маникюру көзгө өөн учурайт. Муну байкаган интернет колдонуучулар ырчыны «мусулмандардын ыйык жерин сыйлаганы үчүн эмес, фотосессия үчүн кирген» деп нааразы болушууда. Абу-Даби шаарындагы Рианна сүрөткө түшкөн мечит эң белгилүү туристтик жайлардын бири.
Лунара Бекиева
star@super.kg