Беларусь өлкөсүнүн жарандары аталган сынакты түз алып көрсөтүүнү токтотууну талап кылып интернет айдыңында кол чогултушууда. Анткени сынакка Австриянын атынан трансвестит ырчы Кончита Вурст (өз аты Том Ньюверз) катышары көпчүлүк жарандардын кыжырын келтирген. Бойкот жарыялагандар «Мындай маданий сынактарды кичинекей балдар көрүшөт, Беларусь – үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактай билген өлкө. Трансвестит, гей, лесбиянкалар кадыр-баркы жогору сынакта өздөрүн үгүттөп жатканы «Евровидениеге» аброй алып келбейт» деп катуу капа. Кошумчалай кетсек, 1998-жылы Израилдин атынан ырдаган трансвестит Да'на Интернэ'шнел «Евровидениени» жеңип алган эле. 2012-жылы Мальмёдо өткөн сынакта финляндиялык Криста Сиегфридс ырынын соңунда бийлеп жаткан кыздардын бирин өөп, бир жыныстуу никелердин тыюу салынышына каршылыгын көрсөткөн эле. Бул жолкусунда гомосексуализмди жайылтууга каршы өлкөлөр максатына жетеби же сынакта кайра эле алардын ыры ырдалабы белгисиз.
Лунара Бекиева
star@super.kg