Жакында продюсер Константин Меладзе «белгилүү бир телеканал менен бирге «ВИА Грага» киргим келет» (Хочу в «ВИА Гру») аттуу долбоор ачып, топту кайра түзөм» деген болчу. Ага атаандашып мурунку «ВИА Гранын» экс-продюсерлеринин бири Дмитрий Костюк өзүнчө ушундай эле аталыштагы топ ачып, эл менен тааныштырганга үлгүрдү. Костюк «ВИА Гра» деген брендди сот аркылуу өзүнө өткөрүп алган. Бирок Меладзе Костюкту «ВИА Гра» деген брендди колдонбой жатат» деп айыптап, соттон анын брендге ээлик укугунан ажыратууну суранган эле. Бирок сот ал суранычты канааттандырган эмес. Эми минтип Костюк өзүнчө, Меладзе өзүнчө топ ачып, жарышка түшкөнү жатышат.
Лунара Бекиева
star@super.kg