Апасынын эркеси, ырчы Малика Дина жаңы темир тулпарлуу болуп, шаардын көчөлөрүндө ызгыта айдап жүргөн убагы. «Алганыма бир эле саат болду, апам да көрө элек, биринчи силер көрүп жатасыңар» деген ырчынын сүйүнүчүндө чек жок. Куттуу дөөтү менен куттуктап, ырчы кыздын темир тулпары менен шаарды айланып жүрүп маек курдук.
Үлгүсү – Ауди
Модели – А6
Өңү – Кочкул көк
Чыгарылган жылы – 2008
Кыймылдаткычынын көлөмү – 3200 см3
Чыгарган өлкө – АКШ
Сатып алган баасы – 32 миң доллар (өзүнүн айтуусу боюнча)
– Куттуктайбыз, Малика, темир тулпарың кут болсун!
– Рахмат, силерге биринчи жолу айдап келатам. Жаңы алгангабы, ылдамдыкты өтө ашырбай абайлап жүргөн кербезим. Азыр силерге келатып тыгында калбадымбы, аябай ачуум келди. Негизи, тыгындарга чыдабайм, чыйпылыктап башка жол издеп чыгып кеткенге шашам.
– Бул машинанын эмнесин жактырдың?
– Интерьери аябай жакты, жумшак, отурсаң ыңгайлуу, акустикасы сонун, бара жатып музыканы бийик коюп алып бийлеп кетсең болот. Мен өзү машина менен «ооруйм» десем болот. Тез-тезден алмаштыра берем. Кичинемде деле толтура куурчактарым турса, машина менен ойночумун. Эгер мага бир үй толтура кийим же машинаны танда десе, эч нерсени карабай темир тулпарды тандамакмын. Дагы бир Mercedes-Benz W211 үлгүсүндөгү машина жагып калды, муну бир аз айдап, анан ошону алам го (күлүп).
– Жакында эле биринчи унаам деп Land Rover үлгүсүндөгү Жипти ызгытып жүрдүң эле. Аны саттыңбы?
– Жок, саткан жокмун, аны да апам белек кылган. Белекке берилген буюм сатылбайт эмеспи. Экөөнү алмак-салмак айдап жүрө берем.
– Руль башкарганды канча жашыңдан өздөштүргөнсүң?
– Апам 11 жашымда кадимкидей эле машина менен жүрүп айдаганды үйрөткөн. 12 жашымда өзүмчө руль башкарып короодо, шаар четин кыдырып айдап жүрчүмүн. Айдоочулук күбөлүк менен машинага отурганыма 1 эле жыл болду, ал эми айдоочулук күбөлүгү жок 6 жыл айдап жүрдүм, жакшы эле тажрыйбам бар, кыскасы.
– МАИчилерге «эркелейсиңби»?
– Ооба, кээде «эркелеп» калам. Бирок жол эрежесин көп бузбай, шаар ичинде өтө жогорку ылдамдыкта айдабаганга үйрөндүм. Кээде эреже бузуп калсам, «кандай, карындаш, сенсиңби?» деп калышат, тааныбаса «инспектор баланча баланчаев, документиңизди көрсөтүңүз» дешсе, айтышпай дароо жазып берген айып пулун төлөп келем. Тааныш, дос-туугандарга чала бергендерди туура көрбөйм, мен деле кадимки Кыргызстандын жаранымын, андыктан мыйзамда жазылган нерселерди аткарууга милдеттүүмүн.
– Көпчүлүк мырзалар айымдардын машина айдаганын мыйыгы менен күлүп кабыл алышат, сен буга кандай карайсың?
– Эркектерде ушундай ой бар негизи, «рулдагы айым – колунда гранатасы бар маймылдай эле» деген. Бирок кээ бир эркектерден жакшы айдаган айымдар бар, мисалы, менин апам. Көпчүлүк дос кыздарым айдаган жагынан мырзалардан кем калышпайт, мен да алардын биримин (күлүп). Ал эми такыр айдаганды билбеген кыздар бар, айдоочулук күбөлүктү сатып алып, бир айдан кийин эле шаарга чыгып алып тыгындарды жараткан, ошолорго күлүшөт да.
– Айымдарга руль башкаруу кандайдыр бир ишенимдүүлүктү тартуулайт дешет, сенде да ушундайбы?
– Кээ бир айымдар рулга отурганда өзүн ишенимдүү сезип калышы мүмкүн, бирок мага бир гана жумуш бүтүрүш үчүн керек. Такси менен жүрсөң андан эки эсе көп каражат кетет, андан көрө таксиге корогон акчага май куюп алып жүргөнүң каражатыңды үнөмдөйт. Кичинемден эле маршруттук такси менен жүрүп чоңойгон кызмын, коомдук транспортко түшкөндөн уялбайм.
– Бир жумада канча жолу машина жуучу жайга алпарасың?
– Муну да, мурунку тулпарымды да аябай аяйм, кичине бир жери чийилип калса да адистерге көрсөтөм. Жуудурганы бир жумада 4 жолу алпарам. Негизи, машинаны «дөөтү колдойт» деп коёт го, мен ушул кезге чейин бир да кырсыкка учурап же алыс жолдо калган эмесмин, ошонусуна рахмат. Машина деле өзүнө көңүл буруусун каалайт да. Бир жолу кышында апам машинасын жүргүзө албай койду, мен «апа, машинаңыз сизге таарынып калган окшойт» десем, «жаным менин, кара жаным менин, жүрүп койчу» деп жалдырап жатпайбы, боорду эзип. Бир аздан кийин машинасы жүрүп кетпедиби.
– Кээ бир мырзалар машинасын аялынан да жакшы көрүшөт дешет...
– Ха-ха, ооба, бизде теңме-тең болот го бул жаатта, анткени мен күйөөмдөн калышпай жакшы көрөт болушум керек машинамды. Эгер экөөбүз бир машинада отуруп «мен чарчадым, сен айдачы» деп суранса «без проблем» айдап кете берем. Бирок эркек кишиден эч качан руль талашпайм.
– Жол чырактын алдында токтоп турганыңда таанып калган жигиттер тийишеби?
– Билесизби, мен эле эмес, бул абалды көп кыздар түшүнсө керек. Токтоп калсаң ышкырып, «таанышып албайлыбы?» деп кыйкырышат. Бир жолу жол чырактын алдында курбу кызым экөөбүз токтоп турганбыз, терезе ачык болчу. Бир балдар ичинде суу толтура шарикти мага ыргытып жиберишти. Бүт кийимим суу болуп калды, жиним келгенин айтпаңыз, ойлоду окшойт бизге жетпейт деп. Жетип барып машинасын токтоттум, түшүп кечирим сурашты, «айтканыңарды кылабыз» деп туруп беришти, анан мен «БЧКга секиргиле» дедим. Коркуп кетишти «Сиз эмне-е? Жок, жок, кечирип коюңузчу» дешти. Анан «макул, экинчи кайталанбасын» деп коё бергенбиз.
КЫСКАЧА...
– Ылдамдыкты сүйөсүңбү?
– Ооба, шаар четинде 100-120 чакырым ылдамдыкта айдайм.
– Кандай ырымдарды колдоносуң?
– Апам берген теспе бар. Негизи, ырым-жырымга жакын эмесмин.
– Машинаны өзүң айдаган жагабы же айдоочуң болгону жакшыбы?
– Мен машинамды эч кимге ишенип тапшыра албайм. Өзүм гана айдайм.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg